Боенуп аткан кыз. Архивдик сүрөт

Сулуу болом деп... Операциядан кийин бети төрт бурч болуп калган кыздын сүрөтү

1056
(жаңыланган 15:56 25.06.2020)
19 жаштагы кыз өзүнө чоң көрүнгөн ээгине операция жасатууну чечкен. Сайылган препарат майды эритип, андан кийин организмден табигый жол менен чыгып кетмек.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Австралиялык София Марроквин аттуу кыздын сүрөтү соцтармак колдонуучуларды таң калтырды. Себеби анын бети операциядан кийин төрт бурчтуу болуп өзгөрүп кеткен. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 19 жаштагы кыз өзүнө чоң көрүнгөн ээгине операция жасатууну чечкен. Сайылган препарат майды эритип, андан кийин организмден табигый жол менен чыгып кетмек.

​"Мен болгону ээгим жакшыраак көрүнсүн деп, ушул жердеги майды эле алдырып салгым келген. Ошол эле", — деп айткан кыз.

Бирок Марроквин дарыгердин бөлмөсүнөн чыгары менен бетинин формасы өзгөрүп, төрт бурчтуу болуп калган. Дарыгерлер шишик бара-бара тарап, кыздын бети мурдагы формасына келерин айтып, ага бир нече жума керектелерин да эскертишкен.

Учурдан пайдаланып 19 жаштагы София "төрт бурчтуу кебетеси" менен жакындарын, курбуларын тамашага салган. Алардын кандай кабыл алганын видеого жаздырып, TikTok тиркемесине жүктөп койгон.

Марроквиндин бул кебетесин биринчи атасы көрүп аябай таң калган. Апасы да көргөн көзүнө ишенген эмес. Бир тууганы чочуп кеткенинен эч нерсе дей албай башка бөлмөгө чыга качкан.

Аталган ролик соцтармакка тарап, аны 3,6 миллион киши жактырган. Ал эми София Британия басылмаларында "жылдыз" болгону тууралуу кийинки видеосунда айтып берген.

1056
Белгилер:
ролик, видео, өзгөрүү, операция, келбет, Австралия
Тема боюнча
Италияда 60тагы аял башына операция жасап жатканда тамак даярдап таң калтырды
Келбети үрөй учурган дагы бир наристе Россиядан операция жасатууга камынууда
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россияга барчу кыргызстандыктар үчүн чектөөлөрдүн баары алынды

35
(жаңыланган 22:33 20.09.2020)
Пандемиядан улам дээрлик бардык мамлекеттер чек арасын жаап, байланыш чектелген. Эпидемиологиялык абал турукташа баштагандан бери каттамдар жанданууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 21-сентябрдан тарта Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн бардык чектөөлөр алына турганын КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттам жандангандыктан аба жолдору ачылганы айтылат.

Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

"Азырынча рейс жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турмакчы", — деп жазылат кабарда.

Мындан тышкары, Россияга барчу чет өлкөлүктөр коронавирус жок экенин тастыктаган ПЦР-тестинин жыйынтыгын көрсөтүшү шарт. Тестти жүргүнчү Россиянын аймагына кирген күнгө чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл.

35
Белгилер:
тест, коронавирус, элчилик, авиакаттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду
Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты
Өрттөнгөн унаа. Архивдик сүрөт

Ташкентте 19 жаштагы кыз үйлөнбөй койгон жигитинин машинасын өрттөп салды

95
(жаңыланган 19:13 20.09.2020)
Тергөө учурунда сүйүшкөн жаштар чынында эле бир нече убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнү аныкталган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ташкенттин Үчтепа районунда үйлөнүүгө макул болбой койгон жигиттин автоунаасын сүйгөн кызы өрттөп жиберди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-сентябрда, райондук милиция бөлүмүнө Ситора Г. аттуу 19 жаштагы кыз Lacetti Jentra үлгүсүндөгү автоунааны өрттөп жибергени туурасында билдирүү түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от IIBB / ГУВД (@iibb_uz)

Аталган машина кыздын сүйгөнү Асилбек Н. аттуу 23 жаштагы жигитке таандык болгон.

Жашоону эмнеден баштоону билбей турам. Күйөөсү башкага кетип калган келиндин каты

Тергөө учурунда жаштар чынында эле бир нече убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнү аныкталган.

"Жигит кызга үйлөнүүгө убада берген, бирок кийинчерээк сөзүнө турбай кетип калган. Буга ызаланган кыз анын машинасынын ичи-тышына бензин чачып өрттөп жибирген", — деп айтышкан милициядан.

Учурда жагдайдын чоо-жайы териштирилип жатат.

95
Белгилер:
убада, өрт, машина, жигит, кыз, Ташкент
Тема боюнча
Кыз талашкан. Бир жигитти алтоолоп сабаган Оштогу окуянын чоо-жайы