Красногорскто тартылган граффити. Архивдик сүрөт

Вирусолог: COVID-19 алсызданып бара жатат

547
(жаңыланган 11:02 11.06.2020)
Мындай көрүнүштү илимий жактан түшүндүрүп берүү зарыл болгондуктан, адистер 1-15-мартта вирус жугузуп алган 100 бейтапты жана майдын экинчи жарымында ооруп калган 100 кишини иликтеп көрүштү.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Коронавирус акырындык менен алсызданып бара жатат. Убакыттын өтүшү менен ал респиратордук илдеттердей эле жеңил кабыл алынып калат деген пикирин италиялык вирусолог, Миландагы Vita-Salute San Raffaele университетинин проректору Массимо Клементи айтканын РИА Новости жазды.

"Май айында эле италиялык дарыгерлер илдет мурдагыдай курч мүнөздө болбой калганын байкаган. Бул жерде вирусту жуктургандардын санынын азайышы эмес, жуктуруп алгандардын ичинен басымдуу бөлүгү аны сасык тумоо сыяктуу жеңил көтөрө баштаганы тууралуу сөз болуп жатат. Көпчүлүгү үй шартында дарыланышты", — деди Клементи.

Мындай көрүнүштү илимий жагынан түшүндүрүп берүү зарыл болгондуктан, адистер 1-15-мартта вирус жугузуп алган 100 бейтапты жана майдын экинчи жарымында ооруп калган 100 кишини иликтеп көрүштү.

"200 адамдын бардык анализдерин карап чыккан учурда, март айында ооругандардын канындагы вирустун организмге терс таасир этүү жөндөмү күчтүүрөөк болгону байкалды. Коронавирус табиятында организмде калып калууга болгон аракетин жумшайт экен, бул үчүн ал мутация боло берет. Ошонун аркасы менен алсырап, мурдагыдай агрессивдүү болбой бара жатат", — деди окумуштуу.

Адистин айтмында, жакынкы келечекте коронавирустун бардык түрлөрү адам баласына грипп сыяктуу эле кабылданып калышы толук мүмкүн.

547
Белгилер:
грипп, мутация, Окумуштуулар, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1168)
Тема боюнча
Бир суткада 10 медик коронавируска чалдыгып, 18и айыгып чыкты
Коронавирустан 58 бейтап сакайды
Таласта COVID жуктурган медик. Эми жолдошу менен кошунасынан вирус аныкталды
Тойдогу меймандар. Архивдик сүрөт

UFC мушкери Дагестандагы үлпөт тойду массалык мушташка айлантып салды. Видео

77
(жаңыланган 11:38 03.12.2020)
Жаңжалдын чыгышына спортчунун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас экени айтылды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. UFC уюмунун россиялык мушкери Гаджимурад Антигулов Дагестанда үлпөт тойдо мушташты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Маалыматка ылайык, жаңжалдын чыгышына Антигуловдун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас абалда экени айтылды. Башка столдорго арак-шарап коюлган эмес. Тойдогулар мушкерди ичимдикти алып салууга чакырган. Көп өтпөй мушкер коноктордун бирине тап берип, мындан улам массалык мушташ чыгат.

Видеодон көрүнүп тургандай, баласын жетелеген Расул аттуу киши спортчунун жанына эки ирет келип, аны тынчтантууга аракет кылган. Алар бир пикирге келип, кол алышканын да көрүүгө болот. Көп өтпөй түшүндүрүү үчүн кайра келген Расулга Антигулов кол көтөргөндө, ал UFC мушкерин сулата чабат. Спортчуну жандагандар Расулга чабуул жасап, массалык мушташ башталат. Мушкердин жанындагылардын бири чөнтөгүндөгү тапанчасын да алып чыккан.

33 жаштагы Гаджимурат Антигулов ММА спортунда 28 беттешке чыгып, анын 20сын уткан. Мушкер 2017-жылдан бери UFC промоушенинде беттештерге чыгып келет. Акыркы ирет ушул жылдын октябрь айында Абу-Дабиде өткөн мелдеште мекендеши Максим Гришинге жеңилип калган.

