БУУ катчысы: планетадагы байлыктын жарымы 26 кишинин колунда

© AFP / JONAS EKSTROMER / TT / TT NEWS AGENCYБУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гутерриштин айтымында, пандемиядан улам өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык абалы мурдагысынан да начарлап кетти.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш планетадагы байлыктын тең жарымы 26 адамдын колунда экенин Нельсон Манделаны эскерүүгө арналган лекция учурунда билдирди.

Гутерриш адамдар ортосундагы теңсиздиктин күчөп жатканына көңүл бурган. Анын бир критерийи катары элдин финансылык абалын мисал келтирген.

"Теңсиздик — биздин замандын мүнөздүү белгиси болуп калды. Жер жашоочуларынын 70 пайыздан ашыгы киреше жана байлыктын теңсиздигин башынан кечирүүдө. Планетанын жарымына таандык байлык 26 кишинин колунда", — деди башкы катчы.

Анын айтымында, миллиондогон кишинин жашоо-турмушу анын төрөлгөн учурунан тарта пайда болгон факторлор менен аныкталууда.

БУУнун катчысы кансыз согуштун алдын алуу жолун айтты

"Адамдардын ийгиликтүү болушу алардын жынысынан, тегинен, расасынан, майыптыгынын бар-жогунан жана башка бир катар факторлордон көз каранды", — деди Гутерриш.

Ал пандемиядан улам өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык абалы мурдагысынан да начаралап кеткенин белгиледи.

"Булардын бересесин кечип эле тим болбостон, карыз алуу боюнча атайын укук бекитип берүү боюнча да иш алып баруудабыз", — деди Гутерриш.

Ал өнүккөн өлкөлөр бүгүнкү күндө экономиканы колдоо үчүн триллиондогон доллар коротуп жатканын белгилеп, өнүгүп келе жаткан мамелкеттерге тикелей колдоо көрсөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0