Жүрөккө кайсы витамин пайдалуу экендиги айтылды. Изилдөө

Жазылуу
Атайын жүргүзүлгөн изилдөөдө D витамининин концентрациясы нормадан ылдый болгондордо инфаркт жана инсульт менен жабыркагандар көп аныкталган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Адамдын организминде D витаминдин жетишсиздиги жүрөк-кан тамыр ооруларын өөрчүтөт. Бул тууралуу Известия кардиолог жана терапевт дарыгер Ирина Мурадянга шилтеме кылып жазып чыкты.

"D витамини жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Андан сырткары артериалдык гипертензия кооптуулугунун жаралбашына шарт түзөт", — деген адис.

Окумуштуулар 100 жашка чейин өмүр сүрүүнүн сырларын айтып беришти

Окумуштуулар 18 жаштан жогору курактагы 16 миңден ашык киши катышкан изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында организминде D витаминдин аралашмасы адаттагы калыбынан ылдый болгондордо инфаркт жана инсульт көп кездешери аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0