БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШдагы башаламандык боюнча алгачкы ирет комментарий берди.
Ал жергиликтүү "Москва. Кремль. Путин" программасына берген маегинде кырдаал тууралуу пикирин билдирген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Мен АКШда жана башка өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларга пикиримди кылдат билдирүүгө аракет кылам же оюмду такыр айтпайм. АКШдагы болгон окуя — топтолуп калган ички кризистин жарылып чыгышы. Чынында биз буга көптөн бери байкоо салып турабыз. Азыркы президент бийликке шайлоодон демократиялык жол менен жеңип келгени көрүнүп турбайбы. Бирок жеңилген тарап, анын легитимдүүлүгүнөн шек саноого түрткөн аракеттерди жасап жатышты", — деди Путин.
Ошондой эле Россия лидери Дональд Трамптын буйругуна айрым штаттардын губернаторлорунун кылган реакциясы таң калтырганын билдирди.
"Демократия деген эмне? Бул элдин бийлиги, анысы туура. Бирок эл жогорку органды тандайт, элдин ишенимине татыган жогорку органдагы бийлик аткаруу органынын ишин тескеп, өлкө калкынын көпчүлүгүнүн кызыкчылыгын коргоого кепил болот. Ал жакта эмне болууда? Президент "мындай кылыш керек" деп айтса, жериндеги губернаторлор "барчы ары" (бар ары) деп жатат", — деди Путин.
Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШда эле эмес, башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир нече шаарында башаламандык болуп, талап-тоноо күч алган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.
Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.
Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.
Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.
"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашуу эң пайдалуу келишим болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин аймактык кабарчы жеринен маалымдады.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрелде, Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Ынтымак айылынын эли менен жолугушту. Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө.
Эл менен жолуккан Ташиев ал жетектеген делегация Өзбекстанга барып, Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн белгиледи.
"Бул протоколду бузбай аягына чейин чыгарышыбыз керек. Бул элге эң ыңгайлуу документ", — деди Ташиев.Бирок жергиликтүүлөр протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербеш керек деген оюнан кайтышкан жок. Бирок Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.
"Биз суунун түбүндөгү 4 миң 400 гектар жерди берип, ордуна 5 миң 100 гектар жер алдык. Муну бүгүн чечпесек, эртеңки муунга көйгөй болуп калат. Плотинанын башында 50 гектар жер бар экен, ошону сурашты. Ал жерден 50 гектар жер бердик. Алар дагы бизге 50 гектар жер берди", — деди УКМК башчысы.
Ташиев Өзбекстан менен түзүлүп жаткан келишим боюнча дагы айтып берген.
"Жээкте жашаган элге сууну пайдаланууга толук түрдө укук бар. Мал сугарып, балык кармап, насос менен суу чыгарса болот. Ал жерге эч кандай чек коюлбайт. Суунун деңгээли көтөрүлбөшү үчүн плотинаны чогуу башкарыш керек. Биздин айылдардын каналдарына суу берилиши үчүн эл аралык келишим түзөбүз", — деди Ташиев.
УКМК башчысы нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагымчылык кылууну көздөгөндөр бар экенин айтты. Бирок чогулгандар анын бул сөзүнө нааразы болушту.
Учурда элге өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.