Сабак өтүп жаткан окуучулар. Архив

Илимге мектептен тарта багыттоо. КМШда жакынкы 10 жылда ишке ашчу программа

154
(жаңыланган 10:51 23.07.2020)
Азыр балдарды изилдөө долбоорлоруна кызыктырып гана тим болбош керек. Аларды илимди уюштурууга үйрөтүү зарыл. КМШ өлкөлөрүнүн Инновациялык кызматташтык жаатында мамлекеттер аралык программасынын жетекчилери ушундай оюн ортого салды.

Кечээ, 22-июлда, Москвада КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Экономикалык маселелер боюнча комиссиясынын жыйыны өттү. Коронавирус пандемиясынан улам бул иш-чара жарым-жартылай онлайн өттү. Белоруссия, Тажикстан, Түркмөнстандын өкүлдөрү видеоконференция режиминде сөз алышты. Жыйынды өткөрүү вазыйпасы быйыл Өзбекстанга табышталгандыктан, аны бул ирет аталган республиканын толук ыйгарымдуу өкүлү Шохрух Гуламов алып барды.

Комиссия мүчөлөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде 2021-жылдан 2025-жыл аралыгында өткөрүлчү иш-чаралардын планын, айыл чарбасын өнүктүрүүнү талкуулашты. Бирок жыйында 2030-жылга чейин КМШга мүчө-мамлекеттердин Инновациялык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык программасына айрыкча басым жасалды. Бул долбоор 2020-жылга чейинки Мамлекеттер аралык кызматташтык программасынын уландысы болмокчу.

Махабат, жумуш жана дартты жеңүү: Россияда билим алган жаштардын "табылгасы"

Аны жакшыртуу үчүн былтыркы жылдын аягынан бери "Сколково" фондунун колдоосу менен консультанттардын бүтүндөй тобу иш алпарууда. Бул туурасында Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Михаил Брюханов өз сөзүндө билдирди.

"Алардын катарына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын илим-изилдөө ишмердиги жаатындагы эксперттер кирген", — деди ал.

Долбоор боюнча макулдашуунун жүрүшүндө Экономикалык маселелер боюнча комиссиянын мүчөлөү аны жогору баалашты. Жаңыртылган программанын өзгөчөлүгү катары КМШга мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык кызматташтыгынын натыйжалуулугун жана ачыктыгын арттырган бир катар демилгелер болду.

Атап айтканда, бул КМШ аймагындагы чакан жана орто инновациялык ишканалардын ишин өзгөртүү экенин долбоорду иштеп чыгуучулардын эл аралык тобунун жетекчиси Сергей Маленко белгилеп өттү.

COVID менен чогуу күрөшүү, сооданы күчөтүү. ЕАЭБ премьерлери эмне жыйынтыкка келди

"Биз аларды ири компаниялар менен бир катарда орун алуусун камсыздоого тийишпиз. Ошондой эле биз чакан ишканалардын ишине баштапкы баскычта эле окумуштууларды тартуубуз зарыл", — деди ал.

Маленконун пикиринде, окумуштууларды шыктандыруу үчүн КМШ өлкөлөрүндө илимий изилдөөлөргө техникалык сынак жана гранттардын санын арттыруу абзел. Бул ар кайсы мамлекеттердеги өнөр жай компанияларынын адистерине жана өкүлдөрүнө бири-бири менен тыгыз кызматташтыкты орнотууга көмөкчү болот.

"Биздин башкы максат — бул өнөр жай жана илим тармагында бирдиктүү талаа жаратуу. Бирок аны түзүү үчүн үзгүлтүксүз билим берүүнү да өнүктүрүү зарыл. Башкача айтканда, айрым багыттар боюнча ишти мектеп партасынан баштоо керек. Буга илим гана эмес, экономиканын негиздери, илимди уюштуруу да камтылышы кажет. Анткени уюштуруу иштери туура жүргүзүлбөсө, эч бир долбоор чоң натыйжа алып келбейт", — деген оюн билдирди Сергей Маленко Sputnik агенттигине.

КМШга мүчө өлкөлөрдүн Инновациялык кызматташтык жаатындагы мамлекеттер аралык программасынын долбоору быйыл 30-апрелде Экономикалык кеңештин жыйынында талкууга алынган. Ушул тапта ал КМШ өлкөлөрүндө каралууда.

Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай

Программанын негизги милдети — инновация жана илим жаатында улуттук мүмкүнчүлүктөрдү бириктирген мамлекеттер аралык мейкиндикти түзүү.

Программа авиациялык-космостук жана транспорттук системалар, маалыматтык коопсуздук, геномдук технологиялар, наносистемалардын индустриясы, медицина жана саламаттык сактоо, өндүрүш жана өнөр жай, жаратылышты пайдалануу, социалдык инфраструктура, энергетика өңдүү бир нече багытта ишке ашырылат.

154
Белгилер:
долбоорлор, программа, Инновациялар, окуу, КМШ, билим, илим, мектеп
Тема боюнча
КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук турнирин сентябрда өткөрүү пландалууда
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга барды

71
(жаңыланган 14:26 22.10.2020)
Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу

71
Белгилер:
Сергей Лавров, жолугушуу, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Рим папасы Франциск. Архив

Рим папасы Франциск бир жыныстуу никени мыйзамдаштырып берүүгө чакырууда

69
(жаңыланган 12:39 22.10.2020)
Дин өкүлүнүн айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Демек, бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Андыктан бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу зарыл.

"Бул үчүн бир дагы адам коомдон куулуп же бактысыз болбошу керек. Биз бул дүйнөгө душмандашуу үчүн эмес, үй-бүлөлүү болуу үчүн келгенбиз", — деди Рим папасы.

Эске салсак, ал башынан эле бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун колдоп келет.

69
Белгилер:
мыйзам, нике, үй-бүлө, Рим папасы Франциск
Тема боюнча
Рим папасы төшөк кумары тууралуу оюн билдирип, аны башкача баалады
Аял шайлоо учурунда добуш берип турат. Архив

Эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушталып, Конституция өзгөрүшү мүмкүн

3
(жаңыланган 15:04 22.10.2020)
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өткөнү жатат. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси экинчи окууда каралат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат. Бул туурасында депутат Талант Мамытов парламенттик жыйын башталар алдында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өзү менен кошо он чакты депутат азыркы саясий жана экономикалык кырдаалды, эпидемиологиялык абалды эске алуу менен шайлоолорду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Эл өкүлү бул аралыкта Конституциялык реформа дагы жасалышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси экинчи окууда каралат.

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилсе кандай эрежелер менен иш алып барыларын материалдан окуңуздар.

3
Белгилер:
шайлоо, Парламент, президент, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти