Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси

CC0 / Pixabay / wasi1370Полезные свойства облепихи
Полезные свойства облепихи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нутрициолог С витамини адамды калыбына келтире турчу бардык процессте керек болгон жападан жалгыз антиоксидант экенин белгиледи.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Нутрициолог Яна Иванова организмге С витамини жетишпей жатканда кандай белги берерин айтып, бул витаминге бай азыктарды атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, организмге аскорбин кычкылы жетишпей жатканда адам бат чарчап, көп нерсеге кайдыгер боло баштайт. Ошондой эле ишке жарамдуулук азайып, үшүкчөөл болуп калат. Мындан сырткары, тырмактар бат сынып, чач түшүп, тиштер бошойт.

Арыктоо үчүн биринчи кезекте эмне кылыш керек? Диетологдун кеңеши

Нутрициолог С витамини адамды калыбына келтире турчу бардык процессте керек болгон жападан жалгыз антиоксидант экенин белгиледи.

Мындан сырткары, ал инфекция, сасык тумоого каршы турууга аскорбин кычкылы жардам берерин айтып, борбордук нерв системасын жакшы иштетерин кошумчалады. Ошондой эле канда глюкозанын деңгээлин да жогорулатат.

"Ачытылган капуста С витаминине бай. Ит мурун, кара карагат, киви, ананас, чычырканак, петрушка жана брокколини көп жегендер дагы аталган витаминге муктаж болбойт", — деди Иванова.

Буга чейин окумуштуулар ачытылган капуста коронавирустун кесепетин жеңилдете турганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0