77
Белгилер:
той, үлпөт, мушкер, UFC, Дагестан
Тема боюнча
UFC Макгрегор менен Порьенин беттеши өтө турган күндү расмий бекитти
Шевченко менен Майянын кармашы. UFC 255 мелдешинен онлайн-репортаж
Жеңишине кубанып. Насаатчыларын көтөрүп чаап сүйүнгөн UFC мушкеринин видеосу
Вашингтондо АКШ желегин көтөрүп бараткан киши. Архивдик сүрөт

"Орустар максатына жетти": дүйнөлүк тоталитардык держава курулду

92
(жаңыланган 10:26 03.12.2020)
Алдыдагы төрт жылда Америка Кошмо Штаттары Россияны эмне үчүн жазалай тургандыгы белгилүү болду. Бул — түз болбосо да кыйла түшүнүктүү жагдай.

"Россия сегодня" эл аралык агенттигинин адистери тарабынан ("Осьминог 3" деген жашыруун аталышта) жарым жыл аралыгында америкалык белдүү он маалымат каражатында РФ аталган же ал туурасындагы макала-материалдар талданды. Натыйжада америкалык медиа чөйрөдөгү, демек, америкалык саясаттагы Россия жаатындагы контекст жана ал аткарган роль эми түшүнүктүү. Россияга карата мамиле, ошону менен бирге эле келечекте көрүлө турган аракеттер да болжолдуу түрдө айкын болуп калды. Дал ушунун тегерегинде РИА Новости ой калчаган. 

Кубанычтуу кабар: РФ америкалык маалымат каражаттарынын эсинде, аны жактырышат, 2016-жылга караганда көбүрөөк эстешет (макалаларда РФ ошол кезге салыштырмалуу чейрек эсеге көп айтылат). Ошол убакта "орус бейжайлыгы" жетер чегине жеткендей көрүнгөн.

Бир аз кайгылуу кабар: былтыр (2019-жылдын күз айларынан берки материалдар менен таанышууну чын дилден сунуштайбыз) мурдагы түрмөктөн эч нерсе өзгөргөн эмес. Быйыл 1-августтан 15-ноябрга чейинки Россияга тиешелүү 1227 материал арасында жагымдуу маанайда болгону жокко эсе. Бейтарап деп баалоого мүмкүн болгон макалалардын саны 46ны (мисалы, "орустар Трамптын жеңиши жөнүндө жаман хештег башташкан эмес", "жок, орустар шайлоонун жыйынтыгына таасир этишпептир", "орустар шайлоого кийлигишүүнү моюнга алышкан жок" деген өңдүү) же жалпы макалалардын төрт пайызын түзөт. Калган 96 пайызы — бул кайталоо да эмес, тек гана максаттуу аудиторияга баягы эле: "орустар шайлоого кийлигишүүдө, орустар социалдык медиада аң-сезимиңерди талкалап жатат, орустар Трампты чөктүрүүдө, орустар жалган маалыматты таркатууда" деген темаларды кайра-кайра сиңирүү аракети.

Кыязы журналисттер жана редакторлор кабинеттеринде же аралыктан отуруп алып эле өз аудиториясына кызыгуусун өлчөп да койбостон, суткасына беш ирет эптеп эле бир нерсе айтып калууга далбас ургандай болушкан. Маселен, CNN — 106 күндө 570 материал жазууга үлгүргөн.

Адатта төмөнкүдөй темалар камтылат:

  • Путин Трамп бурадарын колдоого алып, биздин шайлоого кийлигишүүнү самайт;
  • Россия биздин шайлоону үзгүлтүккө учуратууну улантат;
  • Россиялык троллдор аудиторияга таасир этүүдө;
  • Социалдык медиа орус хакер жана троллдорунун ишмердигин жетишсиз көзөмөлдөөдө;
  • Трампка добуш берүү менен күңүрт лорд Путиндин көрсөтмөсүн аткарасың ж.б.

Мунун албетте Россияга эч тиешеси жок, болгон да эмес. Бул – ар тараптуу өнүгүүдөн өтө өксүк жана тынымсыз электоралдык циклдеги массанын өлкөсү болгон АКШнын ички медиа турмушунун элементи.

2020-жыл күчкө толуп турган демократияга жаңылык киргизди: Facebook жана Twitter сыяктуу үлкөн социалдык аянтчалар өз көзөмөлүндөгү медиа мейкиндикти демократтардын талапкери Жо Байдендин пайдасына тизгиндеди. Башкача айтканда, жалган маалымат деп баалаган сайын, тагыраак, 65 ирет Трамптын оозун жап кылышкан. Мындай кадамга Байдендин бүлөсүнүн Украинадагы кылыктары туурасында жазылган эң белгилүү маалымат каражаттарына карата да жасалган. Бул багытта Twitter менен Facebook биргеликте жемиштүү иш алпарышты. New York Post басылмасына жарыяланган кенже Байдендин жоруктары туурасында демократ шайлоочулардын көпчүлүгү билбей деле калышты. Маалыматтык XXI кылымдын тоталитардык державасынын курулушуна күбө болуп жаткан элек, ал дагы алдыбызда токтоду.

