ОПЕК логотиби жана оюнчук мунай казуучу станция. Архив

Мунай мунасасы: жаңы келишим жалпыга тегиз пайдалуубу?

(жаңыланган 14:44 03.11.2020)
ОПЕК+ келишимине катышкан өлкөлөрдүн 6-июндагы жолугушуусунун жүрүшүндө мунай өндүрүүнү кыскартуунун биринчи мөөнөтүнүн жыйынтыктары чыкты. Натыйжасын РФ Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы серепчиси Игорь Юшков талдап көргөн.

Азыркы келишим, ОПЕК+ 2.0 деген да аталышы бар, апрелдин ортосунда G20 ("Чоң жыйырмага" мүчө өлкөлөрдүн тобу — ред.) жана ОПЕК+ келишимине катышкан өлкөлөр ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлгөн. Ошондо мунай казууну суткасына 9,7 миллион баррелге кыскартуу чечими кабыл алынган. Андай чечим коронавирустун кесепетинен мунайды пайдалануу көлөмү кескин түшүп кеткендиктен, аргасыз чара эле. Дээрлик дүйнөдөгү бардык өлкөлөр инфекцияны жайылтпоо үчүн бирдей чараларды көрдү. Бири-бирине жуктурбашы үчүн адамдардын кыймылына чектөө киргизилген. Натыйжада, жер жүзүнүн булуң-бурчунда учактар учпай, автомобилдер жүрбөй, өндүрүш токтоп калган. Андан улам күйүүчү майды пайдалануу азайды. Ал эми мунайды казуу мурдагы, карантинге чейинки деңгээлинде эле. Ал аз келгенсип, мунай өндүрүүнү кошумча кыскартуу маселеси Россия менен Сауд Аравиясынын ортосунда пикир келишпестиктерди жараткан. 2020-жылдын экинчи кварталына ОПЕК+ келишими бузулгандай эле болгон.

ОПЕК+ келишиминин катышуучуларынын 4-6-марттагы жолугушуусунда Сауд Аравиясы ошол квоталарга тиешеси бар катышуучулардын баарына мунай өндүрүүнү дагы 1,5 миллион баррелге кыскартууну сунуштаган. Буга Кытайдагы мунайга суроо-талаптын токтошу себеп болгон (марттын башында карантиндик чаралар негизинен Кытайда киргизилген, Европада андан кийин башталды). Россия ошол убакта өндүрүштү кыскартпай, кырдаалды байкап турууну ылайык көргөн. Анткени Кытайда карантин канчага созулары, вирус бөлөк өлкөлөргө жайылып-жайылбасы түшүнүксүз эле.

Март айындагы ОПЕК+ келишимине мүчө өлкөлөрдүн ийгиликсиз жыйынынан кийин Сауд Аравиясы "баа согушун" баштаган: королдук сатып алуучуларга мунайды кыйла арзан баада берип, 1-апрелден (мурдагы келишимдердин мөөнөтү ошол күнү аяктаган) тарта мунайды казууну суткасына 2 млн. баррелге көбөйтөрүн жарыялаган. Келишимдин башка катышуучулары да эркин аракетке өтүп, өндүрүш көлөмүн жогорулатууга даярданган. Соңунда дүйнө эки нерсеге кабылды: мунайды пайдалануу көлөмү төмөндөй берди, ал эми мунай казууну көбөйтүү рынокту солгундатып, баанын кескин түшүшүнө алып келди. Дал ошондон улам ОПЕК+ 2.0 жаңы келишими түзүлгөн.

Бул келишимдин баштапкы мөөнөттөгү чыныгы максаттарын аңдап билүү үчүн жогоруда айтылгандар абдан маанилүү. Март-апрелде мунай пайдаланылгандан ашкере өндүрүлүп отуруп, дүйнөдөгү мунай сактагычтар толуп калуу коркунучуна кептелген. "Ашыкча" мунайдын баары ошол жактан агылган. Сунуштун көлөмү суроо-талаптан суткасына 20 миллиондон 30 миллион баррелге чейин айырмаланган. Ошондуктан ОПЕК+ жаңы келишими мунай сактагычтардын толуп калышына жол бербөө үчүн биринчи кезектеги милдетти көздөгөн. Кырдаал эң жаман нукка бурулса, өндүрүштү ОПЕК+келишиминдеги шарттарга караганда кыйла кыскартууга аргасыз болушмак, мунай баасы да өзүн актабагандай деңгээлге түшмөк.

Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн азыркы келишими 2016-жылы түзүлгөн ОПЕК+ биринчи келишиминен бир топ айырмаланат. Ал убакта өндүрүш көлөмүн жөнгө салуу бааны жогорулатууга багытталган. Кеңейтилген картелге мүчө өлкөлөрдүн эч бирин, анын ичинде Россияны да бул пикир ынандыра алган эмес.

Мунай пайдалануу да, баасы да калыбына келүүдө

Июндун башында мунай сактагычтардын толуп калуу тобокели алдаканча азайды. Азыр иш жүзүндө мындай сценарийди эч ким караган жок. Ошол себептен, азыркы форматтагы ОПЕК+ келишими өзүнүн биринчи милдетин мөөнөтүнөн эрте аткарды. Себеби уюм май-июнь айларында мунай казган мамлекеттер мунай өндүрүшүнүн көлөмүн болушунча кыскартат, ал эми 1-июндан тарта аз-аздан көбөйтө алат деп болжогон. Май-июнда суткасына 9,7 млн. баррелге, июль-декабрь айларында 7,7 млн. баррелге, 2021-жылдын апрелине чейин 5,8 млн. баррелге кыскартылары күтүлгөн.

Бирок ОПЕК+ келишими дайым кырдаалга жараша аракетте болгон. Ага кол койгон өлкөлөр мезгил-мезгили менен чогулуп, мурдагы чечимдерине оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизет. Бул жолу да ошондой эле болду. ОПЕК+ өндүрүштү максималдуу кыскартуу мөөнөтүн июлга чейин узартууну эп көрүштү. Бирок буга мунай сактагычтардын толуп калышына жол бербөө аракети себеп эмес. Учурда кара алтынды керектөөнүн калыптануу ыргагы дурус. ОПЕК+ мүчө мамлекеттер бааны өстүрүүнүн эске стратегиясына кайтууда. Июль айына карата максималдуу кыскартуу келишимин узартууну Сауд Аравиясы талап кылган. Королдук мунай баасы аларды толгонтпой турганын, эң эффективдүү өндүрүшчү экенин жар салса да, акыркы айлар уюмга мүчө мамлекеттерге караганда баанын жогорулашына Сауд Аравиясы көбүрөөк муктаж экенин айгинеледи. Себеби эл аралык валюта фондунун баамында, мунай баррели 80 доллардан ашканда гана саудиялыктардын бюджети таңсыксыз толот. Аталган мамлекетке АКШ да кысым кылууда, бул державага мунай баасынын жогорулашы өздөрүнүн сланецтик мунай өндүрүшүн куткаруу үчүн зарыл.

Бир баррели 30 доллар болуп турганда бул долбоорлордун дээрлик баары кирешесиз. АКШда ушул тапта мунай казуу азайгандан азаюуда. Өндүрүш суткасына болжол менен 2 млн. баррелге кыскарды. Болгондо да бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, экономикалык себептер ушундай абалга аргасыз кылууда.

Россия максималдуу кыскартуу мөөнөтүн узартууга бир нече себептерден улам макул болду. Биринчиден, бюджет үчүн баанын өсүшү пайдалуу, анткени пайдалуу кендерди казууга экспорттук төлөм жана салык дал дүйнөлүк баага жараша эсептелет. Мунай канчалык кымбат болсо, бюджетке ошончолук көп каражат түшөт. Албетте, өндүрүш компаниялары көбүрөөк өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгусу келет, себеби баанын үстөгүн көбүнесе төлөм жана салык түрүндө мамлекет алып коёт.

Экинчиден, март айындагы кырдаалга кайрадан тушукпоо үчүн Россия Сауд Аравиясы менен тирешке баргысы келбеди. Ошол убакта ОПЕК+ келишиминин бузулушу баанын кескин төмөндөшүнө алып келген. Коронавирустан кийин экономиканы калыптандырууга көп каражат талап кылынат, ошондуктан Россия бийлиги бюджеттин кирешесин тобокелге салгысы жок.

Жалпысынан постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөр ОПЕК+ азыркы келишиминен утат. Казакстан жана Азербайжанга өндүрүш көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнөн да тез арада кара алтындын баасынын өсүшү маанилүү. Беларуска да мунайдын кымбат болушу зарыл. Өлкө россиялык мунайды кайрадан көп өлчөмдө сатып ала баштады, бул анын мунай өндүрүүчү заводдорун толук ишке киргизүүгө мүмкүндүк түзөт. Кара алтындын кымбатташы Европада мунай өндүрүмдөрүнүн өсүшүн шарттаары турган иш. Бул бөлөк өлкөлөргө беларустук мунай өндүрүмдөрүн экспорттоодон түшкөн кирешени жогорулатат.

Ошол себептен, ОПЕК+ келишими, бааны бийик кармап туруу максатында мунай өндүрүүнү максималдуу кыскартуу мөөнөтүн узартуу жалпысынан бардык мамлекеттер үчүн пайдалуу. Ал эми мындай чечимге каршы чыккан мунайчы компаниялар каржылык запастары болгондуктан, көп деле зыян тартпайт.

Белгилер:
чыгаша, киреше, экономика, бюджет, ОПЕК, Россия, Сауд Аравиясы, нефть, мунай
Тема боюнча
Дүйнөдө нефтинин баасы бир ай ичиндеги рекордун койду
Орус-араб күчүнө каршы чыккан АКШ революциясы тизелеп калдыбы
Беларустун ички иштер министрлигинин кызматкерлери.Архивдик сүрөт

ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды

(жаңыланган 03:18 18.04.2021)
Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.

Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.

"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.

Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.

Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.

Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.

Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Өлтүрүү, ФСБ, Александр Лукашенко, Россия, Беларусь
Тема боюнча
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады
Военнослужащий войск НАТО во время учений в Латвии

"НАТОнун иши": россиялык чек араларда эмне башталмакчы? Сереп

(жаңыланган 20:11 17.04.2021)
Крымдын чектерин абадан чалгындоо, Кара деңиздеги НАТО кемелери, масштабдык окуулар жана АКШдан Украинага жеткирилген сырдуу жүктөр...

Соңку күндөрү түндүк атлантикалык альянс Чыгыш Европада кескин түрдө активдешти. Бул Киев тарабынан Донбасска чектешкен жерге аскердик бөлүк жана техниканы алпарууга, ошондой эле өлкө ичиндеги россиялык күчтөрдү жайгаштырууга болгон реакция экенин эч ким жашырбайт. Аталган чек араларда эмне болуп жатканын Андрей Коц талдап көргөн.

Фронттун үстүнөн көз салган учкучсуздар

Донбасста кырдаал дагы курчугандан бери НАТО өлкөлөрүнүн авиациясы бул жакта көп пайда боло баштады. Чектешкен жерде дайым асмандан RQ-4 Global Hawk дрон-чалгынчылары айланып, Донбасс эл республикасы, Луганск эл республикасынын армияларынын даярдыгына көз салууда. Анан, албетте, учкучсуздар менен тартылган сүрөттөр заматта киевдик жетекчилердин столуна жетери бышык. Украина куралдуу күчтөрүнүн өзү да абадан чалгындоону активдештирген. Элдик кошуунчулар Түркиядан сатып алынган Bayraktar TB2 сокку уруучу дрондорун дароо байкашкан. Жердеги буталарга чабуул коюшкан эмес, учкучсуз аппараттардын операторлору азырынча согуштук аракеттердин потенциалдуу театрын гана изилдөөдө.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ушул типтеги алты дрону бар. Дагы кошумча аппараттарды сатып алууга келишимге президент Владимир Зеленскийдин Түркияга болгон жакындагы эле иш сапарында кол коюлган. Мындан сырткары, батыш авиациясы дээрлик күн сайын Крымдын жээктерине байкоо салат.

Кара деңиздин бейтарап сууларын британиялык жана америкалык Boeing RC135W жана Lockheed P-3Corion радиоэлектрондук чалгындоо учактары, ошондой эле P-8Aposeidon айланат. Алардын негизги милдети – Кара деңиз флотунун кемелеринин багытына баам салып, жарым аралда уюштурулган аскердик топтордун абадан коргонуу позицияларын ачыктоо.

Сырдуу жүктөр

НАТО чөлкөмдө аскердик-деңиз күчтөрүн да бекемдөөдө. Апрелдин аягына дейре Кара деңизге АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн эки ракеталык эсминеци келүүгө тийиш. Пентагондун расмий версиясы боюнча кемелердин келиши "кадыресе мүнөздө". Бирок Кремль ага карата кескин көз карашта. Бул эсминецтер элүүдөн ашуун "Томагавк" канаттуу ракеталарын ташып жүрсө да таң калып болбойт.

"Кошмо Штаттардын Кара деңизде аскердик активдешүүсү, анын ичинде кемелери байма-бай өтүүдө, — деп белгилейт Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров. — Азыр бул абдан өзгөчө өжөрлүк, агрессивдүүлүк менен коштолууда. Россия Федерациясы Украинага чектешкен жерде эмне кылууда деп суроо салышууда. Жооп жөпжөнөкөй, биз ал жакта жашайбыз, бул биздин өлкө. Украинада НАТОнун алкагында ар кандай иш-чараларды уюштурган аскер кызматкерлери кемелери менен Кошмо Штаттар бул аймактарда – өз территориясынан миңдеген чакырым аралыкта эмне кылып жүрөт? Бул соболубуз жоопсуз калууда".

Ушундай эле дагы бир бүйүр кызыткан суроого жооп боло элек: Киевге АКШнын аскердик-аба күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учактары ташып жаткан жүк эмне? Адистер FlightRadar интернет-сервисинин көрсөткүчтөрүнө көңүл бурушат, анда "АКШ, Германия жана Прибалтикадан учуп чыккан америкалык C-17 жана C-130 Борисполь аэропортуна конуп, жүгүн түшүрүп, кайра учуп кетип жатышканы" боюнча маалымат камтылат. Аскердик эксперт Алексей Леонковдун пикиринде, Украинага Вашингтон радиоэлектрондук күрөш комплекстерин жеткирүүдө, бул Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тез арадагы чабуулунан кабар бериши мүмкүн. Ал АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн "Чөлдөгү бороон" операциясындагы тактикасын мисалга келтирди. Ошондо жаңжалдын алгачкы күндөрү америкалыктар Саддам Хусейндин армиясына көз ачырган эмес.

Ушундай эле версия Донбасс эл республикасынын жетекчилигинин жакындагы эле билдирүүсүндө да кездешет. Анда аймакка аскердик техникалардын жапырт алып келинип жатканын жашыруу үчүн украиналык күчтөр ЕККУ (Европа коопсуздук-кызматташтык уюмунун) миссиясынын учкучсуздарынын башкаруу каналдарын жана GPS датчиктеринин сигналдарын басаңдатып жатканы айтылат. Анткен менен Россия да буга кол куушуруп отуруп калбайт.

