"От менен ойногондой". НАТО эмнеге Россиянын чек арасында машыгат?

CC0 / Belgian combat camera team / Corporal-chef Sedeyn Ritchie / Совместные учения войск НАТО Trident Juncture 2018 в Норвегии
Совместные учения войск НАТО Trident Juncture 2018 в Норвегии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миңдеген аскер кызматкери, жүздөгөн танк, аскердик учак жана Чыгыштан кол салуу "коркунучу", айтор, Defender Europe 2020 масштабдык машыгууларына кызуу даярдык жүрүүдө.

АКШ Европадагы союздаштарына колдоо көрсөтүүгө даярдыгын тастыктоого тийиш. Машыгуулардын негизги максаты — ири суу тоскоолдорун кечип өтүүгө көнүгүү. Эмнеликтен Батыш Россиянын "чек араларында" кайрадан "салгылашууга" киришип жатканы туурасында биздин өнөктөш РИА Новости агенттигине жарыяланган серепчи Николай Протопоповдун макаласынан окуңуздар.

Эң берилген союздаш

НАТОнун 25 жыл аралыгындагы ири машыгуулары ушул жазга белгиленген эле. Коронавирус пандемиясынан улам июнь айына жылдырылган. Расмий билдирүүлөргө таянсак, стратегиялык окуулардын көздөгөнү – АКШнын Түндүк атлантикалык альянсты жактагандыгын жана "европалык союздаштарын тайсалдабай колдоо чечкиндүүлүгүн" көрсөтүүнү көздөйт.

Россиянын аскер кызматкери машыгуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда
АКШ Европага ал жакта жайгаштырылган контингентти бекемдөө үчүн Германия аркылуу 20 миңдей аскердик кызматкерди жеткирмекчи. Пентагон бул машыгууга жалпы 37 миң жоокер жана офицерди бөлгөн. Эми пландарына бир аз өзгөртүүлөрдү киргизди. Машыгуунун негизги катышуучусу Вашингтонго эң берилген союздашы Польша болуп саналат.

Дал ушул жакка жакындан бери америкалык жоокерлер менен техника ташыган транспорттук учактар коно баштады. Драва полигонунда "стратегиялык даярдыкты жогорулатуу жана Европада АКШнын ыкчам аракеттеги күчтөрдүн эсебинен өз ара кызматташууну өрчүтүүгө" алты миңдин тегерегиндеги аскер кызматкери катышат. Алардын эки миңи – поляктар.

"Албетте, эпидемия биздин пландарды өзгөрттү. Бирок, башкысы, биз түзүлгөн кырдаалга өтө тез ыңгайлаша алдык, — деп белгилейт Польшанын улуттук коргоо министри Мариуш Блащак. — Польшанын куралдуу күчтөрү аскердик даярдыгынан дегеле жазбады".

Жүздөн ашуун танк жана эки жүз сооттолгон унаа, артиллерия, Абадан коргонуу каражаттары, учак жана тик учак, айтор, жалпы эки миң чакты техника тартылган. Польшалык жана америкалык күчтөр бир нече биргелешкен операцияларды жүргүзөт.

Негизги жана тактикалык эпизод — танк жана аба-десанттык күчтөрүнүн катышуусу менен суу тоскоолдуктарынан жана контрчабуулдан өтүү.

"Валдай" аналитикалык клубунун аскерий серепчиси Артем Куреев муну Defender Europe 2020 машыгуусунун негизги бөлүгү деп эсептейт.

"Аскердик көз караштан алып караганда, кийин сатып алына турган америкалык аскерий техникаларын пайдалануу боюнча чехиялык, польшалык жана литвалык аскерлерге дагы бир ирет "мастер класс" өткөрүлөт, — деп түшүндүрөт серепчи. — Ал эми саясий жактан бул кол салуу болсо, душмандын күчтөрүн альянстын аймагынан сүрүп чыгарууга, Неман менен Даугаваны кечип өтүүгө НАТОнун даярдыгын көрсөтүү.

Тынчы жок Балтика

Бул машыгууларды утурлай Балтий деңизинде Baltops 2020 масштабдык аскердик-деңиздик окуулар башталды. Ага он сегиз өлкө, отуз аскердик кеме жана ушундай эле сандагы учак катышууда. Мындай машыгуулар бул жакта жыл сайын, тагыраагы, 49 жылдан бери өткөрүлүп келет.

"Baltops кемеге каршы жана абадан коргонуу, минага каршы күрөш, ошондой эле деңиз блокадасын уюштурат, — деп белгилейт эксперт. — Бул окууларга көз салуу кызык, себеби Эстония, Латвия жана Литванын электоратына альянс Сааремаа, Юрмала жана Паланганын жээктерине россиялык деңиз пехотачыларынын түшүрүлүшүнө жол бербей тургандыгын көрсөтүү менен НАТОнун Чыгыш Европадагы машыгууларында флоттун десантка каршы операцияларына да такшалууга тийиш".

