Монголияда үчүнчү кишиден бубон чумасы чыкты. Бийлик коңгуроо кагууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканада иштеп жүргөн дарыгер. Архив
Ооруканада иштеп жүргөн дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баян-Улгий Монголиянын батыш тарабында жайгашкан аймак, аталган административдик-аймактык бөлүк Россия жана Кытай менен чектешет.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Монголиянын батышындагы Баян-Улгий аймагында (Кытай түндүк тарабы менен чектешет) бубон чумасын жуктуруп алган үчүнчү адам аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Синьхуага шилтеме кылып жазып чыкты.

Улаанхустагы ооруканага 15 жаштагы бала жаткырылган. Ал ага чейин суурдун этин жегени айтылды. Саламаттык сактоо министрлиги элди суурга аңчылык кылуудан жана анын этин жегенден алыс болууга чакырууда.

Буга байланыштуу Кытайдын түндүгүндө үчүнчү деңгээлдеги эпидемиологиялык коопсуздук жарыялангандыгын RT Телеграмм-каналына жазды.

ДССУ жаңы вирус тууралуу айткан кытайлык окумуштууларга жооп берди

Баян-Улгий Монголиянын батыш тарабында жайгашкан аймак, аталган административдик-аймактык бөлүк Россия жана Кытай менен чектешет.

Буга чейин дагы ал жакта жашаган эркек менен аялдан бубон чумасы табылгандыгы кабарланган. Алар дагы суурдун этин жешкен.

Бубон чумасы — бактериялык илдет. Ал адамга бүргө чагып, кемирүүчүлөр тиштегенде жугат жана аба аркылуу тарайт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, аны жуктуруп алган адам тез арада дарыланбаса, бир суткага жетпеген убакытта кайтыш болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0