Рошаль коронавирус пандемиясын "биологиялык согуштун даярдыгы" деп сыпаттады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүБалдар хирургу, медицина илимдеринин доктору, Балдар хирургиясы жана травматология илим-изилдөө институтунун президенти Леонид Рошаль. Архив
Балдар хирургу, медицина илимдеринин доктору, Балдар хирургиясы жана травматология илим-изилдөө институтунун президенти Леонид Рошаль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 биологиялык согушка даярдык болду. Пандемия медицина системасынын даярдыгын, анын ичинде өлкөлөрдүн биологиялык коркунучтардан коргонуусун сыноодон өткөрдү.

БИШКЕК, 3-август. — Sputnik. COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан абал биологиялык согушка карата даярдык катары туюлат. Мындай пикирди балдар хирургу, медицина илимдеринин доктору, Балдар хирургиясы жана травматология илим-изилдөө институтунун президенти Леонид Рошаль Forbes басылмасына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.

Ал белгилегендей, бардык эле өлкөлөр бул инфекция менен күрөшүүгө даяр эмес экендиги көрүндү. Профессор Россияда коронавирустун жайылышына каршы аракеттенүүгө президент баш болуп баары катышканын белгилейт.

Окумуштуулар: коронавирустун иммундук реакциясы организмди алсыратат

Деген менен чек араны билбеген вирустун, эпидемиянын масштабын билүү кыйын. Айрым учурда элдин жүрүм-туруму да көйгөйдү жаратат. Россияга коронавирус дарыгерлер чет өлкөгө чыгуудан карманбагандыктан улам келгенин Рошаль белгилейт.

"Мен бул абалга талдоо жүргүзүп, аны биологиялык согушка даярдык деп түшүнөм. Мен бул вирусту адам баласы ойлоп тапты дегенден алысмын. Мындай бүтүм жасоого жетиштүү негиз жок, анын үстүнө мен вирусолог эмесмин. Бирок бул медицина системасынын даярдыгын, анын ичинде өлкөнүн биологиялык коркунучтардан коргонуусун текшерүү болду", - дейт Рошаль.

Ал СССРдин тушунда биокоргонуу жогорку деңгээлде болгонун, Кытайдын системасы ушундай эле модель менен курулганын айтат.

"Биз болсо бул системанын жоготуп алдык. Учурда ал тесттен өтүп жатат", - деп белгилейт ал.

Пандемияда Россияда жалпысынан коронавируска кабылган 850 миңдей учур катталган, 14 128 адам каза болуп, 650 миңден ашык бейтап сакайган.

Илдетке чалдыккандардын үчтөн бири – 242 миң адам Москва шаарына туура келет. Анын ичинен 181 миң жаран ооруну жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0