Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө полиция кызматкерлери Вашингтон шаарында. Архив

Америка өз баатырларына каршы. Полициядан арылгысы барбы?

(жаңыланган 12:21 12.06.2020)
Полициянын зарылдыгы канчалык? Кошмо Штаттарды майдын аягынан бери солкулдатып келе жаткан расизм жана тартип сакчыларынын кордугуна каршы нааразылык акциялары ушундай суроо жаратты.

Активисттер жана маалымат каражаттары башаламандыкты токтотуунун ар кыл ыкмасын сунуштап жазышууда. Масштабдык реформа өткөрүү, полицияны каржылоону токтотуу, ал түгүл андан такыр эле арылуудан да кеп козголууда. Мындай чаралар мүмкүн болуп-болбогонун биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Софья Мельничук териштирип көргөн.

Реформанын убагы

Демократтар конгресске укук коргоо органдарынын кызматкерлерине соттук териштирүүнү жеңилдете турган мыйзам долбоорун сунуштады. Негизи мында кеп шектүүлөрдү кармоо убагында адам укугун бузган шартта полицияны тергөөдөн коргой турган кол тийбестик жөнүндө. Полиция кызматкерлери өз чечимине жараша күч жана курал колдонууга укуктуу, себеби америкалыктардын 43 пайыз курал кармайт.

"Системалык расизмди жана ашыкча көзөмөл чараларын жоюу боюнча бирдиктүү курс жок болгон соң реформалардын жардамы менен структуралык өзгөртүүлөргө мезгил жетти", — деп айтылат конгрессмендердин билдирүүсүндө.

Документ жакындагы эле полиция кызматкерлеринин колунан каза тапкан афроамерикалыктардын элесинин урматына "Сот акыйкаттыгы жөнүндө мыйзам — 2020" деп аталат. Мындай кадамды заманбап тарыхта "конгресс тарабынан полициянын ишине одоно кийлигишүү" деп сынга алгандар бар. Полицияны улуттук көзөмөлдөө тутумун түзүүнү боолголоп жатышат. Атап айтканда, аларды курал колдонгон ар бир учуру тууралуу отчет берүүгө милдеттендиришет. Муунтуу ыкмаларына тыюу салынат, полиция кызматкерлеринин дал ушундай кылыгынан улам Жорж Флойд курман болгон. Укук бузуучуларга карата бир жактуу мамилени жоюу үчүн тренингдерди киргизет, антпесе, эч кандай мамлекеттик каржылоо болбойт.

1977-жылдан бери аймактык жана жергиликтүү бийликтин полицияга жумшаган чыгымдары 42 миллиард доллардан 115 миллиард долларга өстү. Ал эми укук коргоо органдарынын керектөөлөрүнө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын үлүшү өзгөрүүсүз – төрт пайыздын тегерегиндеги бойдон калды.

Күч органдарын кармоонун чыгымы аз эмес. Мисалы, Остина шаарынын полиция департаменти 2012-жылдан 2017-жылга чейин бронежилет, шлем (туулга), дубинка, түтөтмө граната, газомет жана башка жабдыктарга миллион доллардан ашуун каражат сарптаган. Эль-Пасо жана Денверде да ушундай эле көлөмдө каражат жумшаган.

Полициянын толук экипировкасына (кийим, курал-жарак, электрошокер, рация, бронежилет) орточо 4,5 миң доллар сарпталат. Радар, компьютер жана көзөмөл тутум орнотулган көлүк үлгүсүнө жараша  25-50 миң доллар турат. Полиция кызматкеринин маянасынын көлөмү жылына орточо 82 миң долларды түзөт, бул орточо америкалыктын жылдык кирешесинен бир жарым эсе көп.

Акча маселеси коронавирус эпидемиясы тушуктурган экономикалык абалдан улам өзгөчө орчундуу көйгөйгө айланды. Маселен, билим берүү структуралары жана жаштар программалары 80 пайыз субсидиясынан ажыратылып жатканда Нью-Йоркто бийлик полициянын алты миллиарддык бюджетин сактап калууну талап кылууда.

Акча жок – көйгөй жок

Укук коргоо органдарын каржылоону токтотуу чакырыктары 2014-жылы эле, Миссуридеги полициянын кордугуна каршы нааразылык акцияларынын тушунда да жаңырган. Мындай радикалдуу чаранын жактоочулары көзөмөл жана тренингдерден пайда жок экенин айтышат, себеби полиция кызматкерлеринин колунан каза тапкандардын саны өсүүдө. Чынында статистика мында анчалы күчтүү аргумент эмес. Маалыматтардын биринде полиция кызматкерлери менен болгон чырларда каза тапкан ак жуумал америкалыктар көбүрөөк каза тапканы айтылат. Башка маалыматтарда афроамерикалыктардын арасында мындай өлүм саны эки эсе көп.

