Окумуштуулар: диабети барларга COVID жукса каза болуу коркунучу 12 эсе жогору

© AFP / NOAH SEELAMКан анализин алып жаткан медицина кызматкери. Архив
Кан анализин алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктердин айтымында, кант диабети коронавирустан улам абалы оорлошуп кеткен факторлордун экинчи сабында турат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кант диабети бар адамдарга COVID-19 жуккандан кийин каза болуп калуу тобокелчилиги 12 эсе жогорулайт. Бул туурасында "Известия" басылмасы АКШнын Калифорния университетинин окумуштууларына таянуу менен жазды.

Адис диабет менен жабыркагандар коронавируска кабылганда башка адамдарга салыштырмалуу алты эсеге көбүрөөк ооруканага жатууга муктаж болорун айткан. Ошондой эле аларда оору оор өткөндүктөн каза болуу коркунучуу 12 эсе көбүрөөк экенин белгилейт.

Окумуштуулар COVID жукканда эмнеге адам жыт сезбей каларын аныкташты

Медиктердин маалыматы боюнча, кант диабети коронавирустан улам абалы оорлошуп кеткен факторлордун экинчи сабында турат. Биринчи орунда жүрөк-кан тамыр оорулары.

Калифорния университетинин профессору Пракаш Дидванья диабети барлардын иммунитети төмөн болорун, андыктан маал-маалы менен канындагы канттын деңгээлин текшерип, дарыгер менен байланышты үзбөй турууну эскертти. Мындай адамдар көп кыймылда болуп, уйку режимин сакташы керектиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0