ДССУ башчысы: көп өлкө вирус менен күрөшүүдө "туура эмес жолду" тандады

© AP Photo / Yorgos KarahalisОтдыхающие во время аренды шезлонгов на пляже в Греции
Отдыхающие во время аренды шезлонгов на пляже в Греции   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө бир катар аймакта COVID-19 кайрадан катталып, мурдагы карантиндик чаралар кайталанып киргизилип жатат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө көптөгөн өлкөлөр "туура эмес жолду" тандап алышканын билдирди. Бул тууралуу Евроньюс жазды.

ДССУнун башчысы жакынкы аралыкта дүйнө кадимки турмушуна кайтып келе албай тургандыгын айткан.

Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Сапардын максаты

"Эгерде улуттук өкмөттөр жарандарга инфекциянын санын азайтуу жана адамдардын өмүрүн сактап калуу боюнча стратегияны так түшүндүрүп бере албаса, ошондой эле калк оорунун алдын алуунун негизги эрежелерин (колду жууп, маска тагынуу) сактабаса, анда бизде пандемиянын бир гана сценарийи бар — кырдаал курчуйт", — деген Гебрейесус.

Көп өлкөдө жана региондордо COVID-19 кайрадан катталып, мурдагы карантиндик чаралар кайталанып киргизилип жатат. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы бардыгы эле кезектеги обочолонууга даяр эмес экендигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0