Сууда жаткан коопсуз бет кап. Архив

Желим каражаттар табиятты ого бетер кирдетти. БУУ башка нерсе сунуштоодо

95
(жаңыланган 13:02 28.07.2020)
COVID-19 жайылганга чейин эле дүйнөдө желим таштандылар көйгөйү курч турган. Пандемиядан соң абал андан да начарлап кеткен.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы учурунда коргонуучу каражаттарды массалык түрдө пайдалануу айлана-чөйрөнү ого бетер кирдетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) докладында айтылат.

"Адамдардын коопсуздугун камсыздоого жана ооруну токтотууга багытталган күнүмдүк азык-түлүккө болгон суроо-талаптын күтүүсүз көбөйүшү кырдаалды ого бетер курчутту", — деп белгилейт ЮНКТАД уюмунун эл аралык соода департаментинин директору Памела Коук-Гамильтон.

Документте COVID-19 жайылганга чейин эле дүйнөдө желим таштандылар көйгөйү курч турганы белгиленет.

"Көчөлөр, пляждар жана океандар желим бет кап, кол кап, дизинфекциялык каражаттардын идиштери жана азык-түлүктүн таңгактары сыяктуу таштандылардан жабыркады", — деп айтылат докладда.

Grand View Research консалтингдик компаниясынын эсеби боюнча, бир эле бет кап соодасы дүйнөлүк сатыкта 2019-жылы 800 миллион доллар болсо, учурда 166 миллиард долларга чейин өскөн.

Эми бет каптардын кооптуулугу жарала баштады. Экологдор коңгуроо кагууда

Докладда ошондой эле карантиндик чектөөлөрдө желим каражаттар менен таңгакталган азык-түлүктөрдү үйгө жеткирүү талабы жогорулаганы белгиленет. ЮНКТАДдын эсеби боюнча, эпидемия тушунда чыккан желим каражаттардын 75 пайызы таштанды аркылуу деңизге түшөт. БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасына ылайык, мындай таштандылардын балык уулоого, туризм жана деңиз транспортуна тийгизген терс таасири жылына 40 миллиард долларга жетет.

Адистер бардык мамлекеттерди желим каражаттардан баш тартып, аны алмаштыруучу айнек, керамика, табигый жиптерди, кагаз, күрүч кыртыштарын, табигый каучук жана жаныбарлардын белокторун пайдаланууга чакырат.

Экологияга өтө чоң коркунуч жараткан 5 кроссовер тизмектелди

Коук-Гамильтондун айтымында, желим каражаттарын алмаштыруу өндүрүшү жаңы жумушчу орундарды түзөт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн экологиялык сооданы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

95
Белгилер:
БУУ, пандемия, бет кап, таштанды, экология
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1066)
Тема боюнча
Жарым жыл болду. COVID боюнча абалга баа берүү үчүн ДССУ жыйынга чогулат
Казакстанда карантиндик чаралар 3-августтан тарта жумшара баштайт
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен барды. Кимдер коштоп жүрөт

48
(жаңыланган 23:52 28.09.2020)
Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Венгрияга расмий визит менен барган президент Сооронбай Жээнбековду Венгриянын вице-премьер-министри Михай Варга тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Жээнбеков Венгрияга барат. Эки өлкөнүн соода-сатык алакасы кандай

“Жээнбеков жана Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат. Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат”, - деп айтылган маалыматта.

Кыргызстан делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков президент Янош Адер жана Улуттук жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугат.

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

48
Белгилер:
расмий сапар, Сооронбай Жээнбеков, Венгрия, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди
 Тоолуу Карабах Республикасындагы аскер кызматкери

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

34
(жаңыланган 23:12 28.09.2020)
ЖККУдан азыркы түзүлгөн кырдаал 1994-жылдагы күч колдонбоо боюнча милдеттенме алган өз ара макулдашууну ишке ашырбай жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Тоолуу Карабахтын айланасындагы кырдаал боюнча түйшөлүүсүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

ЖККУдан азыркы түзүлгөн кырдаал 1994-жылдагы күч колдонбоо боюнча милдеттенме алган өз ара макулдашууну ишке ашырбай жаткандыгын айтышты. Ал Тоолуу Карабах боюнча чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салууну шарттаган документ эле.

"Ок чыгарбай, тынч турган мурдагы абалга ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары алып барган сүйлөшүү жолу менен токтоосуз кайра кайтып келүү зарыл. Тоолуу Карабахтагы чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүгө болот", — деп билдиришкен аталган уюмдан.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук келишими, ТИМ жетекчилеринин кеңеши өздөрүнүн жасаган билдирүүлөрүндө бир нече ирет тараптарды чатакты токтотуп, тынчтык жолу менен кепке келүүгө чакырды. Башкы катчы абалды курчутуп жиберүүнү максат кылган чагымчыл кадамдардан сырт болууну эске салды.

Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения кечээ өз аймагында аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылган.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

34
Белгилер:
согуш, чатак, билдирүү, ЖККУ, Тоолуу Карабах, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты
Баку менен Ереван Карабахтагы кагылышууда жүздөгөн аскер каза болгонун билдирди