Вакцинаны акысыз жасоого чакырык салабыз! Нобель сыйлыгын алгандар үн катты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чакырык таштаган демилгеге мурдагы мамлекет башчылар, саясатчылар, дүйнөгө белгилүү режиссер, актерлор кошулду.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жүздөн ашык лидерлер, анын ичинде Нобель сыйлыгынын 18 лауреаты дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасап, COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны адамзат үчүн бардыгына жеткиликтүү кылуу зарылдыгын айтып, чакырык таштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Бангладештеги Юнус борборуна шилтеме кылып жазып чыкты.

"Биз өкмөт, фонд, кайрымдуу инсандарга, социалдык компанияларга вакцинаны акысыз чыгарып, дүйнө жүзүнө бекер таратууга чакырабыз. Бардык социалдык, саясий, медициналык уюмдарды жамааттык жоопкерчиликти сезип, эч кимди бөлбөй калктын аялуу катмарына тегиз кол сунууга үндөйбүз", — деп жазылат маалыматта.

Аталган демилгеге мурдагы мамлекет башчылар, саясатчылар, дүйнөгө белгилүү режиссер, актерлор кошулду. Алардын арасында СССРдин экс-президенти, Нобель сыйлыгынын лауреаты Михаил Горбачев, Еврокомиссиянын мурдагы президенти жана Италиянын экс-премьер-министри Романо Проди, актер Жорж Клуни, Мэтт Дэймон жана Шерон Стоун бар.

COVID-19: Россияда сыноо үчүн вакцина сайдыргандардын абалы айтылды

Жонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, жер бетинде коронавирустан 501 миң 281 бейтап көз жумду. Мерт болгондордун көпчүлүгү АКШда катталып, алардын саны 125 миң 809 адамга жетти.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда COVID-19га кабылгандар 5017ге чукулдап, 2294 адам айыкса, 50 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0