Үнүн азайт! Пилот адамдардын учакка кечиккен өзгөчө себебин айтты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта учакка жол тыгындар, көзөмөл жайында документ текшерүүлөрдөн улам кечигүүлөр көп болсо, пилот көп киши маани бере бербеген жагдайды айтып берген.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Атын атагысы келбеген учкуч адамдар каттамдан кечиге турчу өзгөчө себептердин бирин айтып бергенин "Известия" жазды.

Пилоттун айтымында, жүргүнчүлөр убакытты бат өткөрүү үчүн музыка жана подкасттарды угушат. Аудионун үнүн өтө чоңойтуп алышкандыктан каттам тууралуу жарыяларды укпай калган учурлар көп болот.

Ошол себептен учкуч музыка сүйүүчүлөрүн бир кулактагы кулакчынды алып коюуну же үнүн азайтып угууну сунуштаган.

Кытайда стюардесса жигити учактан колун сурагандыгы үчүн иштен алынды

Макалада айтылгандай, 2019-жылы Aviasales сервисинин адистери кечигүү менен учкан 180 миң жүргүнчүдөн сурамжылоо жүргүзүшкөн. Бир нече киши түндө кечеде болгондуктан эртең мененки каттамга үлгүрбөй калганын айтса, кээ бирөө аэропортто уктап калып жарыяны укпай калганын белгилеген. Ошондой эле кээ бири рейстин датасы менен саатын алмаштырып алса, айрымдары каттамдын башка убакытка жылып кеткендиги тууралуу маалыматты убагында окубай калганы белгилүү болгон.

Мындан сырткары, жол тыгындар, көзөмөл жайында документ текшерүү жана алаксып дүкөндөрдү кыдырып кетүү аэропортко өз убагында барбай калуунун салттуу себептери болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0