CNN маалыматына таянсак, бардык өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу америкалык полиция кызматкерлери агрессивдүү келет. Мисалы, 2018-жылы АКШда миңге жакын кишини атып салышкан. Салыштырып карай турган болсок, Германияда — он бир, Австралияда — сегиз, Швецияда — алты, Британияда  үч учур болгон. Ошондуктан мындай ээнбаштыкты токтотуунун бирден-бир жолу – полицияны каржылоону бууп коюу керек дешет көпчүлүк. Мындан үнөмдөлгөн каражатты муктаж болгондорго жумшоону сунушташат. Black Lives Matter кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири Патрис Куллорс белгилегендей, "мында көп нерседен ажыратылган ынды кара коомчулукту кайра инвестициялоо жөнүндө кеп жүрүүдө". Анын пикиринде, андан көрө полициянын айрым кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу маанилүүрөөк. Мындан тышкары, акчаны мектеп жана ооруканаларга, акыл саламаттыгы жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатында эмгектенгендерге жумшоого болот.

Тартип сакчылары жок тартип

Айрымдар андан да кескин ыкманы, полицияны таратып салууну сунуштоодо. Жорж Флойд каза болгон Миннеаполисте MPD150 коомдук уюму ушундай максатты көздөөдө.

Полиция кызматкерлери — "курал көтөргөн бейтааныштар", ал эми "кризистик кырдаалдарда" ишти психолог, социалдык кызматкерлер, жабыр тарткандардын жактоочулары колго алганы оң деп түшүндүрүшөт активисттер.

Эгер аз камсыз болгондордун дурус билим алуусун камсыздап, ишке орноштуруп, акыл саламаттыгына кам көрүлсө, укук коргоо органдарынын зарылдыгы деле калбайт дешет. Анда куралдуу карактоочулар, киши өлтүргөн же башка шумпайлар менен кантип күрөшүү керек? MPD 150 уюму адам негизги муктаждыктарын канааттандыра албаганда гана ушундай кылмыштарга барарын түшүндүрөт.

"Андай зордукчул аракеттерди жөнгө салуу үчүн чектелген атайын адистештирилген контингент зарыл. Азыр полиция муну менен гана алектенбейт. Негизсиз эле унааларды жолдон токтотуп, майда баңгилерди камап, ынды караларды кысымга алууда. Мындай көрүнүштөр кылмыш-укук тутумунун эзүүсүнө кабылтып жаткандай сезим жаратууда" дешет аталган уюмдагылар.

Мурдагы федералдык прокурор, өкүлдөр палатасынын мүчөсү Трей Гауди мындай ойго макул эмес. "Эгер өзүн Иисус деп эсептеп, бычак көтөрө көчөдө жылаңач чуркаган жигитти көрсөңүз, психологиялык колдоо кызматына чалуунун кереги жок, полицияга кайрылуу керек, — дейт ал. — Полицияны таратып салуу керек дейсиздер. Анда алардын ишин ким аткарат?"

Алгачкы кадамдар

Бул жөнүндө Миннеаполисте активисттер эле эмес, аткаминерлер да ойлоно башташты. "Полиция бөлүмдөрүн жоебуз. Коомдук коопсуздук жана өзгөчө чараларга көз караштарыбызды толук кайра карап чыгабыз", — деп жазган "Твиттерде" шаардык кеңештин мүчөсү Жеремайа Эллисон.

Анын айтканына дагы бир нече кесиптеши кошулду, алардын катарында шаардык кеңештин башчысы Лиза Бендер да бар. Ал эми шаар мэри, Флойддун табытынын жанында тизелей ыйлаган Жейкоб Фрей бул демилгени колдобойт. "Полиция департаментин толук жоюуга макул эмесмин, бул боюнча ачык айтайын", – дейт ал. Бирок "расалык системаны оңдоо максатында масштабдык структуралык реформаны" жактайт.

Полиция кызматкерлери мындай чаралар кырдаалды курчуткандан башка пайда алып келбейт дешет. "Бул азыркы окуяларды жөнгө салбайт, — деп эсептейт отставкадагы лейтенант Гвен Гантер. — Кайра "жок, бизге полиция керек" деп качан айтышар экен. Мага ушул кызык болууда".

Полиция кызматкерлерине канчалык күчтүү кысым жасалса, алар өздөрүн жана ыйгарым укуктарын ашкере пайдаланууга айыпталган кесиптештерин ошончолук катуу коргошорун белгилешет байкоочулар. Полиция профсоюздары мурда эле укук коргоо органдарын реформалоону ооздуктап келген, азыр деле алар өз позициясын өзгөртөрү күмөн. Протест маалында полиция кызматкерлери да жабыркаганын эстен чыгарбоо керек. Нью-Йоркто 292, Чикагодо 130 тартип сакчысы жаракат алып, ал эми Лас-Вегаста митингчинин колунан ок жеген бир кызматкер оор абалда ооруканага жаткырылган.

Полицияны жоюу жакынкы жылдары мүмкүн эмес, анткени бул коомдук уюмдан таптакыр башка деңгээлди талап кылат. Россия Илимдер академиясынын ИМЭМО түндүкамерикалык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Виктория Журавлева ушундай пикирин билдирет.

