Трамп өткөн жылы кантип канча киреше тапканын ММКлар айтып чыкты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүПразднование Дня независимости США в Вашингтоне
Празднование Дня независимости США в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ өкмөтүнүн алдындагы этика боюнча башкармалык 78 беттен турган документти коомчулукка жарыялады. Анда АКШ президентинин мүлкү, кирешелери көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. АКШ өкмөтүнүн алдындагы этика боюнча башкармалык президент Дональд Трамптын 2019-жылдагы кирешеси тууралуу маалыматтарды жарыялады. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезитине таянып, "Известия" жазды.

78 беттен турган финансылык отчетко ылайык, АКШ президенти Флорида штатындагы Мар-а-Лаго курортунан өткөн жылы 21,4 миллион доллар киреше тапкан. Вашингтон шаарындагы мейманкана Трампка 40,5 миллион доллар пайда алып келген. Trump National Doral Miami курортунан түшкөн киреше 77,2 миллион долларды түзөт. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 1,3 миллион долларга көп.

Нью-Жерси штатынын Бедминстер шаарындагы Трампка тиешелүү гольф-клубдун кирешеси да 15,7 миллиондон 17,7 миллион долларга өскөн.

"Кара схема": ички душманы АКШны соо койбой, Россияны сактап калышы мүмкүн

Басылманын эсеби боюнча, Трамптын 2019-жылдагы жалпы кирешеси 446 миллион долларга жеткен. 

Маалыматтар коронавирус пандемиясына байланыштуу мөөнөтү жылдырылып, коомчулукка кечирээк жарыяланган.

2016-жылдагы президенттик шайлоо убагында жана ага чейин да Трамп мүлкү 10 миллиард доллардан ашарын белгилеген. Адистер анын активдеринин жалпы наркы бир кыйла аз көрсөтүлүүдө деп күмөн санап келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0