COVID-19дун кесепети адамды өмүр бою ээрчип жүрүшү мүмкүн. Дарыгерлердин пикири

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в больнице № 122 им. Л. Г. Соколова
Госпиталь COVID-19 в больнице № 122 им. Л. Г. Соколова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19ду жеңген организм андан ары өпкөнүн сезгениши, себепсиз чарчап-чаалыгуу жана психологиянын бузулушу сыяктуу илдеттер менен жабыркайт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Коронавирустан сакайып кеткен күндө дагы анын кесепети адамды өмүр бою ээрчип жүрүшү мүмкүн. Мындай бүтүмдө Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматы келгенин The Daily Telegraph басылмасына таянып “Известия” жазды.

Ужесточение карантинного режима в Азербайджане - Sputnik Кыргызстан
Вирус байкалганда эмне кылуу керек? Министрлик элге жаңы алгоритм таратат
Адистердин айтымында, COVID-19ду жеңген организм андан ары өпкөнүн сезгениши, себепсиз чарчап-чаалыгуу жана психологиянын бузулушу сыяктуу илдеттер менен жабыркайт. Мындан тышкары, окумуштуулар вирус мээни жабыркатып, Альцгеймер илдетин пайда кыларын божомолдоп жатышат.

Британиядагы COVID-19дан кийин адамды калыбына келтирүү борборунун жетекчиси Хилари Флойддун айтымында, башка өнөкөт дарты жок орто жаштагы кишилер дагы ооруп айыккандан кийин бир топ кыйналууда.

“Көптөр сакайып кеткенден кийин дагы өтө тез чарчап, ишке жараксыз болуп жатат. Айыккандардын дээрлик 30 пайызы кийин өпкөнүн фиброз дартына чалдыгууда”, — деди Флойд.

Мындан тышкары, коронавирустан кийин жамбаш сөөктөрү ооруп, жүрөк-кан тамыр илдеттерине кабылгандар дагы бар.

Адистердин айтымында, негизи бул вирустан соң адамга толук кандуу калыбына келүүгө бир жылдай убакыт талап кылынат. Айрымдар өмүр бою мурдагы ден соолугун кайтара албай калышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктурган адамдардын саны 9 миллиондон ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0