Эпидемиолог: коронавирус адамга көнүп, терс таасири азайып баратат

© AP PhotoCOVID-19 коронавирусунун микроскоптон көрүнүшү. Архив
COVID-19 коронавирусунун микроскоптон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, коронавирус калк арасында кеңири тарагандыктан, эл ага көнүп баратат. Ошондуктан ылаңдаткыч касиети да төмөндөөдө.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Коронавирус адамга көнүп баратат, буга байланыштуу ооруларды чакыруу жөндөмү ылдыйлаганы байкалууда. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эпидемиологу Николай Брикого шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Калк арасында кеңири тараган вирус адамга ылайыкташып, анын ылаңдаткычтыгы (вирулентность) төмөндөп баратат. Бирок кайрадан пайда болгон вирустар коркунучтуу болуп саналат. Алардын чыкпай коюшу дагы мүмкүн эмес", — деп айтылат маалыматта.

COVID: Мишустин Россияда жасалган 4 вакцина адамга коопсуз экенин айтты

Ал кошумчалагандай, коронавирустун сезондук жайылышы ноябрь-декабрь айларында болжолдонууда. Бирок ал жолкусунда оору көп деле катталбашы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0