Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 500 миңден ашты

© REUTERS / FLAVIO LO SCALZOОоруканадагы медицина кызматкери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда вирустан эң көп адам көз жумуп, саны 125 миң 809га жетти. Ал эми вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 10 миллион 117 миң 326 адам болууда.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жер бетинде COVID-19 вирусунан улам көз жумгандардын саны 500 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Джонс Хопкинс университетинен кабарлашты.

Акыркы маалыматтарга ылайык, саат 9:40ка карата дүйнөдө вирустан 501 миң 281 бейтап көз жумду. Алардын көпчүлүгү (125 829) АКШда катталды. Ал эми вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 10 миллион 117 миң 326 адамга жетти.

Коронавирус илештирген дагы үч бейтап каза болду

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда COVID-19га кабылгандар 5 017 болуп, 2 294 адам айыкса, 50 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0