"Өлкөдө бир нече жергиликүү коомдук уюмдар иш алпарат, — дейт ал. — Мисалы, шерифтерди жергиликтүү калк шайлайт. Чакан калаалар азыркыга дейре полициясыз жашайт, аларга шериф гана жетиштүү. Ири шаарлар кантет, көйгөй ошондо".

Серепчинин пикиринде, жакынкы жылдары реформанын ишке ашырылышы арсар.

"Федералдык деңгээлде Республикалык жана Демократиялык партиялардын компромисске келери күмөн. Бул – баалуулук маселелерине, атап айтканда, жеке курал көтөрүү укугуна байланышкан курч тема", — дейт Журавлева. Саясат таануучу-американист Дмитрий Дробницкий федералдык көзөмөл тутумун түзүү сунушу АКШ Конституциясына каршы келерин белгилейт, анткени муну менен штаттар алектенүүгө тийиш. "Же Негизги мыйзамды өзгөртүү керек, же революционерлердин талаптарын кабыл алып, же мунун баарын капарга илбөө керек. Эгер эмоцияны жыйыштыра көрсөткүчтөргө карай турган болсок, соңку он жылдыктарда полициянын колунан каза тапкандардын саны азайганын байкоого болот. Ооба, көйгөйлөрдүн баары бүтүп калган жок, бирок дүйнөдө бардык маселелер чечилген жер барбы?" — деп ой жүгүртөт ал.

Кызуу талкууларга карабай, сурамжылоонун жыйынтыгы америкалыктардын 50 пайызы полициянын ишине ыраазы, нааразы болгондор 16 пайызды гана түзөрүн көрсөтөт. Ошол себептен жарандык коомдун консенсуска келерине дагы көп бар. Ак үйдөгүлөрдүн бул туурасында пикири анык. Дональд Трамп полиция "өлкөгө тынч жашоого" шарт түзөрүн, ал эми "кызматкерлердин 99 пайызы — мыкты адамдар" экенин белгилейт. Ошондуктан каржылоону кыскартуу да, полицияны таратуу да болбой турганына ынандырат АКШ президенти.

Белгилер:
каржылык, өлүм, реформа, башаламандык, АКШ, полиция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык (44)
Тема боюнча
АКШда расизмге каршы күрөш мародерлор менен кармашка айланды
WhatsApp мессенджердин логотиби. Архив

Жаңы эрежени кабыл албасаңыз WhatsApp сиздин профилди өчүрөт

(жаңыланган 15:26 19.04.2021)
Жаңыланган келишимге ылайык, сиздин адаттарыңызды жана табитиңизди анализдөө үчүн WhatsApp колдонуучулардын жеке маалыматтарын Facebook тармагына өткөрүп берет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.

Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.

Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.

Белгилер:
эреже, өчүрүү, жазышуу, аңдуу, WhatsApp
Тема боюнча
Clubhouse колдонгон 1,3 млн. кишинин маалыматы ачыкка чыгып кетти
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

(жаңыланган 11:33 19.04.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.

"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, пандемия, айыл чарба, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Савайга барган Ташиев: жер алмашуу боюнча протоколду бузбаш керек

(жаңыланган 16:08 19.04.2021)
Ташиев менен жолуккан жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашуу эң пайдалуу келишим болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин аймактык кабарчы жеринен маалымдады.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрелде, Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Ынтымак айылынын эли менен жолугушту. Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө.

Эл менен жолуккан Ташиев ал жетектеген делегация Өзбекстанга барып, Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн белгиледи.

"Бул протоколду бузбай аягына чейин чыгарышыбыз керек. Бул элге эң ыңгайлуу документ", — деди Ташиев.

Бирок жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок. Бирок Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.

"Биз суунун түбүндөгү 4 миң 400 гектар жерди берип, ордуна 5 миң 100 гектар жер алдык. Муну бүгүн чечпесек, эртеңки муунга көйгөй болуп калат. Плотинанын башында 50 гектар жер бар экен, ошону сурашты. Ал жерден 50 гектар жер бердик. Алар дагы бизге 50 гектар жер берди", — деди УКМК башчысы.

Ташиев Өзбекстан менен түзүлүп жаткан келишим боюнча дагы айтып берген.

"Жээкте жашаган элге сууну пайдаланууга толук түрдө укук бар. Мал сугарып, балык кармап, насос менен суу чыгарса болот. Ал жерге эч кандай чек коюлбайт. Суунун деңгээли көтөрүлбөшү үчүн плотинаны чогуу башкарыш керек. Биздин айылдардын каналдарына суу берилиши үчүн эл аралык келишим түзөбүз", — деди Ташиев.

УКМК башчысы нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагымчылык кылууну көздөгөндөр бар экенин айтты. Бирок чогулгандар анын бул сөзүнө нааразы болушту.

Учурда элге өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Белгилер:
жер тилкеси, чек ара, Өзбекстан, Савай, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Ташиев Савайга барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолукту