АКШ коронавируска каршы вакцинанын баасы кандай болорун айтты

© REUTERS / DADO RUVICАКШ долларлары жана анализ жасоого алынган кан үлгүсү. Архив
АКШ долларлары жана анализ жасоого алынган кан үлгүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө президенти Дональд Трамп жылдын аягына чейин коронавируска каршы вакцина даяр болорун жана аны АКШ башка өлкөлөр менен бөлүшө турганын айтып келет.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Америкалык Moderna компаниясы коронавируска каршы вакцинаны 50-60 доллардын тегерегинде болорун божомолдоодо. Бул туралуу Financial Times басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, мындай баа АКШ жана ушул сыяктуу экономикасы өнүккөн, жарандардын кирешеси жогору өлкөлөргө коюлмакчы.

"Анткен менен АКШ өкмөтү 600 миллион даана вакцина алуу боюнча Pfizer жана BioNTech деп аталган фармацевтикалык компаниялар менен келишим түзгөн. Алар ар бир дозаны 19,5 доллардан баалап жатат. Демек Moderna компаниясы дагы вакцинанын баасы боюнча ойлонуп көрүшү керек", — деп жазылат кабарда.

ДССУ коронавируска каршы вакцина элге массалык түрдө качан жетерин айтты

Өлкө президенти Дональд Трамп жылдын аягына чейин коронавируска каршы вакцина даяр болорун жана аны АКШ башка өлкөлөр менен бөлүшө турганын айтып келет.

Эске салсак, учурда Россиянын вакцинасы бардык сыноолордон өтүп, даяр болуп калды. Бирок анын баасы жана кандай негизде берилери тууралуу сөз боло элек.

Акыркы маалыматка караганда, дүйнө жүзү боюнча 16 670 063 киши коронавирус жуктуруп, анын 659 045и каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0