Медициналык кызматкерлер дезинфекциялоо учурунда. Архив

Качан токтойт? Дүйнөдө COVID жуктургандар 18 миллиондон ашты

352
(жаңыланган 10:50 03.08.2020)
Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 10.00дө дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 18 017 556 киши болду. Мунун ичинен 688 369 бейтап ооруну жеңе алган жок.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бүгүн дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 18 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Бишкек убактысы боюнча саат 10.00гө карата дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 18 017 556 киши болду. Мунун ичинен 688 369 бейтап ооруну жеңе алган жок.

COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдына эч кимди сала элек. Азыр ал өлкөдө 4 667 930 киши ооруп, 154 миңден ашыгы каза болду.

Андан кийинки орундарда Бразилия (2 733 677) жана Индия (1 750 723) турат.

Профессор Сарыбаев: кардиомагнил менен тромбо АССты профилактика үчүн ичүү зыян

Белгилей кетсек, май айынын аягы, июнь айынын башында вирус жугузгандардын саны орто эсеп менен 10 күндүн ичинде 1 миллионго жетип жатса, учурда бул көрсөткүч алты күнгө кыскарып, төрт гана күндү түзүп калды. Мисалы, 16-июнь күнү ооругандар жалпысынан 16 миллион болсо, 30-июль күнү 17 миллондон ашкан. Бүгүн, туура төрт күндөн кийин, 18 миллионго жетип отурат.

COVID азайдыбы? Борбор Азия жана дүйнөдөгү абал

Мындан төрт күн мурда 188 өлкө жана аймакты камтыган тизмеде 52-сапта турган Кыргызстан бүгүн 53-сапка түштү. 2-августтагы маалымат боюнча, 36 719 киши бул дартка чалдыккан. Өкүнүчтүүсү, ондогон жана 100 миллиондон ашык калкы бар Австралия, Малайзия, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерди артта калтырды.

352
Белгилер:
Кыргызстан, пандемия, коронавирус, Дүйнө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1060)
Тема боюнча
ДССУ кайталап киргизилген карантиндик чектөөлөрдү сынга алды

БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү... Тынчтыкты сактоо үчүн эмнесин калтыруу зарыл?

16
БУУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери уюмду жаңылоодо. Башкы ассамблеянын мааракелик отурумунда реформалоо боюнча бир нече сунуш түштү.

Быйыл Бириккен Улуттар Уюмуна 75 жыл толду. Ага мүчө-өлкөлөр бир катар жерлерин өзгөртүүнү чечишти. Дүйнө башкача боло баштады, түзүм өзгөрдү. Эмне болгон күндө да, өзгөрүү баары бир жакшы жакка алып бара турган ыңгайлуу учур. Маселен, Владимир Путин вето укугун сактоону сунуштады. Дүйнөдө туруктуулукту сактоо эмне үчүн маанилүү деген суроого төмөнкү видеодон жооп алууга болот.

16
Белгилер:
Владимир Путин, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Россия
Тема боюнча
Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек
АКШ президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

68
(жаңыланган 17:16 24.09.2020)
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясы бир топ ойго салат. Аралыктан өтүп жаткан бул иш-чарага дүйнөлүк лидерлер бул ирет аталган уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында трибунадан эмес, видеоформат боюнча катышууда.

Ушул тапта планетанын үч таасирдүү адамынын докладдары бүйүр кызытып турат. Бул боюнча Ирина Алкснистин ой толгоосу РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Дональд Трамптын сөзү шайлоо алдындагы иш-чаралардын бири болуп калды. Өзүнүн тышкы саясатынын эң негизги – антикытайлык багытка басым жасоо менен гана чектелбестен, Бириккен Улуттар Уюмун теңсинбей-тоготпогон мамилесин дагы бир ирет баса белгиледи.

Трамп Ак үйдө, мамлекеттик туу жана Кошмо  Штаттардын президентинин желегинин фонунда кадимки басма сөз жагдайында, кеби БУУга же эл аралык аудиторияга деле даректелбегендей сүйлөдү.

