Россия аскерлери Идлиб аймагында. Архивдик сүрөт

Сирия хроникасы: россиялык күзөткө чабуул жана АКШнын активдешүүсү

(жаңыланган 12:50 21.06.2020)
Террордук топтордун калдыктарынын катуу каршылык көрсөткөнүнө жана батыш өлкөлөрүнүн катаал каршы аракеттерине карабай, Россия Сириядагы тынчтыкты калыбына келтирүүгө ырааттуу түрдө кол кабыш кылууда.

Россиялык аскердик күзөт күчөтүлүп, согуштук аракеттерди токтотуу аймактары кеңейтилип, мекенге, жай турмушка кайткан сириялык жарандардын саны арбып барат. Бул туурасында аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.

Сирия Араб Республикасынын аймагындагы кырдаал чыңалган бойдон калууда. Ар кыл террордук топтор, анын ичинде "Ислам мамлекети"* улам активдешип, кайра-кайра баш көтөрөт. Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, 2019-жылдан бери САР аймагында ИМ* көзөмөлдөгөн аймак калбады, бирок башка террордук түзүмдөрдүн таасири күч аймактар дале бар.

Россиялык күчтөрдүн негизги аракеттери Идлиб деэскалация аймагында топтоштурулган. Ал жерде М-4 трассасынын тилкесин Россия менен Түркиянын биргелешип күзөтүү боюнча макулдашуусу ийгиликтүү аткарылууда (келишимге Россия Федерациясы жана Түркия Республикасынын президенттери 2020-жылдын 5-мартында кол койгон).

Россия жана түрк тараптын макулдашуусу боюнча 6-марттан тарта согуштук аракеттерди токтотуу режими ишке кирген. Чала талкаланган террордук отряддар тынчтыкты орнотуу процессин бузууга тырышат, бирок ачык салгылашууга эми күчтөрү жетпейт. Россиялык жана түркиялык аскер кызматкерлеринин биргелешип күзөтүү маалында 16-июнда Эриха жана Урум-эль-Жауза калктуу пункттарынын ортосундагы маршрутка согушкерлер терракт жасоого аракет кылышты.

М-4 трассасында жасалма жардыргычтын жарылышынан россиялык бронетранспортер бир аз зыян тартты. Биргелешкен күзөттүн жеке курамы жабыркаган жок.

Сириянын түндүгүндөгү Кобани шаарынын аймагында россиялык аскердик полициянын күзөтүнүн жолунда 9-июнда жасалма мина жарылган, жабыр тарткандар болбоду. Идлиб деэскалация аймагында май айынын аягында М-4 трассасында түрк аскердик күзөт баратканда жерге көмүлгөн жардыргыч зат жарылып, бир жоокер шейит болгон. Сириянын түндүгүндө 16-июнда россиялык БТР-82А бронетранспортеру жана 9-июнда "Тигр" сооттолгон автомобилинин терракттарда кыйроого учурабаганы аскердик күзөттүн жана РФ Коргоо министрлигинин кызматты уюштуруу, аскерлердин өмүрү жана саламаттыгын коргоодогу жалпы аракеттеринин натыйжалуулугун айгинелейт.

Аскердик мекеме кеңейтилип, сооттолгон техника паркы бекемделүүдө. Сирия Араб Республикасында радиобөгөттөрдү орнотуучу аппараты бар "Тайфун" сооттолгон автомобилдери пайда болду.

Идлиб провинциясындагы россиялык аскердик күзөттүн активдүүлүгү чектелбейт. Ми-8АМТШ жана Ми-35 тик учактарынын калкалоосу менен алар мурда Сирия Араб Республикасынын көзөмөлүнөн чыгып кеткен аймактарда тынчтыкты бекемдөөдө.

Алыскы Заевфратье аймактарында, Сирия Араб Республикасынын чек арасынын боюнда 300 чакырымдан ашык аралыкка созулган маршрут өздөштүрүлдү.

Сирия Араб Республикасындагы аскердик операция маалында (2015-жылдын 30-сентябрынан бери) заманбап россиялык куралдын 300дөн ашуун үлгүлөрү сыналды, 87 миң согушкер жок кылынды (алардын 5 миңге жакыны КМШ өлкөлөрүнөн барган). РФ Коргоо министрлигинин Сирия жергесиндеги конструктивдүү аракеттеринин жыйынтыгы бул менен гана түгөнбөйт.

Батыштын активдүүлүгү

Пентагондогулар 10-июнда АКШ Сирияда түбөлүк калууга ниеттенбегенин билдиришти. Америкалык президент Дональд Трамп үч жыл мурун эле Сирия менен Иракта Ислам мамлекетинин* мизин кайтарганын жар салган. Бирок күчтөрүн "жыйыштыруунун" белгилери дегеле байкалбайт, Араб республикасында мыйзамсыз аракеттерин (БУУнун санкциялары же Дамасктын чакыруусуз) азыркы күнгө чейин улантып келет. 16-июнда америкалык "өнөктөштөр" аскердик техника жүктөлгөн 45 унаа, жети сооттолгон көлүк жана күйүүчү май толтурулган цистернадан турган колоннасын Ирактан Сириянын түндүк-чыгышына жөнөттү.

Колонна мыйзамсыз курулган чек аралык КПП аль-Валид аркылуу Хасеке сириялык провинциясынын аймагына кирип, мунайлуу провинциядагы америкалык мыйзамсыз аскердик базалар тарапка багыт алган. Америкалыктардын ушундай жоруктарын Дамаск оккупация деп баалап, Вашингтон Сириядагы мунай кендери бар жерлерде көзөмөлдү сактап калуу мүдөөсү буга түрткү болуп жатканын белгиледи.

Вашингтондун Сирияга карата жаңы санкциялары биринчи кезекте Араб республикасынын жай калкын азапка салат. Кошмо штаттарда 17-июнда "Сириянын жарандык калкын коргоо жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирди. Бул боюнча РФ Тышкы иштер министрлигинин баасы мындайча: "БУУнун Коопсуздук кеңешин кыйгап өткөн бир тараптуу рестрикциялар Сирияга дары-дармек, компьютер жана жогорку технологиялык жабдыктарды (рентген сканерлери, жасалма дем алдыруучу аппараттар, диализ жана нур терапиясы үчүн машиналар), ошондой эле жер семирткич, суу тазалоо тутумдарын, курулуш жабдууларын, электрогенераторлорду жеткирүүгө бөгөт коёт".

* – РФ жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук топ.

Белгилер:
согуш, Ирак, АКШ, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Батыш, Россия, Сирия
Тема боюнча
"От менен ойногондой". НАТО эмнеге Россиянын чек арасында машыгат?
АКШнын "Талибан"* менен "туугандашуусунун" аягы эмне болот?
Покупатели оплачивают покупки в супермаркете. Архивное фото

Соода кылгандан кийин чекти ыргытпагыла! Юристтин маанилүү кеңеши

Юрист чекте адамдын аты-жөнү жана банктык картасынын акыркы сандары калып каларын, аны менен шылуундар акча алууну көздөй турганын айтты.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.

Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.

"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.

Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.

Белгилер:
алдамчылык, шылуун, соода, чек, юрист
Тема боюнча
Эксперт банктык карта ээлеринин эң көп кездешкен катачылыктарын атады
Беларустун ички иштер министрлигинин кызматкерлери.Архивдик сүрөт

ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды

(жаңыланган 03:18 18.04.2021)
Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.

Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.

"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.

Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.

Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.

Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.

Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Өлтүрүү, ФСБ, Александр Лукашенко, Россия, Беларусь
Тема боюнча
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады
Врач измеряет артериальное давление. Архивное фото

Оору менен кырсыктан камсыздандырылган жарандарга 14 млн. сом төлөндү

Былтыр камсыздандыруу келишимин 37 миңдей киши түзгөн. Алардын миңге жакыны ар кандай окуяга туш болуп каражат алган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өткөн жылы оору менен кырсыктан өзүн камсыздандырган кыргызстандыктарга 14,2 миллион сом берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2020-жылы бул жаатта ыктыярдуу түрдө 36 724 келишим түзүлгөн. Камсыздандыруунун жалпы суммасы 11,9 миллиард сомду түздү. Ал документ толтурган адам ооруганда же кырсыкка учураганда төлөнмөк. Ал эми камсыздандыруу боюнча баштапкы төлөм катары (камсыздандыруу үчүн каражат) 62,8 миллион сом түшкөн.

Улуттук статистика комитети келишим түзгөндөрдүн 858и ар кандай учурга туш келип, 14,2 миллион сом алганын айтты.

Белгилер:
төлөм, камсыздандыруу, кырсык, оору, Улуттук статистика комитети, Кыргызстан
Тема боюнча
Сооронбаев: коңурук тарткан адам ар кандай оору менен жабыркайт