Дарыгер изоляциядан кийин иммунитетти бекемдөөнүн жолун айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТрансляция групповых программ фитнес-клуба в Новосибирске
Трансляция групповых программ фитнес-клуба в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалым болгондой, психологиялык стресс, көп кыймылдабагандык, уйку режиминин бузулушу сыяктуу изоляция учурундагы факторлор организмдин иммундук коргонуусун бузат.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өзүн-өзү изоляциялоо режиминен кийин иммунитет түшүп кетиши ыктымал. Бирок ал көйгөйдү туура тамактанып, спорт менен машыгып чечсе болот. Бул тууралуу РИА Новостиге иммундук система физиологиясы лабораториясынын жетекчиси Сергей Пономарев айтып берген.

"Иммунитетти бекемдөө үчүн туура тамактануу сунушталат. Ошондой эле дене көнүгүүлөрүн жасап, спорт менен алектенген оң. Мындан сырткары, эмгек режимин бир калыпка салып, жети сааттан кем уктабай, жакшы ой жүгүртүү зарыл", — деди Пономарев.

Телефон колдонуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жагымдуу эмоциялар баланы гаджет көз карандылыгынан сактайт. Психологдун кеңеши
Дарыгер изоляция учурунда адамдын иммундук системасында терс өзгөрүүлөр байкаларын айткан.

Маалым болгондой, психологиялык стресс, көп кыймылдабагандык, уйку режиминин бузулушу сыяктуу изоляция учурундагы факторлор организмдин иммундук коргонуусунун бузулуусун шарттайт.

Пономарев бул факторлордун ичинен иммундук системанын бузулушуна психологиялык стресстин залакасы көбүрөөк тиерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0