Коопсуз бет каптар жана антисептиктер. Архив

Индияда арактын ордуна антисептик ичип алган 13 киши каза болду

259
(жаңыланган 20:27 01.08.2020)
Пракасам аймагында коронавирус жуктурган 60 учур катталгандыктан, 10 күн мурда арак саткан жергиликтүү эки дүкөн жабылган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Индияда Андхра-Прадеш штатында арактын ордуна дезинфекциялоочу антисептикти ичип алган 13 адам каза болду. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Билдирмеге ылайык, Пракасам аймагында коронавирус жуктурган 60 учур катталгандыктан, 10 күн мурда арак саткан жергиликтүү эки дүкөн жабылган.

Окумуштуулар кол алышып учурашуудан биротоло баш тартууга чакырып жатат

Мындан улам тургундар спирт ичимдигинин ордуна дарыканалардан антисептик сатып алып ичишкен.

Полиция каза болгондордун баары жакыр жашаган үй-бүлөдөн экенин тактаган. Аймактын администррациясы кабарлагандай, антисептиктин тышы экспертизага жөнөтүлөт.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгону да айтылды.

259
Белгилер:
дарыкана, дүкөн, өлүм, антисептик, арак, Индия
Тема боюнча
COVID жуктургандар 17 миллиондон ашты. Кыргызстан канчанчы орунда

Кемшейип, коркуп, чакчайып... Коронавирустан эмделгендердин реакциясы сүрөттө

96
(жаңыланган 18:31 04.03.2021)
Ар кыл өлкөнүн фотографтары коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жаткан адамдардын кебете-кешпирин, эмоциясын тартып алышкан.

Бул адамдар сүрөткө түшүп жатканын билген да эмес. Фотографтар алардын чыныгы эмоциясын түшүрүп калууга жетишкен. Бирөөлөргө дары биринчи жолу сайылып жатса, кээ бирлери экинчи ирет эмделип жатат. Вакцина алып жаткандардын реакциясын, ошол учурдагы жүзүн Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүүгө болот.

 

96
  • © REUTERS / Anushree Fadnavis

    Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда

  • © AP Photo / Eraldo Peres

    90 жаштагы Жюстина Батистка Кытайдын Sinovac вакцинасы менен эмделүүдө. Бразилия

  • © AP Photo / Wilfredo Lee

    Медицина кызматкери Пэм Питер экинчи ирет вакцинациядан өтүүгө даярданып жатат. АКШ, Флорида штаты

  • © Sputnik / Ilya Naymushin

    Сибирь федералдык университетинин кызматкерине "Спутник V" препараты сайылууда

  • © AFP 2021 / Pool / Kirsty O'Connor

    Лондондогу карылар үйүнүн 100 жаштагы жашоочусу Oxford/AstraZeneca менен эмделүүдө

  • © AFP 2021 / Philip Fong

    Вакцинация боюнча окутуудан бир кадр. Япониянын Кавасаки шаарында медайым ийне сайганды үйрөнүп жатат

  • © REUTERS / Florion Goga

    Албаниянын Фиери шаарында карылар үйүнүн тургуну Pfizer/BioNTech препаратын сайдырууда

  • © AFP 2021 / Christophe Archambault

    Парижде коронавируска каршы эмделип жаткан эркек киши

  • © AFP 2021 / Phill Magakoe

    Johnson & Johnson дармеги сайылып жаткан медицина кызматкери. Түштүк Африка, Клерксдорп

  • © REUTERS / Carla Carniel

    Бразилиянын Сан-Паулу шаарында улгайып калган аял Sinovac препаратынын экинчи компонентин алууда

  • © REUTERS / Ivan Alvarado

    Карылар үйүнүн тургуну эмделип жатат. Чили

  • © REUTERS / Ajeng Dinar Ulfiana

    Sinovac вакцинасынын экинчи компоненти менен эмделип жаткан индонезиялык кишинин реакциясы

  • © REUTERS / Mohammad Ismail

    Афганистандын Кабул шаарында AstraZeneca препаратын алып жаткан оорукананын кызматкери

  • © AFP 2021 / Marco Bertorello

    Италиянын Турин шаарындагы Амедео ди Савойя ооруканасында вакцинациядан өтүп жаткан бөлүм башчы Жованни Ди Перри

  • © Sputnik / Pavel Lisitsyn

    Свердлов облусундагы Староуткинск айылынын тургуну "Спутник V" менен эмделип жатат

  • © REUTERS / Zohra Bensemra

    Сенегалдын саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр вакцинациядан кийин

  • © AP Photo / Pool / Graeme Robertson

    Pfizer/BioNTech менен эмделген 98 жаштагы Генри Воукстун реакциясы. Улуу Британия

  • © Sputnik / Magda Gibelli

    Венесуэланын Каракас шаарындагы ооруканаларынын биринде "Спутник V" менен эмдөө учуру

Белгилер:
вакцина, эмдөө, келбет, эмоция, коронавирус, сүрөт
Тема боюнча
Австрияда Pfizer жана BioNTech вакцинасын алган соң 41 адам каза тапты
Учак. Архив

Премьер Сауд Аравиянын элчисине түз авиакаттам ачууну сунуштады

40
(жаңыланган 18:04 04.03.2021)
Жолугушууда Кыргызстанда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелери талкууланган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жуманы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.

  • Премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жуманы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды
    Премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жуманы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Кыргызстанда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу маселелерин талкуулашты
    Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Кыргызстанда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу маселелерин талкуулашты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Өкмөт башчы Сауд Аравия менен түз авиакаттам ачуу маселесин карап көрүүнү сунуштады
    Өкмөт башчы Сауд Аравия менен түз авиакаттам ачуу маселесин карап көрүүнү сунуштады
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жуманы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Кыргызстанда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Өкмөт башчы Сауд Аравия менен түз авиакаттам ачуу маселесин карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле ата мекендик продукцияларды экспорттоо жана инвестиция тартуу максатында Сауд Аравияда көргөзмө-жарманкелерди уюштуруу ортого салынды.

Өз кезегинде элчи бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду активдештирүүгө даяр экенин белгиледи.

40
Белгилер:
Улукбек Марипов, Кыргызстан, каттам, элчи, Сауд Аравиясы
Тема боюнча
Оорукана, мектеп курууну айтты. Казакбаев Сауд Аравиянын элчиси менен жолукту
Марипов Кытай элчиси менен авиакаттам, вакцина, жүк ташуу тууралуу сүйлөштү
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

0
5-мартка караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, карга айланат. Күндүн табы борбордо +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градус болот.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Марттан тарта шаардагы көчө шыпырган "тазалыкчылардын" айлыгы көтөрүлмөй болду