Адилеттүүлүк үчүн белгилеп коюу зарыл, аймакта аскердик окуу өткөрүүгө чектешкен өлкөлөрдүн баары укуктуу. Бирок соңку жылдары АКШ жана НАТОнун машыгуулары Россиянын чек араларына жакындагандан жакындап келе жатат. Ал эми батыш саясатчылары аларды Москва менен мамилени курчутуу үчүн шылтоо катары пайдаланышууда.

Освобождение заключенных талибов в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
АКШнын "Талибан"* менен "туугандашуусунун" аягы эмне болот?
"Эл аралык ири аскерий блок улуттук куралдуу күчтөрдүн өз ара аракеттешүүсүн күчтөндүрүүгө тийиш экени шексиз, — дейт Куреев. — Бирок окуулардын көпчүлүгүнүн уламыштары да аскердик дарамети боюнча Россияга тең келген кайсы бир чыгыш-европалык коңшунун кол салышы тууралуу. Бул, албетте, Россия менен НАТОнун ортосундагы мамиленин анчалык конструктивдүү эместигин көрсөтөт".

Батыштагы кесиптештерине РФ Тышкы иштер министрлиги да, Коргоо министрлиги да чыңалуунун даражасын басаңдатууга жана куралдуу күчтөрдү жок дегенде Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө убагында чек арадан алыс кармоого чакырууда.

"НАТОнун машыгуулары, мисалга атай кетсек, "Европанын Коргоочусу" өңдүү соңку жылдардагы эң ири окуулары кансыз согуштун калькасы боюнча түзүлүп, активдүүлүк күч алып турган, башкача айтканда, 9-майдын тегерегиндеги иш-чараларга, жеке курам жана техниканын көп санда тартылган маалына туш келиши атайын пландалганы жашыруун эместир", — дейт РФ ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко.

Дипломат НАТОнун окуулары биринин артынан бири өткөрүлүп келе жатканын белгилейт. Чалгындоочу учактары да дээрлик Россиянын чек араларына, айрыкча Балтий жана Кара деңизге жакын уча баштады. Ошондой эле ал Баренцево деңизине америкалык флоттун кирип келишин эске салды.

Келишимдерди буйтап өтүп...

Россиялык дипломаттар жана аскерлер чек арага жакын жердеги ири окуулардан баш тартууну, учак жана кемелердин чек арага жакындоо аралыгын азайтуу жөнүндө макулдашып алууга, ошондой эле Балтикада аскерий учактарды учурууда транспондерлорду пайдаланууну сунуштоодо. Бирок кулак салышпайт өңдүү.

Белгород атомдук суу алдындагы жүрүүчү кайык. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?
РФ ТИМиндегилер НАТОнун аскердик активдүүлүгү дүйнө пандемиядан кутулгандан кийин күчөй турганын боолголошот. Куреевдин айтымында, альянстын жердеги күчтөрүн колдоодо флот да олуттуу ролду ойнойт.

Анан калса, Baltops 2020 менен Defender Europe 2020 окууларынын масштабы боюнча кансыз согуш убагынан берки машыгууларга салыштырып болбойт. Ал кезде Варшава келишими жана Түндүк атлантикалык альянс "майданга" кылкылдаган күчтөрдү чыгарчу.

1967-жылкы "Днепр" машыгууларында, мисалы, бир жарым миллиондон ашуун аскер, "Запад-1981" окууларында 100 миң аскер катышкан. Ал эми 1982-жылы "Щит-82" советтик күчтөрдүн машыгуулары өткөн. НАТОго алдын ала эскертүүчү өзөктүк сокку урганын айтып чыгышкан.

"Ошол убакта душманга аскердик дараметин жана чабуул жасалса, мизин кайтара алчу жөндөмүн көрсөтүү зарыл эле, — деп эскерет Куреев. — Америка ага "Дасыккан жаачы — 1983" машыгуулары менен жооп кайтарган. Жаңы код, байланыш тутумдары, өзөктүк жаңжал чыкса, өлкөнүн жогорку кызматындагыларды эвакуациялоону сынаган командалык-штабдык оюнду көрсөтүшкөн. Мындай кадамы менен алар Варшавалык келишим жана НАТО келишимин согуштун мизине чейин жеткирген. Москва ал даярдыкты жана интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү Советтер Союзуна сокку уруу боюнча Лондон, Бонн жана Вашингтондун ортосундагы талкуу катары катары кабыл алган".

Машыгууларды пландоо менен НАТО эл аралык келишимдерди көп бузуп келет. Атап айтканда, 2011-жылы кол коюлган "Ишеним жана коопсуздукту чыңдоо чаралары жөнүндөгү" Вена келишиминин 8-беренеси алдын ала эскертүүлөргө байланышкан ири масштабдуу машыгууларга көптөгөн чектөөлөрдү карайт. Бирок НАТО өз окууларын бир катар өлкөлөрдө көз карандысыз өткөрүлгөндөй көрсөтүүгө кынык алган.

Россия машыгуулар тууралуу маалымдап же чек арадан ыраак өткөрүп келсе, Батыш көзкөрүнөө эле макулдашууларды тоготпойт. Быйылкыга белгиленген "Кавказ-2020" машыгуулары Поволжье жана Түндүк Кавказда өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0