АКШнын полиция кызматкерлери

АКШ: полиция дагы бир афроамерикалыкты өлтүрүп алды. Качып баратканда аткан видео

(жаңыланган 13:30 14.06.2020)
Бул бир ай ичиндеги экинчи окуя. Биринчисинде тартип сакчысы менен окуядан кийин Жорж Флойд аттуу афроамерикалык каза тапкан. Анда массалык башаламандык башталган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШнын Атланта шаарында полиция кызматкери 27 жаштагы афроамерикалык Рэйшард Бруксту атып, ал ооруканада жан берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал эми окуянын видеосун RT Телеграм каналы жарыялады.

Окуя өткөн жума күнү болуп, ишемби күнү шаарда нааразычылык акциясы башталды. Буга чейинки маалыматтарга караганда, полицияга автоунаа туура эмес жерде токтоп тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тез татым жайынын алдындагы орунду ээлеп алган автокөлүктүн ичинде Рэйшард Брукс аттуу жаран уктап жаткан. Полиция анын мас экенин көрүп, кармап кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда ал укук коргоочулардын биринин электрошокерин жула качкан. Полиция Бруксту көздөй ок чыгарып, ал ооруканада көз жумган. Ал эми Атлантанын полиция жетекчиси Эрика Шилдс отставкага кеткен.

Массалык башаламандыктын катышуучулары эми автоунааларды өрттөгөнгө чейин барууда. Полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш чыгарган газды колдонду.

Маалыматка караганда, жаранга ок чыгарган полиция кызматкери кызматтан алынды, дагы бири убактылуу четтетилди.

Эске салсак, 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган. Маркум жасалма акча пайдаланды деген шек менен кармалган. Полиция кызматкерлери афроамерикалыктын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШда эле эмес, башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир нече шаарында башаламандык болуп, талап-тоноо күч алган.

Белгилер:
өлүм, жаран, полиция, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык (44)
Тема боюнча
Америка өз баатырларына каршы. Полициядан арылгысы барбы?
Америкадагы саясий күчтөр өлкөдөгү абалды өз кызыкчылыгына колдонуп...
Кара деңиздеги РФтин Каспий флотилиясы

Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

(жаңыланган 22:31 20.04.2021)
Түштүк-батыш стратегиялык багытка карата кандай коркунуч болбосун ыкчам чара көрүүгө даярдыгын Россия Кара деңиздеги кадамы менен көрсөттү.

РФтин Каспий флотилиясы, Балтия жана Түндүк флотторунун ракеталык, артиллериялык жана десанттык кемелери аталган чөлкөмгө жеткирилди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Россиянын ушул аракетине баам салган.

Каспий флотилиясынын 15 кемесинен турган топ 17-апрелдин таңында Керчен кысыгы аркылуу Крым көпүрөсүнүн алдынан сүзүп өтүп, Кара деңизге карай багыт алды. Ошол эле күнү Босфор булуңунан Кара деңизге РФтин Түндүк флотунун ири десанттык кемелери – "Александр Отраковский" жана "Кондопога", андан соң Балтия флотунун ушундай эле "Калининград" жана "Королёв" кемелери жөнөдү.

Жети десанттык ири кемени кошкондо Кара деңизде россиялык мындай жети бирдик бар, штаттык курал жана зооттолгон техника (100 танктан өйдө) үч миң чакты деңиз пехотачыларын бортуна жайгаштыра алат. Ошону менен бирге эле десанттык катерлерди да унутта калтырган болбойт.

Каспий флотилиясынын, Балтия жана Түндүк флотунун күчтөрү Кара деңиз флоту менен биргеликте жоопкерчилик жүктөлгөн аймактагы катаал жагдай эске алынып уюштурулган ири машыгууларга катышат. "Калибр" канаттуу ракеталары менен 2000 чакырымдык радиустан "ливиялык сценарийди" же "чөлдөгү бороонду" уюштуруп, башкача айтканда, европалык өлкөлөрдүн аймагындагы агрессорду кыйратып коё алчу дараметке ээ.

Ошондой эле Кара деңиз флоту жана Каспий флотилиясынын деңиз пехотасы жана жээктеги күчтөрүнүн бөлүктөрү да тартылган. Россиянын түштүк-батыштагы чек араларына аталган мамлекеттин жалпы күчтөрүнүн эки армиясы жана аба-десанттык күчтөрдүн үч дивизиясы, Түштүк аскердик округунун сокку уруучу авиациясы да жеткирилген. Крым тобу кургакта, деңизде жана абада болжолдуу душмандын деңиз жана аба десанттары менен "айыгышкан кармашка" машыгууда.