"Эгер кырдаал курчуп кете турган болсо, албетте, биз өзүбүздүн жана жарандарыбыз кайда жүрүшпөсүн, коопсуздугун камсыздай турганыбыз шексиз, — деп белгилейт Россия ТИМ орун басары Сергей Рябков. — Мындай болжолдуу тирештин кесепетине жоопкерчилик толугу менен Киевде жана анын Батыштагы кураторлорунда болот. АКШга да биз Крымдан, Кара деңиздеги биздин жээктерден алыс турууну эскертебиз. Бул алардын өзүнө эле жакшы".

Машыгууларга даярдык

Россиялык чек араларга жакын батыш өлкөлөрүнүн күчтөрүнүн активдешүүсүнүн дагы бир себеби — НАТОнун Defender Europe 2021 машыгууларына даярдыгы. Ал келерки айдын ортосунда башталат. Окуулардын уламышына ылайык, НАТОнун күчтөрү Калининград областын алып, Россиянын батыш областтарын бөгөттөп, ошондой эле "орустардын жапырт чабуулунун" мизин кайтарышмакчы.

Мурдагы жылдардагыдан айырмаланып быйыл Чыгыш эмес, Түштүк Европага өзгөчө көңүл бурулат. Машыгуулар Черногория, Косово жана Албанияда өткөрүлмөкчү. Болгария жана Румынияда абадан коргонуу жана "жер – жер" классындагы ракеталар менен атуу боюнча машыгышат. Ал эми Венгрия бекем тыл болмокчу. Бул жылкы аскердик окууларга украиналык аскер кызматкерлери да катышат.

Америкалыктар Европага бир топ күчтү, анын ичинде 1-кавалериялык жана 82-аба-десанттык дивизиянын бөлүктөрүн алып бармакчы. Атлантика аркылуу ар кыл багыттагы аскердик техниканын жүздөгөн бирдигин жеткирет. Булардан сырткары Флорида штатынан 53-пехоталык бригадасын да катыштырат. Мурдагы машыгууларда адат болуп калгандай эле бул ирет да куралдардын бир бөлүгүн америкалыктар Европада "унутуп калары" ажеп эмес. Адистердин көз карашында, Пентагон ушундай амал менен жыл сайын чөлкөмдө чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүдө.

АКШнын Европадагы Кургактагы күчтөрүнүн расмий сайтында жарыяланган пресс-релизде быйылкы окуулар АКШнын НАТОдогу союздаштары жана өнөктөштөрүнүн ортосундагы стратегиялык жана ыкчам даярдыкты жана өз ара аракетти жогорулатууга багытталганы айтылат. Машыгуулар үчүнчү өлкөлөргө коркунуч туудурбай турганы баса белгиленет. Бирок Defender Europe 2021 окууларынын Россияга каршы күн тартиби айдан ачык.

Үч тараптуу байланыш тобундагы Украинанын спикери Алексей Арестович бул туурасында "окуунун маңызы Балтиядан Кара деңизге чейинки аймакта Россия менен согушка машыгууда" экенин ачык эле билдирген. Буга жооп катары Россия менен Беларусь сентябрда "Батыш – 2021" окууларын өткөрөрү турулуу иш. Мурда Беларусь коргоо министри Виктор Хренин билдиргендей, "чогуу машыгуулар жогорку урбанизацияланган жерлерде бирдиктүү штурмдук бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринин жаңы ыкмаларын сыноого", ошондой эле "курал жана техниканын жаңы жана заманбап үлгүлөрүнүн майнаптуулугун баалоого" мүмкүндүк берет.

РФ коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, азырынча аталган өлкөнүн батыш чек араларына аскердик даярдыгын текшерүү алкагында эки армия жана аба-десанттык күчтөрдөн үч бирикме жеткирилген.

Белгилер:
Аскер, курал, Донбасс, Украина, машыгуу, Пентагон, чек ара, Россия, АКШ, НАТО
Тема боюнча
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"
"Чогуу жооп беребиз". НАТО Россиядан сырткары кимден кооптонот?