Каабада мусулмандар

Быйылкы Меккедеги ажылык зыяратка он миңдей эле адам катышууда

(жаңыланган 11:09 30.07.2020)
Зыяратка келгендердин баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун беришкен.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Сауд Аравиясынын Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдиктерге зыярат кылууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу BBC жазды.

Жыл сайын Меккеге ажылык жөрөлгөлөрдү аткарыш үчүн чет мамлекеттерден эки миллиондой мусулман келчү. 2012-жылы зыяратчылар көп катталып, алардын саны 3 миллиондон ашкан. Быйыл 10 миңдей гана адам катышууда. Анын үч миңи падышалыктын жарандары болсо, калган 7 миңи чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер.

Муфтият: Айт намаз аянттарда, мечиттерде окулбайт

Зыяратка келгендердин баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун беришкен.

Быйыл Сауд Аравиясы Мекке менен Медина шаарларына четөлкөлүк зыяратчылардын ажылыкка келишин чектеген. Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 6110 адам бармак.

Белгилей кетсек, ажылыктан жыл сайын 5-6 миллиард доллар киреше түшүп, Сауд Аравия падышалыгынын ички дүң продукциясынын 10 пайызын түзөт.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Сауд Аравиясында 270 миңдей адам коронавирус жугузуп алган. Илдет бул өлкөдө 2700дөн көп адамдын өмүрүн алган. Бул Араб өлкөлөрүндөгү эң жогорку көрсөткүч болууда.

Белгилер:
чектөө, пандемия, Сауд Аравиясы, зыярат, Ажылык
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1374)
Тема боюнча
Эми мечиттерде жума намаз окулбайт. Муфтияттын билдирүүсү

АКШ Афганистандагы талибандарга чечимин кандайча түшүндүрөт. Чоо-жайы видеодо

(жаңыланган 12:26 16.04.2021)
Афганистандын эли Байдендин америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечимине нааразы. АКШ президенти жоокерлердин "үйгө кайтуусуна" мезгил жеткенин айтты.

АКШ 20 жылдан бери талибдер менен эпке келип, өлкөдө тынчтык орнотуу оюн ишке ашыра алган жок. Америкалык жоокерлер качан Афганистандан толук чыгып кетет? Согушкерлерге эмнени түшүндүрүп, кырдаалды кантип жолго салып кете алат. Суроолорго жоопту видеодон көрүңүз.

Белгилер:
армия, чечим, Жо Байден, жоокер, Аскер, согуш, Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
"Азиянын жүрөгүн дарылоо". Кыргызстан Афганистанга эмнеге жардам бериши керек
Уйлөнүү үлпөтү. Архив

Жумушка барбаш үчүн 4 жолу үйлөнүп, 3 ирет ажырашкан. Тайвандагы окуя

(жаңыланган 12:02 16.04.2021)
Жигит нике кыюуда алынчу өргүү акысын атайылап кыянаттык менен колдонуп, алтургай жумуш берүүчүгө айып пул төлөттүрүп алган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Тайванда банк кызматкери каражат төлөнө турган эмгек өргүүнү 32 күнгө узартуу амалын тапканын Oddity Central порталы жазды.

Жергиликтүү мыйзамдар боюнча никеге туруп жаткан жаран сегиз күндүк эмгек өргүү алууга укуктуу. Бирок бул сегиз күн тайвандык жигитке аздык кылып, ал Эмгек кодексинде жазылгандарды амалдуу колдонуп кеткен.

Жигит сүйүктүүсүнө үйлөнүп, бирок эмгек өргүүнүн акыркы күнү аялы менен ажырашкан. Эртеси күнү ал аял менен кайрадан баш кошуп, дагы сегиз күн алган. Ал муну менен токтоп калбай, үч жолу ажырашып, төрт жолу үйлөнгөн. Натыйжада 32 күнгө эмгек өргүү акысын алган.

Бирок банк акыркы өргүү үчүн каражат төлөөдөн баш тарткан. Анда жумушчу Тайбэйдеги шаардык Эмгек бюросуна арыз менен кайрылып, банкты мыйзам бузууга айыптаган. Компаниянын башкармалыгы болсо апелляцияга берип, жумушчу өзү тартип бузгандыгын билдирген.

Эмгек бюросу тергөө иштерин жүргүзүп, чечимди кызматкердин пайдасына чыгарган. Мындан улам жумуш берүүчү "жабырлануучуга" 700 доллар айып пул төлөп берүүгө аргасыз болгон.

Белгилер:
нике, мыйзам, Тайвань
Тема боюнча
Кытайда жигит сүйүктүүсү каза болгондон кийин ага үйлөндү
Колуктуну мурдагы жигити үйлөнүү тоюнда кучактап, элди таң калтырды. Видео
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив

Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу

(жаңыланган 14:21 16.04.2021)
Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.

Эске салсак, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан "Ысык-Көл тамыры" чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге "эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?" деген суроо беришти.

"Башкалар эч жерден таппайт. Анткени ал бир гана жерде өсөт, ал жерди биз курчап алып казып жатабыз", — деди министр.

Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген маалымат жок экенин белгилешти.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, эл, коргошун, уу, Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. ДССУ ааламдагы абал тууралуу
Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео
Министр Бейшеналиев: уу коргошун менен 300дөй кишини дарыладык