Британия премьери Европада COVID-19дун экинчи толкуну байкала баштаганын айтты

© REUTERS / POOL New Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Архив
 Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жонсон пандемиядан улам киргизилген чектөөлөргө маани берип, аралыкты сактап, колду тез-тезден жууп, коомдук жайларда бет кап тагынуу керектигин эскерткен.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Европанын айрым өлкөлөрүндө коронавирустун экинчи толкунунун белгилери байкала баштады. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Sky News телеканалында айтканын РИА Новости билдирди.

"Өткөндө эмне болгону баарыбыздын эсибизде. Экинчи толкунга Британия даяр болуп, бардык чараларды көрүшүбүз керек", — деди ал.

Жонсон пандемиядан улам киргизилген чектөөлөргө маани берип, аралыкты сактап, колду тез-тезден жууп, коомдук жайларда бет кап тагынуу керектигин эскерткен.

Адистер ири шаарларда коронавирустун экинчи толкуну болбой турганын айтышты

Ал Испаниядан келгендерди эки жумалык карантинге алуу боюнча Британия бийлигинин чечими тууралуу да үн катты. Жонсондун айтымында, бул аргасыздан көрүлгөн чара. Чет жактан кайтып жаткан жарандар эрежелерге баш ийиши керек.

"Тобокелчилик күчөй баштаган мезгилде биз тез жана чечкиндүү иш-аракеттерге барышыбыз шарт", — деди Жонсон.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 16 миллион 660 миңден ашты. Анын ичинен 659 миңден көп адам коронавирустун курмандыгы болду.

Кыргызстан COVID-19дун кийинки толкунуна кантип кам көрүүдө? Бороновдун жообу

Жаңылыктар түрмөгү
0