Батыштын кысымына жооп

Чыгыш Европада 26 өлкөдөн 30 миң жоокер катыша турган Defender Europe 21 машыгуусунун Кара деңиздеги активдүү фазасы май айына коюлган. Ал убакка дейре британ аскердик кемелери, атап айтканда, эсминец жана кайыктарга каршы фрегат келет. Негизинен алар ракетага каршы коргонуучу америкалык "Гарпун", аэродинамикалык бутасын 80 чакырымга чейинки аралыктан кыйратуучу Sea Wolf зениттик ракеталык комплекстери менен жабдылган. Кара деңиз акваториясында британиялык аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери Жер ортолук деңиздеги "Королева Елизавета" авиа ташуучусунун бортунан көп буталуу F-35 истребитель-бомбалоочуларын колдойт.

Донбасста курчуп турган абалдан улам РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШ жана анын союздаштары Украинаны Крымга карата чагымчылыкка шыкактап жатканын билдирген эле.

Россиянын быйыл 21-апрелден 31-октябрга чейин пландалган аскердик окуулары Кара деңиздеги бир нече районду чет өлкөлүк аскердик-деңиз күчтөрү үчүн жабат. Кеме өтүүчү үч тилке, атасак, Крымдын түштүк жээги (Севастополдон Гурзуфка чейинки), Керчен жарым аралындагы жээктеги жана Крымдын батышында деңизге малынып турган чакан тилкеде ушундай бөгөт коюлган. Эске салсак, бардык чектөөлөр РФтин территориалдык сууларынын ичинде гана, ошону менен бирге эле эл аралык эрежелерге шайкеш, Керчен кысыгындагы жарандык кемелердин өтүшүнө жолтоо болбойт.

Украинанын куралдуу күчтөрү жана НАТОнун стандарттык окууларына Россия Крымдын жээктериндеги таамай тийчү канаттуу ракеталар менен сокку уруучу күчтүү кеме тобун, Кара деңиз флоту жана Түштүк десанттык округдун "аба армадасын" түзүү менен жооп кылып, жабдылбаган жээкке жеткирүү менен өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.

Мурдараак Кара деңиз акваториясын Түштүк аскердик округунун авиациясынын жана Кара деңиз флотунун Деңиз авиациясынын биргелешкен ири машыгуулары башталып, анда фронттук Су-24М жана Су-34 бомбалоочу учактары, көп буталуу Су-27СМ жана Су-30СМ болушунча пас бийиктиктеги деңиз буталарын карай ракета кое берүү жана бомбалоого машыгып, ошондой эле Кара деңиз флотунун кемелерин калкалап жана коштоо менен алек болушат.

Кара деңиздеги Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катаал үстөмдүгү шартында "Европанын коргоочулары" күч жана каражаттардын машыгуусунда кескин түрдө чектелген. Defender Europe 21 окуусунун пландарына түзөтүү киргизилери шексиз, антсе НАТО боюнча "улук өнөктөштөрдүн" кадыр-баркы түшөт. Пентагондун "кеме өтүүдөгү эркиндиктин" кыйрашы жөнүндөгү кооптонгон билдирүүлөрү ушундай жагдайдан улам экени түшүнүктүү. Кантсе да октябрь айында аймактагы кырдаал калыбына келип калары айкын.

Белгилер:
десант, НАТО, Россия, аскер-деңиз флоту, Кара деңиз
Тема боюнча
"НАТОнун иши": россиялык чек араларда эмне башталмакчы? Сереп
БУУнун желеги. Архив

БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстан сунуштаган демилгени бир добуштан колдоду

(жаңыланган 17:51 20.04.2021)
Расмий Бишкек демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.

Резолюциянын негизги максаты — 2030-жылдын күн тартибин ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен биргелешкен иштерди жүргүзүү. Муну менен келечек муунду таза, коопсуз жана туруктуу чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында чек ара кызматташтыгын бекемдөө.

Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.

"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.

Белгилер:
чек ара, жаратылыш, резолюция, демилге, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО директорун КРдеги чокуга чыгууга чакырып, макулдугун алды
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги