"Триумфалдык" келишим: Түркия С-400дү алары бышыкталды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүС-400 "Триумф" зениттик ракеталык системалар
С-400 Триумф зениттик ракеталык системалар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошмо Штаттар жана НАТОнун курал сатып алуучуларга одоно түрдө аскерий-саясий кысым көрсөтүп, шантаж жасаганына карабастан, россиялык С-400 "Триумф" ыраактан абадан коргонуу тутуму Батыштын алыска ок атуучу аналогдорун эл аралык рыноктон сүрүп чыгарууда.

Россия менен Түркия С-400 "Триумф" зениттик ракеталык системалардын экинчи полкун тапшыруу боюнча принципиалдуу макулдашышты. Бул келишимге аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салды.

Түркия Республикасынын коргоо өнөр жай катчылыгынын башчысы Исмаил Демир 8-июнда: "Бизде С-400 экинчи комплекти боюнча принципиалдуу келишимибиз бар. Технологияны жеткирүү, биргелешкен өндүрүштүн чоо-жайы жана жол картасы боюнча техникалык иштерди аягына чыгаруу зарыл... С-400 системасы пайдалануу үчүн сатып алынууда. Башка сөздүн кереги жок", - деди.

Ошону менен бирге эле Анкара Patriot жана Eurosam өңдүү америкалык жана европалык зениттик-ракеталык комплекстерин (ЗРК) сатып алуу сунушун да кароодо. Исмаил Демирдин маалыматтарына таянсак, Eurosam боюнча Франция менен Италиянын өз ара мамилеси жетишерлик конструктивдүү көрүнөт. Америкалык өнөктөштөр менен Patriot жөнүндө чечимге азырынча келише элек.

Россиянын аскер кызматкери машыгуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда
Россия жана Түркия 2017-жылы С-400 "Триумф" ЗРС тапшыруу боюнча келишимге кол койгон, контракттын баасы 2,5 млрд долларды түзгөн. Бул америкалык-түрк мамилелерин олуттуу туңгуюкка салган. Вашингтон Түркияны санкциялар, америкалык F-35 истребителдерин өндүрүү программасынан чыгаруу менен коркута келишимден баш тартууну талап кылып, тек гана америкалык Patriot комплекстерин сатып алууну таңуулаган.

Анкара АКШнын кескин талаптарын аткаруудан баш тартып, 2019-жылдын жайында С-400 зениттик ракеталык системалардын төрт дивизионун (биринчи комплектин) алган.

Түрк президентинин расмий өкүлү Ибрагим Калын быйыл 30-апрелде коронавирустун айынан С-400 ЗРС тапшырылышы убактылуу токтотулганын билдирген. Батыштын айрым байкоочулары ошондо пандемия Анкаранын Абадан коргонуу багытындагы Москва менен аскердик-техникалык кызматташтыкты улантуудан баш тартышына ыңгайлуу шылтоо деп баа беришкен. Бирок түрк тараптын пландары өзгөргөн эмес, экинчи комплектинин (полктун) тагдыры чечилген. Анкара кеминде эле дагы "Триумф" зениттик ракеталык системалардын төрт дивизионун, ал эми Россия 2 млрд доллар алат.

"Триумфалдык" аргасыздык

Азыркы окуялардын баары Patriot ЗРК эл аралык рынокто утулганын, Вашингтондун кадыр-баркы түшкөнүн жана америкалык аскердик-өнөр жай комплексине рикошеттик каржылык сокку болгонун билдирет. Бирок бул – Түркия жана Россиянын көйгөйү эмес, жогорку технологиялык мелдештин жыйынтыгы.

Анкара өлкөдөгү маанилүү объектилерди калкалоо үчүн ынанымдуу жана заманбап Абадан коргонуу тутумдарын түзүүгө ниеттенет, максатына да дээрлик жетти. "Триумф" С-400 зениттик ракеталык система аэродинамикалык жана баллистикалык (гипер үндүүлөрүн да кошо) объектилерди жок кылуу үчүн түзүлгөн, кыбыр эткенди 600 чакырымга чейинки аралыктан табат, бутаны 400 чакырымга чейинки радиустан, душмандын учактары менен авиациялык кыйратуучу каражаттар колдонулганча эле жок кылат.

С-400дүн башкы артыкчылыгы – радиолокациялык станциянын айланта көрүүсү, ракеталардын төрт тибин пайдалануунун ийкемдүүлүгү жана мүмкүнчүлүгү (көп деңгээлдүү Абадан коргонууну түзүү). Ракеталардын ар кыл түрүн колдонуу жетүүгө мүмкүн болгон 5 метрден 30 чакырымга чейин бийиктик диапазонундагы жана 400 метрден 2 чакырымга чейин ыраактыктагы аскердик авиацияны, учкучсуз, канаттуу, тактикалык жана баллистикалык ракеталарды жок кылууга мүмкүндүк берет.

Открытие 10-й международной выставки Russia Arms Expo - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал
"Триумфтун" бир батареясынын 72ге чейин ракетасы болот, 36 чакты бутаны жок кыла алат. С-400 тутуму ар бөлөк типтеги ЗРК (С-300, Панцирь-С1, Тор-М1) интеграциялоого, ар кандай ыраактыкта радиоэлектрондук өз ара таасир этүү жана аба ырайынын шарттарында абадан коргонуу каражаттар түйүнүн башкарууга жөндөмдүү.

