Арыктап, ич ооруганы күчөп... Боор рагынын алгачкы симптомдору айтылды

© Фото / Pixabay / derneuemannИчин кармап турган адам. Архив
Ичин кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис адамдын боору шишик оорусуна кабылганда дене табы түшпөй, ичи ооруганы күчөп, теринин өңү өзгөрө тургандыгын айтты. 

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Оң жактагы кабырганын ооруксунушу, табиттин жоголушу жана адам арыктап, терисинин саргайып кетиши боордун рак оорусуна жаңыдан кабылганынан кабар берет. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Дина Сакаевага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Ошондой эле боордун шишик оорусунда дене табы көтөрүлүп (37,5 градустан жогору), көп убакытка чейин алсыратат. 

Онкологиялык ооруларды шарттачу жаман адаттар тизмектелди

Дарыгер белгилегендей, ичтин уламдан улам күчөп оорушу да көп учурда рактын башка органдарга жайылып баштаганынан кабар берет.

Мындан тышкары, бейтаптарда ацтит — ич көңдөйүндө суюктуктун топтолушу байкалат. Ушундай белги рак оорусунан тышкары цирроздун да өрчүп кеткенин билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0