Батыштын тарыхты бурмалоо аракети ишке ашып келе жатат

Америкалык лидер өз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюмунун эң ири каржылык булагы болуп саналат, демек, ал Вашингтонго баш ийип, анын буйруктарын аткарууга милдеттүү экенин мурдатан айтып келген. Ага чейинки президенттер деле ушундай ойдо болгону шексиз. Болгону муну Трамп биринчилерден болуп ачык билдирип, ал түгүл "кулак салбаса", жазалай турганын айтып опузалаган. Ошондуктан анын бул жолку сөзүн ал шайлоо кампаниясы кызып тургандагы маселелерди чечип алуу үчүн пайдалануу мындай ыкманын алкагына сыйдырды.

Россиялык маалымат каражаттары америкалык президент кебинде бул ирет РФ боюнча таптакыр оозанбаганын белгилешти. Ал эми Кытайды кеминде эле 12 жолу атады (АКШны он гана ирет сөзүнө кошконун да кыстара кетпесек болбос).

Дал ушул бүйүр кызыткан, чырлуу Кытайга каршы маанай Трамптын БУУ жыйынындагы сөзүнүн маңызы болуп калды. Пекинди коронавирусту жайылтканы үчүн жазалоого үндөгөнү, илдетти "кытай вирусу" деп атаганы эле эмнеге татыйт десеңиз.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Америкалык докладдын конфронтациялык мүнөзү БУУнун калыптанып калган салттарына жана жазылбаган мыйзамдарына каршы келери белгиленди. Бирок Пекин мындай демаршты күткөндөй. Америкалык президенттин жамандоосунан соң дароо кытай өкүлүнүн катуу жообу угулду.

Си Цзиньпиндин сөзү учурдун эң курч көйгөйлөрүнө (биринчи кезекте, албетте, COVID-19 менен күрөшкө) арналды.

Болгон айырмасы – Кытай Эл Республикасынын лидери Улуу Кытай чебинин жана кытай табиятынын каардуу кооздуктары чагылдырылган фондо туруп сүйлөдү. Бул Си Цзиньпин аркасында кандай гана тышкы коркунуч болбосун, туруштук берүүгө даяр эбегейсиз эзелки өлкө турарын туюндурат.

Америкалык жана кытайлык кесиптештеринин сөздөрүнөн кескин айырмалана россиялык президент аталган уюмдун салтынан тайбады. Владимир Путин БУУнун жыйыны экенин белгилеген фондун алдында, чагыбыздын фундаменталдык көйгөйлөрүнүн кеңири спектрине токтолду.

НАТОну соода менен алмаштырып алды. Россия эмнеге "Чоң жетиликти" каалабай турат

Ал түгүл эл аралык иш-чараларга катышуудагы россиялык лидердин өзгөчөлүгү да сакталды, телесуфлерду пайдаланбастан, кагаздан окуду.

Путин планетадагы стратегиялык туруктуулукту колдоодогу БУУнун ролу, тарыхты бурмалоого жол бербөө, куралданууну көзөмөлдөөнү сактоонун зарылдыгы, анан, албетте, коронавирус эпидемиясына каршы күрөштөгү жамааттык эл аралык аракеттердин маанилүүлүгү жана пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттери жөнүндө сүйлөдү. Бул маңызы боюнча да, формасы жагынан да дүйнөнүн кезектеги башаламан доорго көчүп баратканын четтен карап турбастан, анын эң кооптуу натыйжасына жол бербөө үчүн колунан келгендин баарын жасаган өлкөнүн мамлекеттик ишмердин кеби эле.

Путин 75 жылдан берки эл аралык кызматташтык, диалог жана өз ара түшүнүү тутуму үчүн өткөн жолу оор кун төлөнгөнүн дагы бир ирет эске салды. Ага эң башкы үлүшүн кошкон Россия планета ар качан таяна алган нормалдуулук жана жүйөлүү маанинин аралчасы бойдон акырына дейре кала бермекчи.

68
Белгилер:
адам, БУУ, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан качан чыгарын так айтты
"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы
Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

0
(жаңыланган 23:26 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

0
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти