Коронавирустун пандемиясы абдан күч алууда. ДССУ билдирүү жасады 

© REUTERS / CALLAGHAN O'HAREМедициналык кызматкер
Медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык уюм бүгүн, 30-июнда, Кытайдан өпкөнү жабырткан оорунун белгисиз түрүнүн очогу чыкканына жарым жыл толгонун белгилеген. 

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Айрым мамлекеттерде эпидемиологиялык абал жакшырганына карабастан дүйнөдө COVID-19 инфекциясы өтө тездик менен жайылууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.

Вакцинаны акысыз жасоого чакырык салабыз! Нобель сыйлыгын алгандар үн катты

"Айрым өлкөлөр мурдагы жашоосуна кайтып, ишин уланткандан бери оору өсүп баштады. Көп адам вируска туруштук бере албай калды. Биз оор кырдаалдан дагы деле чыга албай жатабыз", — деген Гебрейесус.

Ал эл аралык уюм 30-июнда Кытайда өпкөнү жабырткан оорунун белгисиз түрүнүн очогу  чыкканы тууралуу маалымат алганына жарым жыл толгонун белгилеген.  Алты ай ичинде оору жуктургандардын саны 10 миллионго жетип, 500 миң адам каза болгондугун кошумчалаган.

Буга чейин ДССУ башчысы дүйнө пандемиянын кооптуу жаңы фазасына өткөндүгүн билдирген. Анын айтымында, бул адамдардын үйдө отура бергенден тажап же жумуш издеп сыртка көп чыгып жаткандыгы менен байланыштуу. Бул учурда вирус мизин кайтара элек болчу.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0