АКШнын Вашингтондогу Ак үй имараты. Архив

"Кара схема": ички душманы АКШны соо койбой, Россияны сактап калышы мүмкүн

229
(жаңыланган 11:45 31.07.2020)
Бүгүн АКШнын Демократиялык партиясынын конвентинде (онлайн форматта өтө турган) мурдагы вице-президент Жо Байден Кошмо Штаттардын болочок президентин, тагыраак, президент айымын жеке өзү шайлашы ыктымал.

Бир нече ирет өткөн сурамжылоолор боюнча Байден ушул тапта өз атаандашынан — азыркы америкалык президент Дональд Трамптан эки, төрт, сегиз же ал түгүл он пайызга озуп чыкты. Сурамжылоого катышкан америкалыктардын басымдуу бөлүгү Трамптын ишине канааттанбаганын улам билдирип келет деп жазат РИА Новости.

Ал эми негедир эл алдына интернет жана теле аркылуу да чанда чыккан, көп учурда сөзүнөн адашкан, андан улам көпчүлүк тарабынан анын акыл саламаттыгынан шек саналган 77 жаштагы Байдендин кийинки президент болушу кепилденген сыяктуу.

"Сыяктанат" дегенибиз – Хиллари Клинтондун да президент болушу кепилденген, бирок реалдуулук өз түзөтүүлөрүн бул божомолго киргизбей койбоду. Жо Байден президенттик ант бере турган болсо да, ал убакка чейин 78 жашка чыгып калат. Кабинетти (АКШ президентинин иш бөлмөсү — ред.) ээлей турган эң карыя президент гана болбостон, рекорд койгон 70 жаштагы Дональд Трампты да караандатпай калат. Мурдагы президенттердин өмүр жолун эске алуу менен демократиячыл талапкердин эмгек милдеттенмелерин аткаруу маалында дүйнө алмаштырып кетиши да мүмкүн экенин баары түшүнүп турат. Кокус андай болуп кетсе, "милдетин аткаруучу" гана эмес, АКШнын чыныгы, жүз пайыз президенти болуп Байдендин төрт жылдык мөөнөтүнүн эң аягына чейин вице-президент калат. Байден президенттик тактыга отургандын эртеси эле өтүп кетсе, эл тарабынан шайланбаса да толук мыйзамдуу президент 2025-жылга дейре батыштагы ири өзөктүк державаны башкарат. Байден саналуу күндөр ичинде дал ошол кишинин ысымын атамакчы. Алдын ала белгилүү бир нерсе бар: бул кызматка аял киши келет, Байден бул туурасында тээ көктөмдө эле убада кылган. Кайсы айым келери эң башкы америкалык саясий конвентти утурлай күндемине айланды.

Трамп ноябрга белгиленген президенттик шайлоону жылдырууну сунуштады

Эң кеңири белгилүү талапкерлердин арасында жыл башында Демократиялык партиянын ички ат салышуусунда Байденге өз добуштарын алдырган сенатор Элизабет Уоррен; Мичиган штатынын губернатору Гретхен Уитмер (48 жашка келип калса да "жаш жана таза кан" деп саналат); Ирактагы согуштун ардагери, сенатор Тэмми Дакворт (Иракта эки бутунан ажыраган, тай кытайлар тегинен); конгрессвумен Вэл Демингс (кызыл терилүү жана мурдагы полиция кызматкери); Карен Басс (кара тору жана баңгизатка каршы күрөшчү); Сьюзан Райс (кызыл терилүү жана улуттук коопсуздук боюнча Обаманын мурдагы кеңешчиси); Камала Харристин (жарым-жартылай кызыл терилүү, индиялык жана Калифорниянын мурдагы башкы прокурору) ысымдары аталууда. Баса, демократиячылардын ички жарышында вице-президенттикке булардын соңку экөөнө басым жасалууда.

