Күздөгү сасык тумоо коронавирус менен күрөшүүнү оорлотот. Эмне кылуу керек?

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүРабота медиков с больными COVID-19 в клинике МГУ
Работа медиков с больными COVID-19 в клинике МГУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер пандемияга байланыштуу күз мезгилинде абал курчушу мүмкүн экендигин баса белгилейт. Анткени COVID-19 менен сасык тумоонун белгилери дээрлик айырмаланбайт.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Күздөгү сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук-инфекциялык оорулардын алдын алуу үчүн эмдөөнү милдеттүү кылуу керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Тель-Авив шаарындагы Ихилов ооруканасынын дарыгери Гай Хошенге шилтеме кылып жазып чыкты.

Аталган медициналык мекеменин коронавирус бөлүмүнүн жетекчисинин айтымында, бул аракеттер медицина системасынын жумушун аз да болсо жеңилдетет.

Соңку бир күндө дүйнөдө COVID жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

"Күздөгү сасык тумоого бир гана эмдөө жардам берет. Учурда Израиль анын дары-дармектерин ири көлөмдө сатып алып жатат. Атайын буйруктун негизинде эмдөөнү адамдарга милдеттүү кылдыруу маселеси азыр маанилүү бойдон турат", — деди Гай Хошен.

Дарыгер пандемияга байланыштуу күз мезгилинде абал курчушу мүмкүн экендигин баса белгилейт. Анткени COVID-19 менен сасык тумоонун белгилери дээрлик айырмаланбайт.

Адис: COVID симптомcуз өтпөйт, болгону бул адамдардын иммунитети күчтүү

"Сентябрь, октябрь, ноябрь айларында азыркыга караганда абал оор болот. Курч респиратордук вирустук инфекциялардын маалы күчөп, ооруканаларга дем алууну кыйындаткан вирустар менен бейтаптар көп келе баштайт. Алардын белгилери COVID-19га аябай окшош болгондуктан айырмалоо кыйын болот", — деп эскертти дарыгер.

Ал саламаттык сактоо тармагы кыйналып, ооругандарды бөлүштүрүүдө маселе жараларын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0