Тишке кам көрчүлөр стоматологго үч айда бир көрүнүшү керек. Адистин кеңеши

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүРабота стоматологической клиники
Работа стоматологической клиники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, тиштин сакталышы бир гана таза жууп туруудан көз каранды эмес. Ошондой эле ар кайсы жактан уккан нерселерди жасай бергенге дагы болбойт.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Тишин узак убакыт сактайм деген киши стоматологго чачтарачка кайрылгандай эле баш багып турушу керек. Бул тууралуу тиш дарыгери Дмитрий Смирнов Sputnik радиосуна берген маегинде айтып берген.

Анын пикиринде, тиштин сакталышы жана ооз көңдөйүнүн оорудан таза болушу бир гана жууп туруудан көз каранды эмес. Ошондой эле ар кайсы жактан уккан нерселерди жасай бергенге дагы болбойт.

"Сапаттуу щетка, паста же оозду чайкаган каражаттар тиш дарыгеринин жардамы жок натыйжа бербейт. Балким убактылуу жардам бериши мүмкүн. Бирок анда оору топтоло берет дагы, бир күнү дарыгерге кайрылууга аргасыз болосуз", — деген адис.

Адамдын эң узун тиши Гиннестин рекорддор китебине кирди

Стоматологдун айтымында, дени сак адам жылына эки жолу тишин каратса болорун айтып, адистерге эки эсе көп кайрыла турчу адамдарды тизмектеп берген.

"Тамеки чеккендер, тишинин өнөкөт оорусу барлар, 3-4төн ашык пломба койдургандар, коронкасы барлар жана тамыры менен тиши жоктор ден соолукка олуттуу мамиле жасап, жылына төрт жолу стоматологго барышы керек. Ошондой эле 45 жаштан жогоркулар тишин 60-70 жашка чейин жакшы сактайм десе үч айда бир келип турса жакшы болот. Негизи эле тишин баалаган адам үч айда бир жолу, чач кырктыргандай эле дарыгерге барып турса жакшы", — деген Смирнов.

Буга чейин кыргызстандык стоматолог пломба койгондон кийин тиш эмне себептен ооруй турганын түшүндүрүп берген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0