Boston Globe өңдүү басылмалар Байден вице-президенттикке дал кызыл терилүү айымдардан тандоого тийиш деген тейде ачык эле жазып чыкты. Кара тору вице-президент тандоо менен республикачылардын жана Трамптын расисттик жүзүн көрсөткүсү – азчылыкты куугунтуктоо саясатынын бетин ачуу аракети жасалып, ал эми Байден Обаманын тушунда коомдо мындай болбогонун, анын вазыйпасы өлкөнү бириктирүү болгонун баса белгилегиси келет. Бирок мындай тандем деле элди бириктире албай турганын, ал түгүл Трамптын убагынан да жаман болорун белгилегендер бар.

Коннектикут университетинин профессору Петр Турчин мындан он жыл оболу эле быйыл АКШда саясий туруксуздук башталарын жоромолдогон. Ага негизги факторлордун бири катары коом каймактарынын кайра жаралышын атаган. Бул – бай адамдардын пайызынын жогорулашы. Биз ойлоп келгендей, байлар менен жакырлардын ажырымынын чоңдугу мында анчалык кооптуу болбой калат окшобойбу. 1970-жылы калктын 62 пайызын түзгөн орто класстын болжолдуу үчтөн эки бөлүгү жакырланбастан, дал коом каймактарына айланган. Ал тургай, ашкере байлардын да саны экиден ашык пайызга артты. Он миллиондон ашуун доллар (1995-жылкы наркында) байлыгы бар үй-бүлөлөр 1983 жана 2010-жылдар ортосунда беш эсеге жогорулаган. Азыр андан да көп болушу ыктымал. АКШда ушул тапта "камкаймактар" чындап толтура, миллионерлерден эле дээрлик 19 миллион (бул бүтүндөй Румыния же Казакстандай бар), децимиллионерлер — жарым миллиондой, ал түгүл миллиардерлерден эле 650 чакты киши чыгат.

НАТОну соода менен алмаштырып алды. Россия эмнеге "Чоң жетиликти" каалабай турат

Бул жагымдуу көрүнүш катары сезилгени менен терс жагы да жок эмес. Адамдар байыганда алар табигый түрдө бийликке умтула башташат. Экономикалык күчүн сезет, аны саясий күчкө айландыргысы келет. Шаар жетекчилиги, штат, конгресс, Ак үйдөн орун алууга ашыгышат. Бирок бийликтеги орундардын саны көбөйүп кеткен жок. 450 орундуу конгресс бардык миллионерлерди да батыра албайт. Мындан улам элитанын арасындагы шериктештик жоюлат да, кыл чайнашкан күрөш башталат. Айтмакчы, ага байлар гана катышат деп ойлоого болбойт. Башкалар да жөн калбайт.

Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?

Натыйжада соңку жылдары АКШда калктын санынан да кыйла ашкан юрист, саясат таануучу жана "коомдук илимдер боюнча адистер" ушунчалык тездик менен көбөйдү. Башкача айтканда, теориялык жактан кийин саясий карьераны баштап кете турган бардык адистиктердин ээлери арбыды. Алардын көпчүлүгү саясатта чыйыр гана салып тим болбостон, бул багытта ийгиликке жетери да турулуу иш. Алар кыжырданган, ызалангандар, анан азыркы Американын жалбыртташына да каршы эмес. Анткени бирөөнө каатчылык – башкасына мүмкүнчүлүк. Планетанын эң олуттуу державаларынын бири болгон Американын азыркы жана кийинки тагдыры дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдүн, анын ичинде Россиянын каймактарына да ачык сабак болор. Анткени дүйнөнүн кай мамлекети болбосун, элиталар бири-биринен эч айырмаланбайт эмеспи.

229
Белгилер:
президент, Дональд Трамп, шайлоо, АКШ
Тема боюнча
Трамп ноябрга белгиленген президенттик шайлоону жылдырууну сунуштады
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив

Пандемияда ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине кантип колдоо көрсөтүп жатканы айтылды

39
(жаңыланган 15:48 04.08.2020)
Евразиялык экономикалык биримдигине Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мүчөлүк кылат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн мигранттарынын пандемия учурундагы көйгөйлөрү мыйзамдуу түрдө чечилип, учурда мамлекеттер бири-бирине колдоо көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 2020-жылдагы кезексиз жыйындарында тараптар коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн ыкчам маалымат алмашуу, улуттук саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердигин туруктуу координациялоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык абалын камсыздоо боюнча келишимге кол коюшкан.

