"Курулай күнөөлөө". Россия ТИМи NYT жазган макалага жооп берди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын Тышкы иштер митистирлиги. Архив
Россиянын Тышкы иштер митистирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин директору Замир Кабуловдун айтканына караганда, макалада каралоо басымдуулук кылат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россия ТИМи Россиянын талибдер менен "көмүскө бүтүмү" боюнча далилдер бар деген маалыматтарга комментарий берди. Бул туурасында Sputnik радиосу маалымдады.

РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин директору Замир Кабуловдун айтканына караганда, макалада каралоо басымдуулук кылат.

"Бизге далил керек, ал эми бул жазгандарда жок болуп жатат. Бул курулай айтылган нерселер", — деген Кабулов.

Ал макалада жазылган баңгизаттарын аткезчилик менен ташыган Рахмат Азизи туурасында алды кийин укпагандыгын билдирди. Жарыяланган макалада ал эки тараптын ортомчусу болгон деп айтылып жүрөт.

Дипломаттын айтканына таянсак, материалды окуп жатканда жооптон да суроолор көп пайда болот.

"Жалган нерсени да жакшылап даярдаш керек", — деп кошумчалаган Кабулов.

Бир нече күн мурда NYT басылмасы Россия менен "Талибан" кыймылынын "көмүскө бүтүмү" бар деген маалымат таратып, анын "ортомчусун" да атап жиберди. Материалдын авторлорунун пикиринде, ал Рахмат Азизи аттуу аткезчи.

Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?

Буга чейин NYT атайын кызматтын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнө таянып, россиялык аскер чалгынчылыгы талибдердин согушкерлерине Афганистандагы америкалык аскерлерге кол салса акы төлөп берүүнү сунуштаган деген нерсени жазган. Макалада далилдер келтирилген эмес. Америкалык бул басылманын маалыматын "Талибандын" өкүлү Забиулл Мужахид да четке каккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0