Дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 12 миллиондон ашты

© REUTERS / THOMAS PETERЭлдер коронавируска тестирлөөгө кезекте турушат. Архив
Элдер коронавируска тестирлөөгө кезекте турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дартты жуктуруп алгандардын сап башында АКШ турат. Ал жакта 3 миллиондон ашык адамга COVID-19 илешкен. Каза болгондордун саны боюнча да Америка биринчи орунда.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жер жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 12 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Билдирмеге ылайык,коронавирус илештирип, андан дарылангандардын саны 12 миллион 12 миң 125ке жетип, 548 миң 799 киши оорудан көз жумган.

Ал эми 6 миллион 533 миң 436 киши айыгып чыккан.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Дартты жугузуп алгандардын сап башында АКШ мамлекети турат. Ал жакта COVID-19 жуктуруп алгандар 3 миллиондон ашты. Экинчи орундагы Бразилияда 1 миллион 700 миңден көп киши ооруган. Андан кийинки эле сапка Индия илинди. Бул мамлекетте коронавирус 742 миңден ашык адамга жуккан. Каза болгондордун саны боюнча да Америка биринчи орунда турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0