Анкарага жакын жерде өткөн сыноодо С-400 системасы радиолокациялык станция иштеген аймактын чек арасында – 600 чакырым аралыктан төртүнчү муундагы F-16 Fighting Falcon истребитель-бомбалоочу учагын кармап, бутанын жок кылуу аймагына киришине чейин ракетаны жөнөтүп калууга даярдыкта турган.

Аскердик нөөмөт режиминде, абадагы буталарды табуу жана жок кылуу убакытты автоматтык түрдө үнөмдөө үчүн жүргүзүүдө душмандын F-16 тибиндеги истребителдери Анкарадан 400 чакырым жерде кыйратылган. Болбосо, F-16 Fighting Falcon машиналары Батыштын негизги аба күчтөрү болуп эсептелет эмеспи. Балким, заманбап америкалык F-35 истребители С-400 радарына чейин жакындашы ыктымал, ошентсе да ошол эле 400 чакырымдык кыйратуу зонасында өз ракетасын алат.

Учурда Пентагонду Түркиянын АКШнын "көзгө чалдыкпас" аскердик учактарын таап жана атып түшүрө алчу "триумфалдык" жөндөмү өтө түйшөлтүүдө. Анкара стратегиялык союздашы бойдон калары анык, бирок америкалык курал-жарак гана колдонулат деген миф жайылганы – ыза кылат, кооптуу жана чыгымга дуушар кылат.

Атаандаштык чөйрө

Кыйратуунун ыраактыгы, таамайлыгы жана бийиктик диапазону боюнча С-400дүн аналогу жок. Маалымат каражаттары "Триумф" менен орточо ыраактыктагы Patriot ЗРКны салыштырууга кынык алышы таптакыр орунсуз. Эки системанын технологиялык өнүгүшүндөгү айырма кыйла айырмаланат. Маанилүү нерседен кыска кеп.

РАС-3 MSE Patriot заманбап зениттик ракеталык комплекстери абадан коргонуу (ракетага каршы) күчтөрүн жана тактикалык деңгээлде аскердик объектилерди камсыз кылат. Patriot системасынын бутаны табуу аралыгы 180 чакырымдан ашык. 20 чакырымдык бийиктик чеги менен 33 чакырымга чейинки аралыктан жок кыла алат.

Байкоосунун бир багыттуу бурчу – 90 градус, америкалык комплекстеги радиолокациялык станциясынын нурлануу диапазону ракеталарды багыттоонун жогорку тактыгын камсыздабайт.

Бутанын пайда болушуна реакция кылышы 15 секундду алат, бул өтө жай. ЗРК бир убакта 8 бутага чейин атып түшүрө алат, ракеталарды учуруу аралыгы – 3 секунд.

Курал кымбат, натыйжасыз, саудиялык өнөктөштөр согуштук кырдаалда буга жакында эле, абага кое берилген "Патриоттор" учкучсуздардын чабуулунун мизин кайтара албай калышканда, күбө болушту.

Коалиция-СВ өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү - Sputnik Кыргызстан
"Коалиция-СВ" – кубаттуу техника. Жаңы артиллериянын артыкчылыктары
Исмаил Демир кеп кылган европалык консорциумдагы Eurosam зениттик ракеталык комплекси маршта Абадан коргонуу күчтөрү, абадан кол салуу каражаттары (тактикалык ракеталар, учактардын бардык түрү, учкучсуз аппараттар) жапырт колдонулган учурда маанилүү стационарды объектилерди калкалоо үчүн багытталган.

EUROSAM Land system тышкы көрүнүшү жана алгоритмдери америкалык Patriot ЗРК менен окшошуп кетет. "Европалык" убактысы боюнча шамдагай, атуу ыргагы да ыкчам (10 секундда – 8 ракета), бийиктикте бутаны кыйратуу аралыгы – 25 чакырым. 360 градуста ок атат, бирок абадагы бутаны табуу жана жок кылуунун максималдуу ыраактыгы 100 чакырымга чейин болушу менен бул артыкчылыктарынын баары экинчи планга чыгып калат.

Жыйынтыктасак, ЗРК Patriot жана Eurosam россиялык "Триумф" менен атаандаша албайт, орточо радиустагы аракеттеги абадан коргонуунун негизин түзүшү мүмкүн, бирок россиялык алыска атуучу системалардын ордун баса албайт.

АКШнын олку-солку болгон жыйырма жылдык тышкы саясатына, союздаш жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын бой көтөрүү менен тоготпогонуна карасак, Түркия менен болгон бул жагдай толук мыйзам ченемдүү көрүнөт.

Эске салсак, НАТОнун мүчөсү болгон Түркия башында Patriot зениттик ракеталык комплексин гана сатып алууну пландаган, бирок америкалык өнөктөштөр бир топ жыл "ойнотуп" келген. Баа-баркы көтөрдүбү, же аба соккуларынын корголбогон Анкара Вашингтонго майдай жакты беле, айтор, жакшы эле нары-бери кылды. Тегин жерден президент Режеп Тайип Эрдоган С-400 системасын сатып алышын "Түркиянын тарыхындагы эң маанилүү келишим" деп атаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0