Amazon интернет-дүкөнүндүн конвейери. Архив

Германияда Amazon кызматкерлери COVID-19дан улам иш таштады

(жаңыланган 12:38 30.06.2020)
Буга чейин Amazon компаниясынын Европа өлкөлөрүндөгү логистикалык борборлорунда COVID-19 чыгып, бирок фирма аталган объектилерин жабуудан баш тарткан.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Германияда Amazon компаниясынын логистикалык алты борборунун кызматкерлери COVID-19дан улам иш таштады. Бул туурасында "Россия-24" телеканалы билдирди.

Европада COVID көбөйүп, эпидемия коркунучунда. ДССУ коңгуроо кагып жатат

Анда ишканадагы кызматкерлердин 30-40ка жакынынан коронавирус табылып, ал эми жетекчилик кандайдыр бир чараларды көрүүдөн баш тартканы айтылган.

Кызматкерлер компания адамдардын ден соолугун эмес, кирешени биринчи орунга коюп жатат деген пикирин Reuters агенттигине билдиришкен.

"Уккан маалыматка караганда, 40-50гө чукул кесиптештерибиз оору жуктуруп алган", — дешкен алар.

Иш таштоо "Жакшы иш жана бекем ден соолук үчүн" деген ураандын алдында өтүп, анын дагы эки суткага созулары айтылууда.

Германия Amazon үчүн АКШдан кийинки эле экинчи рынок деп эсептелет. Маалыматтарда февралдан тарта аларга 470 миллион антисептик, 21 миллион кол кап, 19 миллион беп кап жана башка сактануучу каражаттар, 39 миллион коробка дезинфекциялоочу майлыктарга буюртма беришкен.

Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги

Буга чейин Европа өлкөлөрүнүн бир катар логистикалык борборлорунда COVID-19 чыгып, бирок фирма аталган объектилерин жабуудан баш тарткан.

"Адамдар, өзгөчө улгайгандар жана ден соолугу начарлар, коомдо бири-биринен обочолонуп жашап калган учурдагы шартта товарды сиздин босогоңузга жеткирип берүү биз үчүн маанилүү", — деп түшүндүрүшкөн Amazon компаниясынан.

Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму айрым мамлекеттерде эпидемиологиялык абал жакшырганына карабастан, дүйнөдө COVID-19 инфекциясы өтө тездик менен жайылып жатканына тынчсыздангандыгын билдирүүдө.

Белгилер:
иш таштоо, Amazon, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1376)
Тема боюнча
Токаев катуу тартиптеги карантин киргизүү чараларын иштеп чыгууну тапшырды
Вакцинаны акысыз жасоого чакырык салабыз! Нобель сыйлыгын алгандар үн катты
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

(жаңыланган 11:33 19.04.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.

"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, пандемия, айыл чарба, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) логотиби. Архив

Европада уюшулган футболдук Суперлига. FIFA демилгеге караманча каршы

(жаңыланган 12:08 19.04.2021)
Дүйнөлүк футбол уюму мындай чечимди эл аралык футболдун чектен чыккандыгы катары кабылдап, аны "сепаратисттик лига" деп атаган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) Европада футболдук Суперлига уюштуруу боюнча демилгени четке кагат. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсү тууралуу Р-Спорт жазды.

Европадагы 12 алдыңкы футболдук клуб: "Манчестер Юнайтед", "Арсенал", "Челси", "Тоттенхэм", "Манчестер Сити", "Ливерпуль" (баары – Англия); "Реал Мадрид", "Барселона", "Атлетико" (баары – Испания); "Интер", "Милан" жана "Ювентус" (баары – Италия) континентте клубдар арасындагы жаңы Суперлига мелдеши уюшулганын жар салышты. Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 20 команданы катыштыруу пландалганы айтылат.

Мелдеш Европа футбол ассоциацияларынын союзу (UEFA) алкагында өтүүчү еврокубокторго альтернатива катары каралууда.

Клубдардын билдирүүсүнө ылайык, уюштуруучу клубдар Европанын учурдагы мелдештеринин сапатын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

Дүйнөлүк футбол уюму мындай чечимди эл аралык футболдун чегинен чыккандык деп эсептей турганын айтып, билдирүү таратты.

"FIFA мындай эл аралык футболдук түзүмдөрдөн сырткары уюшулган "европалык сепаратисттик лига" түзүү чечимине каршы", — деп айтылат дүйнөлүк уюмдун маалыматында.

Уюмдун мындай кадамын Франция жана Германиянын футболдук клубдары колдоого алышкан.

Белгилер:
Суперлига, сын, демилге, Европа, УЕФА, ФИФА, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык жаш футболчулар Гиннесс рекордун жаратууга аракет кылып жатат
КР футболчулары кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына каршы акция уюштурду
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:19 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чуу чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн