Дүйнөдө COVID жуктургандар 10 миллиондон ашты

© REUTERS / Francis MascarenhasМедициналык кызматкер коронавируска кишилерди текшерип жатат
Медициналык кызматкер коронавируска кишилерди текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19га чалдыккандар боюнча алдыңкы орунда мурдагыдай эле АКШ келе жатат. Экинчи орунда Бразилия турса, үчилтикти Россия жыйынтыктап жатат.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Акыркы беш күн ичинде дүйнө жүзү боюнча 1 миллион киши коронавирус жугузуп, ушул тапта вируска кабылгандардын саны 10 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин сайтында маалымдалды.

Алдыңкы орунда мурдагыдай эле АКШ келе жатат. Бул өлкөдө 2 510 323 киши вируска кабылып, 125 539 киши каза тапты. Экинчи орунда 1 313 667 киши менен Бразилия турат. Каза болгондордун саны — 57 070. Үчилтикти 633 542 деген көрсөткүч менен Россия жыйынтыктайт. Бул өлкөдө 9 060 киши каза болду.

Россия COVID-19га каршы дары жана тесттерди дүйнөлүк рынокко алып чыгууга даяр

Акыркы аптада вирус кескин жайылып кеткен өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан дагы бар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) биздин өлкө менен катар дагы 11 мамлекетти атап, булардагы көрүнүш жалпы пандемиялык абалды начарлатып жатканын белгиледи. Алардын кайсы мамлекеттер экенине кызыксаңыз, төмөнкүлөр: Армения, Швеция, Молдова, Түндүк Македония, Азербайжан, Казакстан, Албания, Босния жана Герцеговина, Кыргызстан, Украина жана Косово.

Ал эми COVID-19ду бекем ооздуктап турган өлкөлөрдүн арасынан эң үлгүлүү катары Япония жана Таиландды атаса болот. Тагыраагы, 126,5 миллион эли бар Япония акыркы айларда вирус жуктургандардын санын 18 миң кишиден ашырбай кармап турат. Ал эми 69 миллион жашоочусу бар Таиландда бул көрсөткүч 3 миң адам деп айтылууда.

Нур-Султан: COVID менен ооругандардын 92%ында пневмония аныкталган

Кыргызстанда 28-июнь күнү вирус жуктургандардын саны 4 748ге жетти. Алардын арасынан 2 242 сакайды, 47 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0