БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Дүйнөдө бир күндүн аралыгында 237 743 адамдан коронавирус аныкталып рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди.
Мурдагы антирекорд 12-июлда катталып, бир күндө 230 миң адамга оору жукканы белгилүү болгон.
ДССУнун соңку маалыматына ылайык, жер жүзүндө жалпысынан 13 миллион 616 миң 593 адам COVID-19 жуктуруп алган. Ал эми 585 727 киши каза тапкан.
Адис: COVID симптомcуз өтпөйт, болгону бул адамдардын иммунитети күчтүү
Бул илдет Түндүк жана Түштүк Америкада (7,1 миллион) жана Европада (3 миллион адам) көбүрөөк катталып жатканы айтылат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.
Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.
16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.
Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин делегациясы төрага Талант Мамытовдун жетектөөсү менен Санкт-Петербургга учат. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, төрага КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышат.
Пленардык жыйында коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле Мамытовдун бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.
Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.
"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.
Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.
"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.