Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш

© Sputnik / Доминик Бутен / Медиабанкка өтүүЗимняя сессия ПАСЕ
Зимняя сессия ПАСЕ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мир глазами СМИ в 2020 году" конференциясы Россия жана дүйнө жүзүндөгү журналистиканын азыркы абалын анализдөөгө арналган.

Эстон бийлиги сөз эркиндигинин принциптерин бузуп, Sputnik Эстония агенттигинин ишмердүүлүгүн чектөөнү улантууда. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Елена Черышева "Мир глазами СМИ в 2020 году" деп аталган эл аралык конференцияда сүйлөп жатып айтты.

Иш-чарага Sputnik агенттигинин америкалык жана европалык редакцияларынын өкүлдөрү катышкан. Алардан тышкары РФ ТИМинин Маалымат жана басма сөз департаментинин директору Мария Захарова, америкалык көз карандысыз журналист Ева Бартлетт жана швейцариялык жазуучу Ги Меттан сөз сүйлөштү.

Sputnik Эстониянын редактору Черышева: эстончо сөз эркиндиги ЖМК үчүн кооптуу

Талкуунун негизги темаларынын бири Балтика мамлекеттериндеги Sputnik өкүлчүлүгүнүн байма-бай кысымга алынышы болду. Елена Черышеванын айтымында, Sputnik Эстония Балтика регионундагы башкача ойлонууга каршы күрөшүүнүн мыкты мисалы болуп калды.

"Административдик кысым, экономикалык блокада, саясий цензура, кылмыш ишин козгоо опузасынын баарын жон терибиз менен сездик. Эстониянын полициясы гана европалык санкцияларды өз каалаганындай түшүнөт сыяктуу", — деди Черышева.

Жетекчи 2020-жылдын 1-январынан тарта Sputnik Эстония сайты өзгөчө режимде иштеп жатканын эскертти. Агенттиктин кызматкерлери "Россия сегодня" эл аралык агенттиги менен иштешсеңер кылмыш иши козголот" деген полициянын коркутуусунан улам иштен кетүүгө аргасыз болушкан. Эстония бийлиги "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго киргизилген чектөөлөрдү пайдаланууда. Бирок агенттиктин өзү ушу кезге чейин бир дагы санкциялык тизмеде жок.

Черышеванын айтымында, Европанын Sputnik Эстонияга карата мамилеси аны кооптондуруп келет.

"Брюссель унчукпай отурат, бул кылмышка тете. Алар Sputnik агенттигин жабуу боюнча Эстониянын тажрыйбасын пайдалануу үчүн башка мамлекеттерге жол ачууда", — деди журналист.

"Россия сегодня" ПАСЕде: журналисттерди кодулоо, түрмө, кесип ишеними жөнүндө

Азырынча редакция салык төлөмдөрүн камактан чыгарууга гана жетише алган. Мындан улам агенттик эстон казынасына салык төлөөсүн улантып келет, бирок салык департаменти электрондук тейлөөгө тыюу салган. Черышева "Россия сегодня" эл аралык агенттиги абалдан чыгуунун жолун табарына үмүт артып, ушу тапта чындыкты улуттук тилде айтуу өтө маанилүү экенин белгиледи.

Журналист жана саясий таануучу Армен Гаспаряндын айтымында, европалык структуралардын унчукпаганы Балтика мамлекеттеринде сөз эркиндигинин жоктугун айгинелейт. Ал европалык уюмдар Sputnik Эстония россиялык ЖМК болгону үчүн кийлигишпей жатканын кошумчалады. 

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүЖурналист жана саясий таануучу Армен Гаспарян
Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш - Sputnik Кыргызстан
Журналист жана саясий таануучу Армен Гаспарян
"Бир катар өлкөлөрдө Sputnik редакцияларын куугунтуктоо көндүм ишке айланып калды. Балким, сөз эркиндигин биз туура эмес түшүнүп жаткандырбыз. Балким, бул терминге "сөз эркиндиги — бул биз тараптан айтылган чындыкты атайылап көз жаздымда калтыруу" дегенди кошуу керектир", — деди Гаспарян.

Журналисттин сөзүн Франциядагы Sputnik редакциясынын тушуккан абалы да тастыктайт. Басылма ушу кезге чейин президенттик пулдун аккредитациясынан өтпөй, Елисей сарайына бара албай келет. Бул тууралуу аталган агенттиктин өкүлү Марья Липатова билдирди.

"Франк тилдүү ЖМКлардын арасынан биз биринчи болуп коронавирус тууралуу жазып, пандемияга карабай ишибизди уланттык. Sputnik кабарчысынын жасаган репортаждары кийин Франциянын ЖМКлары тарабынан кеңири колдонулду", — деди ал.

Липатова Sputnik Франция россиялык саясатчылардын айтканын француз тилине которуп жарыялаганы менен дайым фейк маалыматтарга күнөөлөнүп келерин белгиледи.

"Буга карабастан агенттиктин аудиториясы кеңейүүдө. Sputnik Франциянын цитаталарын колдонгон кесиптештерибиздин бизге болгон ишеними да артып барат", — деп сөзүн жыйынтыктады журналист.

ЕККУ төрагасы Sputnik Эстония боюнча абалга пикирин айтты

"Мир глазами СМИ в 2020 году" конференциясы Россия жана дүйнө жүзүндөгү журналистиканын азыркы абалын анализдөөгө арналган. Иш-чара 7-июль күнү "Россия сегодня" агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда онлайн форматында өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0