"Биримдиктеги мамлекеттердин өкмөттөрүнө жардам көрсөтүү анын ичинде эгер товарлардын тартыштыгы пайда болуп калса, бири-бирине гуманитардык, даректүү коммерциялык ташууларды аткаруу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле азыркы тапта бул иш жолго коюлуп, зарыл товарларды ыкчам ташып келүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктары бар кызматкерлер да аныкталганы кошумчаланды.

Мындан тышкары, пандемия учурунда мигранттардын жумушсуздугу жана мекенине кайтуу маселеси курч болуп келүүдө.

Россиядан Кыргызстанга каттаган учактардын санын көбөйтүү пландалууда

Бул жаатта жардам иретинде өнөктөш мамлекеттер бири-биринин жарандарына колдоо көрсөтөрү айтылды. Мисалы, миграциянын агымы күч Россия башка өлкөнүн жарандарынын өз аймагында мыйзамдуу жүрүшү боюнча убактылуу чаралар киргизилген.

Анын натыйжасында Россиянын ИИМ бөлүмдөрүнө барып, канча убакыт болуу мөөнөтүн каттабай эле 2020-жылдын 15-сентябрына чейин мигранттардын Россияда жүрүүсү автоматтык түрдө узартылды. 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейин Россиянын мыйзамдарын бузган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарын депортация кылуу же административдик түрдө чыгарып жиберүү чечимдери кабыл алынбайт. Ал эми 15-мартка чейин депортациялоо же административдик түрдө чыгарып жиберүү чечимдери кийинкиге калтырылат.

39
Белгилер:
жардам, пандемия, миграция, Евразиялык экономикалык биримдик, Россия, Кыргызстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири
Министр Айдарбеков: Кыргызстан эли эпидемия маалында мыкты сапатын көрсөттү
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив

"Вакциналар жарышы": Батыш башка эмдөөнү тааныгысы жок

90
(жаңыланган 14:36 04.08.2020)
Коронавирус пандемиясы дүйнөлүк экономиканы тизелетип койгон убактан бир ай өтүп-өтпөй, саясий жана медиалык дүйнөдө эл аралык мелдештин жаңы "жанры" пайда болду. Тамаша катары аны вакциналар жарышы деп койсок болор.

Иван Данилов

Коронавирустун жамааттык Батышка келтирген психологиялык травмасын эске алсак, бул жарышта утуп чыгуу батыш коомунун өз сыйын сактап калуу көз карашынан алып караганда саясий гана тургай, саясий жана принципиалдуу маселеге айланып отурат.

Европалык гумандуулуктун мыкты салт-санаасы менен тарбияланган кишиге (заманбап дүйнөдө бул европалык же америкалык эмес, советтик же россиялык билими бар кишини туюндуруп калган), азыркы батыштын "вакцина жасоо жарышы" оопайлыгын түшүнүү өтө кыйын. Бирок заманбап АКШ жана Улуу Британиянын башкы индустриясы, башкача айтканда, саясий жана коммерциялык пиар жагынан түшүндүрүүгө аракет кылууга болот.

Октябрдан баштап россиялыктар жапырт коронавируска эмделе баштайт

Жамааттык Батыштын пиар мейкиндигинде, ошондой эле дал АКШ жана Улуу Британия бир нече олуттуу "коронавирустук травма" алды. Биринчиден, ыраактагы (ошондой эле "терең тоталитардык жана кай бир жерде артта калган") Кытай эпидемияны жеңүүдө , көйгөйдү башкалардан оболу түшүнүп, экономикалык зыянды натыйжалуу чектей алды. Бул багытта АКШ менен Улуу Британия, ошондой эле Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү өздөрүнүн мекенчил жарандарынын да шаабайын сууткандай.

