Мекке. Архивдик сүрөт

Коронавирустан улам быйыл Меккеге ажылыкка барууга тыюу салынды

(жаңыланган 09:57 23.06.2020)
Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 6110 адам бармак. Бирок жаңы эрежелерге ылайык, Сауд Аравияда жашагандар гана зыярат кыла алышат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Сауд Аравия бийлиги коронавирус пандемиясынан улам быйыл Мекке жана Медина шаарларына ажылык сапарга келген чет элдик жарандарды кабыл албай турган болду. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигинин маалыматына таянуу менен билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, бул жылы Сауд Аравияда жашаган гана мусулмандар зыярат кыла алышат.

"Коронавирус кооптуулугунан улам көп адамдын чогулушуна жол берилбейт. Быйылкы ажылыкка чектөө киргизилип, өлкө аймагында жүргөн гана ар улуттагы адамдар катыша алат. Ооруну жуктургандар көп катталып жаткандыктан Меккедеги ыйык Кааба ташы жайгашган жер дагы деле жабык турат", — деп айтылган маалыматта.

Сауд Аравиясында 161 миңден ашуун адам COVID-19га кабылып, араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчи оорунда. Бир нече күндөн бери күнүнө үч миңден кем эмес жаңы учур катталууда. Оорунун кесепетинен 1307 адам каза болуп, 105 миң киши айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 6110 адам бармак.

Белгилер:
зыярат, Мекке, уруксат, ажылык сапар, Сауд Аравиясы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1374)
Тема боюнча
Сауд Аравия кичи ажылыкка зыяратты токтотту
Быйыл ажылык сапарга баруу үчүн 7000ден ашык киши каттоодон өттү
Аткаминерлер. Архив

КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт

(жаңыланган 22:44 14.04.2021)
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болот. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.

Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:

  • Сагиба Гафарова — Азербайжандын Милли мажлисинин төрайымы;
  • Арарат Мирзоян — Армениянын парламентинин төрагасы;
  • Маулен Ашимбаев — Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы;
  • Талант Мамытов — Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы;
  • Зинаида Гречаный — Молдованын парламентинин төрайымы;
  • Танзила Нарбаева — Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы.

Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.

Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол эле күнү Кеңештин жыйыны болуп, анда делегация жетекчилери шериктештиктин аймагында өткөн шайлоолорго Парламенттер аралык ассамблеядан катышкан эл аралык байкоочулардын ишин талкуулашат.

16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.

Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.

Белгилер:
Россия, маселе, жыйын, төрага, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы
Тема боюнча
ЖКнын VI чакырылышына 185 мандат берилди, 65 депутат кайдан келди. Инфографика
УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга учат

(жаңыланган 19:46 14.04.2021)
Иш-чаранын катышуучулары коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелерин талкуулай турганы айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин делегациясы төрага Талант Мамытовдун жетектөөсү менен Санкт-Петербургга учат. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, төрага КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышат.

Пленардык жыйында коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле Мамытовдун бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Белгилер:
Россия, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы, Талант Мамытов, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот
Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 23:26 14.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.