Токио шаарынын башчысы Олимпиада коопсуз өтө турганын убадалады

© AFP / ISSEI KATOТокио шаарында киши коопсуз бет капчан. Архив
Токио шаарында киши коопсуз бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы Олимпиада оюндары июль-август айларында Токиодо өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 2021-жылы Япониянын борборунда уюштурула турган Олимпиада оюндары тынч өтөт. Бул тууралуу Токио шаарынын башчысы Юрико Коикэ маектеринде билдиргенин "Известия" жазды.

Япониялык фехтовальщик, 2012-жылы өткөн Олимпиада оюндарындагы күмүш медаль ээси Ре Мияки - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада жеңүүчүсү сынынан кетпеш үчүн курьерлик жумушка орношуп алды
Саясатчы оюндардын өтүшүн камсыз кылууга "120 пайыз аракет" жасай турганын айткан. Ошондой эле иш-чара "Япониядан жана чет өлкөлөрдөн келген спортчулар менен күйөрмандар үчүн коопсуз болот" деп убада берген.

Коикэ жалпы бийлик коронавирустун жайылышына каршы күрөшүп, жардам бере турганын кошумчалаган.

Эске салсак, 2020-жылкы Олимпиада оюндары июль-август айларында Токиодо өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бир жылга жылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0