Коронавируска каршы күрөштөгү ийгилиги (өлүм саны аздыгы) жана жапырт тестирлөөнү жөнгө сала алганы менен Россия да жамааттык Батыштын жеке баасын солгундатты. Саламаттык сактоо уюмунун баасынан тышкары баары ачык көрсөтүлүп турса да, батыштагы басылмалар статистика жасалмаланды деген негизсиз айыптоолорго чейин барды. Бирок Нью-Йорктун көчөлөрүндө эпидемиянын курмандыктары муздаткычтарга коюлганы эле медициналык жана мамлекеттик башкаруунун сапатын айырмалоого жетиштүү эмеспи.

Ушундан улам чыгымы жана тобокелдиктерине карабай, кадыр-барк жагынан жамааттык Батыш (ошондой эле айрым дымагы күч батыштык саясатчылар) үчүн вакцина жасоодо биринчи болуу өтө маанилүү маселеге айланып барат. Анткени, мисалы, АКШ үчүн дале "дүйнөдө дале алдыңкы сапта экенин" көрсөтүүсү керек.

Ошону менен бирге эле америкалык маалымат каражаттарында жарыяланган макалалар бир кызык элес калтырат. Алардын кожоюндары мүчө болгон партияларына жана Дональд Трампты жактырып-жактырбаганына жараша вакцина иштеп чыгуу менен алектенген компанияларга же британиялык, немец, ал түгүл индиялык ишкана, университеттерге да күйүп-бышууда. Кыскача муну "бул жарышта биринчилик "туура" өлкөнүн кайсы бир структурасына тийсин, мындан Трамп саясий упай топтой албасын" деген ниеттеги аракет катары сыпаттоого болот.

Тараза ташында адамзат өмүрү. COVID-19га каршы вакцина чыгаруу жарышына чыккандар

Кеңири деңгээлде да ушундай эле жаңжал байкалат, НАТО же G7 боюнча өз өнөктөштөрүнүн аракеттерин координациялоонун ордуна расмий Вашингтон Германиядан келечектүү биотехнологиялык компанияны АКШга которуп алууга аракет кылган. Бул туурасында жазып чыккан айрым немец басылмаларынын маалыматына караганда, ал ишкананын антивирустук кандайдыр бир маанилүү иштелмелери бар экен. Андыктан Россия менен Кытай коронавируска каршы вакцина жасап, жапырт эмдөө алдында турганы жөнүндөгү маалымат батышты солкулдатпай койгон жок. Албетте, америкалык медициналык аткаминерлер чындап эле кесипкөйлүк менен ой жүгүртөрүн болжоого болот, бирок жогоруда айтылгандарды эске алсак, белгилүү бир саясий өңүт бар экенинен да шек жаратпай койбойт.

Ушул күздө медиктерди жапырт эмдөөнү баштоо тууралуу россиялык пландар, ошондой эле Кытайдагы вакциналар боюнча ийгиликтүү сыноолор жөнүндөгү маалыматтарга карата расмий реакция катары The Wall Street Journal басылмасындагы башкы америкалык инфекционисттин көз карашын келтирүүгө болот.

"АКШдагы жугуштуу оорулар боюнча башкы эксперт, доктор Энтони Фаучи конгресс комитетинин COVID-19 боюнча бөлүмүнүн угууларында "Кытай жана Россияда иштелип чыккан вакциналарды АКШ пайдаланбайт го" деп билдирди. "Кытайлар жана орустар бирөөнү эмдөөдөн мурда вакцинаны чындап эле сынап көрүп жатканына ишенгим келет. Сыноодон оболу вакцина таркатууга даяр экени менимче, көйгөйлүү", — дейт ал. Доктор Фаучи АКШ вакцинаны жыл аягына дейре алып каларына үмүттөнөрүн билдирген.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Bloomberg ишкердик маалымат агенттигинин ар кыл өлкөлөрдө чыгарыла турган вакциналардын салыштырмалуу анализине караганда, Фаучи кыязы америкалык Moderna компаниясынын вакцинасына үмүт артып жаткан өңдөнөт. Bloomberg агенттигинин маалымат түрмөгүндө ушул тапта (макала жазылып жаткан чакта) россиялык вакцина тууралуу кабар камтылбаптыр. Бул батыш окурманынын Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес кабыл алышына же "россиялык вакцина жок жерден чыга калды" дегендей пикирге кабылышына түрткү бериши мүмкүн.

"Вакциналар жарышы" кандай өңүттө уланарын азыртан эле боолголоого болот: россиялык же кытайлык вакцинаны дароо кооптуу деп жарыялап, муну жалган кабар жанрында маалыматтар менен бышыктоону да унуткарышпайт.

Мындай пикирлер менен катар эле, бул вакциналар таасир эте баштаган күндө деле батыш аудиториясы алар кытай, иран жана россиялык хакерлер тарабынан уурдалган маалыматтардын жардамы менен жасалды деген тейдеги маалымат менен сугарыла берери турулуу иш. Анан калса, бул үчүн коомдук пикирдин тийиштүү даярдыгы эбак жүргүзүлгөн.

"Вакциналык улутчулдукка" жана эпидемияны ооздуктоо күрөшүн кандайдыр бир эл аралык мелдештин түрүнө айландыруу аракетине Россия менен Кытайды күнөөлөп, аны менен катар бул маанилүү маселеде Пекин же Москвадан көз каранды болуп калбоо үчүн Батышта өз вакцинасын ойлоп табууга далалат жасала бермекчи.

Доллар дүйнөлүк валюта катары макамын жоготобу? Пикир

Мындай ыкманын көйгөйү – бул "көзөмөлдөнгөн чегинүүнүн" ар бир баскычында батыш медиалык машинасы өз аудиториясынын улам жаңы сегменттеринин баарынын ишениминен кете берери талашсыз болуп калганында.

Ал эми бул россиялык жана кытайлык дезинформацияга каршы күрөштүн зарылдыгы жана тийиштүү америкалык жана европалык структуралардан бир убактагы аброюн калыптандырууга бюджет бөлүп берүү талаптары боюнча кезектеги конференциялар менен аяктайт. Бирок аудиториянын ишеними тез өчөт, кайра калыптаныш ыргагы жай болот эмеспи. Батышта элдин ишеними ансыз да бүлбүл гана жанып турган, коронавирус коомдук ишениминен таюу процессин ого бетер тездетип койду.

Батыш медиа майданындагылар кайда, эмне болбосун айыптап жатып калган Россия, Кытай жана башкалар бул көйгөйгө эч кандай тиешеси жок. Анан да батыштагылар бул "вакциналык улутчулдуктан" өздөрүнүн айынан болду-болбоду жалгыз жабыркашы ыктымал.

90
Белгилер:
таасирлүү, сыноо, дары-дармек, вакцина, коронавирус, АКШ, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Новосибирск: окумуштуулар коронавирусту нейтралдаштырган антитело тапты
Дарыгерлер. Архив

Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү

0
(жаңыланган 17:30 04.08.2020)
Күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүчү медицина кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо курстары үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Эске салсак, күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатышат. Мында башка адистиктеги дарыгерлер коронавирусту жана пневмонияны дарылоону үйрөнүшөт. Өзгөчө азыр Кыргызстанга  инфекционист, кардиолог, терапевт, лаборант жана эпидемиологдор талап кылынууда.

"Мейли ал стоматолог же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр турсун. Алгачкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдорго ылайык дарылоого онлайн-режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү", — деди өкмөт башчы.

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга чейин 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү.

0
Белгилер:
медицина, окуу, дарыгерлер, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан COVID-19дун кийинки толкунуна кантип кам көрүүдө? Бороновдун жообу