БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов июлдун башында өлкө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун тосуп алууга даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтканын Anadolu түрк маалымат агенттиги жазды.
Мередов Түркмөнстан коронавируска кабылбаган мамлекеттердин арасында экендигин баса белгилеген.
"Өлкөдө COVID-19дун жоктугунун себеби ТИМ чек араларды өз убагында жапканында эмес, саламаттык сактоо системасынын өнүккөндүгүндө", — деген Мередов.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму май айында эле Түркмөнстанга барууну пландап, бирок ал ишке ашпай калган.
Жон Хопкинс университетинин сайтындагы маалыматка караганда, 21-июнь күнү COVID-19 дүйнө боюнча 8 770 629 адамга жугуп, анын 464 039у каза тапты. Дартка каршы азырынча бир дагы өлкө вакцина иштеп чыга элек.
Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.
"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) Европада футболдук Суперлига уюштуруу боюнча демилгени четке кагат. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсү тууралуу Р-Спорт жазды.
Европадагы 12 алдыңкы футболдук клуб: "Манчестер Юнайтед", "Арсенал", "Челси", "Тоттенхэм", "Манчестер Сити", "Ливерпуль" (баары – Англия); "Реал Мадрид", "Барселона", "Атлетико" (баары – Испания); "Интер", "Милан" жана "Ювентус" (баары – Италия) континентте клубдар арасындагы жаңы Суперлига мелдеши уюшулганын жар салышты. Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 20 команданы катыштыруу пландалганы айтылат.
Мелдеш Европа футбол ассоциацияларынын союзу (UEFA) алкагында өтүүчү еврокубокторго альтернатива катары каралууда.Клубдардын билдирүүсүнө ылайык, уюштуруучу клубдар Европанын учурдагы мелдештеринин сапатын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.
Дүйнөлүк футбол уюму мындай чечимди эл аралык футболдун чегинен чыккандык деп эсептей турганын айтып, билдирүү таратты.
"FIFA мындай эл аралык футболдук түзүмдөрдөн сырткары уюшулган "европалык сепаратисттик лига" түзүү чечимине каршы", — деп айтылат дүйнөлүк уюмдун маалыматында.
Уюмдун мындай кадамын Франция жана Германиянын футболдук клубдары колдоого алышкан.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.
"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.
Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.