Тарелкага салынган салат. Архив

Арыктайм дегендердин 10 катасы. Диетолог кеңеш айтып, эскертүү берди

562
(жаңыланган 09:45 25.07.2020)
Адистин айтымында, организмдин жакшы иштеши үчүн таза суу ичиш керек, бирок аны салмакка ченеп колдонгон туура.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Диетолог Ольга Деккер арыктайм дегендердин көп учурда кетирген каталарын айтып, кеп-кеңешин берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Суюктукту азыраак ичүү. Адистин айтымында, организм жакшы иштеши үчүн таза суу ичиш керек, бирок аны салмакка ченеп колдонгон туура. Мисалы, бир килограмм идеалдуу делген салмакка 30 миллилитр суу туура келет. Ошондо 75 килограмм салмактагы киши суткасына 2,2-2,5 литрден суу ичип турушу зарыл.

Тамакты аз-аздан жеш керек. Диетолог тамактын көлөмү 300-350 граммдан ашпаганы туура деп эсептейт.

"Эгер сиз тамактын порциясын азайтсаңыз организмде тамак топтошпой, бат-баттан заңдай албай каласыз. Ал эми токсиндер организмден убагында чыга албай калат. Бул сизге ашыкча салмактан арылууга жардам бербейт", — деген Деккер.

Окумуштуулар өмүрдү узартып, карылыкты жайлатуунун сырын атады

18:00дөн кийин тамак жебеш керек. Буга бир гана Деккер эмес башка диетологдор дагы кошулбайт. Анын айтымында, уктаарга чейин эки-үч саат мурда тамактанса болот.

Чөп чайларды ичүү. Мындай суусундуктар организмден суюктукту тез эле чыгарып салат. Аны менен катар пайдалуу минералдарды да кетирет. Адистин айтымында, мындан эч кандай пайда жок.

Байма-бай ачка болуп туруу. Ушул күндөрү буга чейин желген тамактарды организм майга айлантып, "запаска" калтырып коёт.

Бир айда 10 килограмм салмак таштабай калып кабатырлануу. Адистин айтымында, 30 күндүн ичинде үч-төрт килограмм салмак таштаса жетиштүү.

Диетага отуруп алуу. Деккер тооктун эти менен гречка, алма жана бадыраң менен адам өзүн чектеп койбош керек деп эсептейт.

"Бул учурда организм кыйналып калат. Анткени ал керектүү азыктарды убагында ала албай калып, кийин зыян азыктарды талап кылат", — деди адис.

Таттуудан таптакыр баш тартуу. Адис тамактан кийин бир аз ачуу шоколад жеп койсо ашыкча болбой турганын белгиледи.

Арыктоо үчүн биринчи кезекте эмне кылыш керек? Диетологдун кеңеши

Таттууну башкага алмаштыруу. Айрымдары таттуунун ордуна мейиз, коон, банан сыяктуу азыктарды көп жей баштайт. Алар организмди бат тойгузганы менен канда глюкозанын деңгээлин бирде көтөрүп, бирде түшүрүп жиберет. Аларды ченеми менен гана жеген оң.

Тамакты унутуп, спорт менен машыгуу. Арыктайм деген киши алгач туура тамактанышы шарт. Спорт андан кийинки орунда. Рацион туура тандалган учурда зат алмашуу жакшырып, ички органдар жакшы иштеп, теринин абалы, сырткы келбет оңолот.

562
Белгилер:
диетолог, туура тамактануу, арыктоо, ката
Тема боюнча
Чач түшпөсүн, тырмак сынбасын десеңиз... С витамини көп 8 азыктын тизмеси
Диетолог: ак нан, колбаса, тез татымдан баш тарткан оң
Венгриялык балбан Тамаш Лёринц

Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы

827
(жаңыланган 21:20 02.08.2021)
Кыргызстандык балбандын атаандашы дүйнө чемпионатын утуп, Олимпиаданын күмүш медалын тагынган. Дүйнөлүк рейтингде алдыңкы сапта турат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалда венгриялык Тамаш Лёринц менен кез келет.

Тамаш Лёринц 35 жашта. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун рейтингинде 77 килограмм салмак даражасында экинчи сапта турат.

Олимпиада оюндарынын байге ээси. 2012-жылы Лондондо өткөн Олимп оюндарында 66 килограмм салмакта финалга чыгып, күмүш медаль тагынган.

2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатын утуп Олимпиадага жолдомо алган. 2014, 2017 жана 2018-жылдары өткөн дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарга жетишкен. Төрт жолку Европа биринчилигинин жеңүүчүсү болуп саналат.

Лёринц жарым финалда ирандык, чейрек финалда япониялык, ал эми баштапкы этапта марокколук балбандарды уткан.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.

Акжол Олимпиада-2020 мелдешинин финалына чейин Армения, Азербайжан жана Тунис өлкөлөрүнүн балбандарын жеңген.

Балбандар грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашат. Финалдык беттеш эртең, 3-августта, болот.

827
Белгилер:
Акжол Махмудов, таржымал, Олимпиада-2020
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Атаандашын ай-буйга келтирбей жыккан Акжол. Жарым финалдагы жүрөк толкуткан видео
Былтыр 14:0 менен жеңилген. Айсулуунун алгачкы каршылашынын таржымалы

Жаалданган куруучу өнбөгөн карызы үчүн өзү курган тамды талкалап салды. Видео

279
Германияда көп кабаттуу үйдү салган адам акчасын төлөбөй койгондугу үчүн тамдын айнектерин жана балкондорун экскаватордун сузгучу менен талкалап салды. Муну ал өч алуу деп атаган.

Немец басылмалары окуя Блумберг шаарында болгонун жазышты. Имараттын жана анын жанындагы гараждардын чыгымы жарым миллион еврого бааланууда.

47 жаштагы "өч алгыч" субподрядчы болгон. Анын айтымына караганда, анын компаниясына 5 миллион евролук жумуштун акысын төлөп бербей коюшкан. Үй куруу үчүн башка техникаларды ижарага алып иштеткендиктен аларга да карыз болуп кеткен.

Экскаватор менен "өч алуу процессин" бүтүргөндөн кийин автоунаасына отуруп алып, полиция тилкесине барып, окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Тартип сактоочулар кийинчерээк ал адамдын бөтөн мүлктү талкалаганы үчүн жооп бере тургандыгын билдиришкен. Анткен менен ФГРдин мыйзамдары боюнча, ал адамдын иштери кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.

279
Белгилер:
Германия, курулуш, өч алуу, полиция
Тема боюнча
Иштен бошотулган киши Mercedes заводунда 50 автоунааны талкалап салды. Видео
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео