Владимир Зеленскийдин аялын Брежнева менен алмаштырып. Түркиядагы гезиттин катасы

© AFP / GINTS IVUSKANSУкраинанын президенти Владимир Зеленский жубайы Елена менен. Архив
Украинанын президенти Владимир Зеленский жубайы Елена менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гезиттин расмий сайтына макала 17-июнь күнү жарыяланган. Көп өтпөй электрондук жана кагаз түрүндөгү варианттарында тең сүрөт алмаштырылды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Түркиялык белгилүү Hurriyet гезити Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайынын ордуна ырчы жана актриса Вера Брежневанын сүрөтүн коюп койгон.

Басылма Украинанын президенти жана канайымы тууралуу макала даярдаган. Анда президенттин жубайы Елена Зеленская коронавируска чалдыкканы айтылат.

Бирок сүрөттө Зеленский өз жубайы менен эмес, "Восемь лучших свиданий" тасмасында үй-бүлөнүн ролун аткарган Вера Брежнева экөөнүн сүрөтүн жайгаштырышкан.

Доклад президенту Украины В. Зеленскому о расследовании убийства журналиста П. Шеремета - Sputnik Кыргызстан
Зеленскийдин тактыдагы бир жылы. Украина президентинин ишмердигине сереп
Гезиттин расмий сайтына макала 17-июнь күнү жарыяланган. Көп өтпөй электрондук жана кагаз түрүндөгү варианттарында тең сүрөт алмаштырылды.

Эске салсак, Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская коронавирус жуктуруп алганы өткөн аптада белгилүү болгон. Президент учурда жарым-жартылай аралыктан иштеп жаткан кези.

Hürriyet — Түркиядагы Doğan Yayın Holding компаниясынын курамына кирген күн сайын чыкчу ири басылмалардын бири. Былтыр анын нускасы 300 миңден ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0