Алтындан жасалган коргоочу бет кап. Архив

Индияда бриллиант чөгөрүлгөн бет каптар сатыла баштады

188
(жаңыланган 09:40 12.07.2020)
Буга чейин ушул эле өлкөдө алтындан бет кап жасаткан киши тууралуу айтылган. Баасы 4 000 доллар болчу.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Индиядагы ювелир дүкөндөрдүн бири бриллиант чөгөрүлгөн бет каптарды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Sputnik радиосу кабарлады.

Өзгөчө товар тууралуу дүкөндүн ээси Дипак Чокси айтып берген. Анын сөзү боюнча кымбат баалуу бет кап сатуу идеясы үйлөнчү адамдын буюртмасынан кийин пайда болгон.

4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы

Ушундан соң алтын жана Американын бриллианттары бар бет каптар даярдалып, баасы 150 миң рупий (1 990 доллардан көбүрөөк) деп бычылган.

"Дагы бир түрү ак алтындан жана таза бриллианттан жасалган. Анын баасы 400 рупий (5 300 доллардан ашыгыраак)", — деген дүкөн ээси.

Чоксинин айтымында, бет каптын материалы коргоочу каражаттардын нормасына төп келет, ал эми таштарынан каалаган учурда башка жасалгаларды жасап алууга болот.

188
Белгилер:
соода, дүкөн, бриллиант, алтын, Индия, бет кап
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (966)
Тема боюнча
"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

36
(жаңыланган 23:57 13.08.2020)
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

36
Белгилер:
кармоо, журналист, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Дистанциондук сабак өтүп жаткан окуучу. Архив

Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши

135
(жаңыланган 18:55 13.08.2020)
Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин окуучуларды аралыктан окутуу пландалып жатат. Болгону 1, 5, 9 жана 11-класстар күн алыс мектепке барып, калган учурда үйдө окушу мүмкүн.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Балага аралыктан окуган учурда кийимин алмаштыруу талапка ылайык. Бул тууралуу Sputnik Казакстан радиосунун эфиринде "Квалификацияны жогорулатуу боюнча улуттук борбор" мекемесинин бөлүм башчысы Айман Кусаинова айтып берди.

"Үйдө отуруп сабакка мектептегидей кунт коюу, процесске баш-оту менен аралашуу бала үчүн оңой эмес. Балалык кылып ар нерсеге алаксыйт. Ошол себептен болушунча мектептегидей атмосфера керек. Жадагалса кийимине чейин алмаштырып, өзүн кадимки сабакта отургандай сезгенге шарт түзүү зарыл", — деди Кусаинова.

Министрлик окуучулардын мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди

Анын айтымында, колдон келишинде бала сабак окуган бөлмө же бурч ошол гана максатта колдонулганы жакшы.

"Ал жерде ар дайым компьютер, планшет сыяктуу байланыш каражаты жана окуу куралдары гана болушу шарт", — дейт адис.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин окуучуларды аралыктан окутуу пландалып жатат. Болгону 1, 5, 9 жана 11-класстар күн алыс мектепке барып, калган учурда үйдө окушу мүмкүн.

135
Белгилер:
кеңеш, кийим, окуучулар, мектеп
Тема боюнча
1-класстар мектепке күн алыс барып окушу мүмкүн. Элмира Иманалиева менен маек