Беш симптом адамдын ичеги-карын рагына кабылганынан кабар берет

© Фото / Pixabay / derneuemannМужчина держится за живот
Мужчина держится за живот - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онколог белгилегендей, рактын бул түрүнө ичеги-карында өнөкөт жана тукум кууган оорулары барлар көбүрөөк чалдыгат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Онколог Иван Карасев ичеги-карын рагынын өөрчүп жатканынан кабар берген беш белгини атап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, рактын бул түрүнө диагноз коюу оор. Ал көбүнчө операция учурунда билинет.

"Адам ичеги-карын рагына кабылганда жүрөгү айланып, кускусу келет. Киндик тушу көөп, ичи катып же өтөт. Ошондой эле заңы кан аралаш чыгып калат", — деген дарыгер.

Больница в Кемпере - Sputnik Кыргызстан
Меңге көңүл бургула! Онколог тери рагынын белгилерин санап берди
Онколог белгилегендей, рактын аталган түрүнө ичеги-карынында өнөкөт жана тукум кууган оорулары барлар көбүрөөк чалдыгат.

Дарттын алдын алуу үчүн дарыгер куурулган, ышталган жана майлуу тамактарды аз жеш керектигин сунуш кылды.

Буга чейин окумуштуулар рак илдети менен күрөшө турган сегиз азыкты тизмектеген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0