Медиа мейкиндикти колго алган державалар бир эле убакта элес жаратып, ал эми демократтардын колдоосу сыйкырдуу түрдө 14 миллионго өскөндөн кийин шектенгендердин добушуна тыюу салууга киришти. Аны менен тим калбай "шайлоодо мыйзам бузулган жок, Трамп калп айтат, трампчылардын дооматтары да жалган" дегенге өтүштү. Башка эмне дей аласың буга.

Албетте, РФ АКШ президентинин администрациясынын мындан аркы аракеттерине эч кандай таасир эте албайт. Биринчиден, Америкада эч кандай "россиялык кызыкчылыкты көздөө" жок, болгон да эмес ( айрыкча республикачылардын арасында эч убакта андай көрүнүш жок. АКШда эң "россиялык" деп саясий ишмер катары Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Тулси Габбард эсептелчү. Россияны жазалабоого чакыра коем деп "орус активи" атыгып калган).

Экинчиден, Россия туурасында АКШнын саясий да, медиа же кайсы тармактагы каймактары болбосун, он жылдай убакыттан тарта Россия жөнүндө эч нерсени билбей деле турганын түшүнүү керек.

Америкалык саясатчылардын эч бири РФке каттабайт, алардын эч кимиси Москва, Питер, Екатеринбург, Сибирь жана Камчатканы көргөн эмес. Эч бири БУУдагы алдын ала даярдалган кезектеги сессиясында гана россиялык дипломаттардан тышкары орустар менен эч качан көрүшкөн эмес. Россия жөнүндөгү бардык маалыматтар алар өздөрүнө ыктаган оппозиционерлер (Путин ууландыргандан кийин керемет менен аман калган) аркылуу алышат.

Бирок албетте, бул да алардын көңүл чордонунда: бардык ички душмандары азыр ички өз улутуна топтоштурулган, биринчи кезекте дал ошолор менен күрөшөт. Жакшы жаңылык дегенибиз мына ушунда. Жогоруда саналган себептер боюнча РФке каршы аракеттенүү жана жазалоонун эң оор ыкмалары колдонуларын боолголоонун кажети жок. Ушул тапта ал жакта медиа-саясий олигархия утту. Ал өзүнүн башкы душманы катары ички атаандаштарын карайт.

Ызы-чуусу толтура, бирок натыйжасыз ыкмалар менен жеңилүү да бар. Бирок бул Россиядагы "Түндүк агым – 2" сымал ири долбоорлорго коркунуч туулбайт дегенди туюндурбайт. Анткен менен кооптуулук күч алып барат дешке да негиз жок.

Албетте, РФти башкалардын кыртышы сүйө бербейт (балким жек көрүшөт чыгар. Керек болсо дүйнөлүк гегемонду жарым саатта жок кылууга жөндөмдүү планетанын жападан жалгыз өлкөсүнөн башка эмнени күтүшмөк эле).

Бирок тоталитардык, "жеке кишинин колундагы бийлик" же "демократиялык" болобу, кадимки мамлекеттик түзүлүштөн дайым негизги душмандарын өз ичинен издеп, өз катарынан табат. Андыктан сабыр кылуудан башка арга жок.

92
Белгилер:
Дональд Трамп, саясат, Медиа, Россия, АКШ
Тема боюнча
АКШга бөгөт болгон россиялык моряктар: Петр Великий куймасындагы чагымчылдык
Демократияны алгачкылардан болуп Европа кыйратабы? Абалга сереп
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Кубатбек Боронов коронавируска кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

0
(жаңыланган 12:35 03.12.2020)
Маалыматка караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Бейтаптын коронавирус илдети өрчүп кетип, пневмонияга айланганы айтылып жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус илдетине чалдыгып, жанданыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булактары билдирди.

Ага караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Коронавирус илдети өрчүп кетип, пневмонияга айланганы айтылып жатат.

Ошондой эле ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы канааттандырарлык, туруктуу экени кошумчаланды.

0
Белгилер:
ден соолук, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус дагы 420 кишиден табылып, 400 бейтап айыкты