COVID азайдыбы? Борбор Азия жана дүйнөдөгү абал

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVАлмата шаарында коронавируска текшерүүчү пункт
Алмата шаарында коронавируска текшерүүчү пункт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алгандар жана каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Улуу Британияда ооруга чалдыккандардын саны аз болгону менен адам өлүмү боюнча үчүнчү сапка чыкты.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандар жана каза болгондордун саны азайганы байкалууда. Мындан улам Борбор Азия жана дүйнөдөгү абалга көз чаптырып көрүүнү чечтик.

Кыргызстанда акыркы суткада пневмонияны эске алганда COVID-19 жугузган 420 жаңы учур катталганын коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады. Эпидемия башталгандан бери 36 719 киши бул дартка чалдыккан.

Сутка ичинде пневмонияны кошкондо коронавирустан 12 киши каза болду. Бир сутка мурда Саламаттык сактоо министрлиги 19 адам өлүмү катталганын айткан. Бул динамика төмөндөп жатканынан кабар берет. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1 409 киши көз жумду.

COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады

Казакстанда

Кошуна өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан шаарында коронавируска чалдыгып Тез жардам чакыргандардын саны сутка ичинде он эсе, тагыраагы, 3 миңден 1000ге чейин азайган. Анын ичинде коронавирус боюнча чакыруулардын азайышы 10 эсени, пневмония боюнча беш эсени түзгөн. Дегеним Казакстанда 1-августтан тарта коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы эки башка чыгарууда. Мурдараак пневмонияга кабылгандардын саны 234 миң деп айтылган.

Сутка ичинде 1 226 кишиден коронавирус чыкса, 5 181 киши пневмония менен ооруп катталган. 36 киши каза болуп, пневмония 30 адамдын өмүрүн алган.

Салыштырып алганда 3-июлда өлкөдө 1 414 киши коронавируска кабылганы аныкталган. Анын ичинен 787синде оорунун симптомдору байкалса, 627 киши илдетти симптомсуз алып жүрүүчү болуп чыккан. Мында оорунун азаюу динамикасы байкалат.

Жалпысынан өлкөдө 87 664 COVID-19 учуру катталып, 57 815 киши илдеттен сакайган. Ал эми 793 киши жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Өзбекстан

Өзбекстанда акыркы суткада 560 учур катталган. Бир сутка мурда 506 болгон. Бул жерде өсүү динамика бар. Жалпысынан 24 569 жаран ооруну жуктуруп, 14 916 бейтап сакайган. 9 508 сыркоо дарыланып жатса, 145 адам каза болгон.

Тыным албай көзөмөлдөгүлө. ДССУ эксперттери пандемия дагы көпкө созуларын айтты

Тажикстан

Тажикстанда акыркы суткада 42 кишиден коронавирус аныкталган. Жалпы чалдыккандардын саны 7 451ге жеткен. Адам өлүмү катталган эмес. Бул көрсөткүч 27-июлдан бери уланып келет. Тажикстанда жалпысынан 60 адам илдеттен каза болгон. 6 233 сыркоо сакайган, бул ооругандардын жалпы санынын 83,6 пайызын түзөт. Бир сутка мурда 44 бейтап жуктурганы айтылган, июль айына карата маалымат боюнча, сутка ичинде жугузгандардын саны 72ден ашкан эмес. Соңку аптада бул көрсөткүч 38-45тин тегерегинде туруктуу сакталууда.

Дүйнөдөгү абал

Жон Хопкинс университетинин изилдөөлөрүнө ылайык, коронавирус илдети көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында 4 миллион 620,5 миң киши ооруп калган АКШ турат. Экинчи орунда турган Бразилияда 2 миллион 708 миң киши жуктурган. Адам өлүмү боюнча да бул эки мамлекет алдыда. АКШда коронавирустан 154 миң 449 бейтап каза болгон. Бразилияда бул илдет 93 миң 563 адамдын өмүрүн алган.

Оору жуктургандардын саны боюнча Индия үчүнчү орунга чыккан. Илдетке чалдыккандар 1 миллион 751 миңге жеткен. Андан кийинки сапта 843 миң 890 учур катталган Россия турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0