Өмүр бою абакта отурсун! Түркияда 121 аскер кызматкерине өкүм чыкты

© REUTERS / Baz RatnerПоследствия попытки военного переворота в Турции
Последствия попытки военного переворота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот аскер адамдарына мамлекеттик төңкөрүш кылууга жана мамлекеттик түзүлүштү бузууга аракеттенген деген күнөө таккан.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Түркияда сот Жандармерия башкармалыгынын мурдагы 121 кызматкерине өмүр бою түрмөгө отурсун деген өкүм чыгаргандыгын РИА Новости NTV телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Аларга сот мамлекеттик төңкөрүш кылууга жана мамлекеттик түзүлүштү бузууга аракеттенген деген күнөө таккан.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 16-июлда Түркияда бийликти аскер менен тартып алуу аракети болгон. Негизги каршылык акциялары Анкара менен Стамбул шаарында өткөн. Анын кесепетинен 240тан ашык жаран каза болуп, 2 миңден ашык киши түрдүү жаракаттарды алган. 80 миңден ашуун адам камалган. Бул күнгө чейин 160 миңге чукул мамлекеттик кызматкер менен аскерлер ишинен айдалган.

Гүленди экстрадициялоого себеп жокпу? Дин аалымынын тарапташынын пикири

Расмий Анкара бул иштердин артында дин аалымы Фетхуллах Гүлен турарын айтып чыккан. Гүлен өз кезегинде коюлган айыптар суу кечпей турганын билдирген. Анткен менен азыркы бийлик FETO (Фетхуллах Гүлендин террордук уюму) буга жоопкер деген пикиринен жазбай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0